Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.
Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку атышууда тажик тарап оор аскердик техника эле эмес, жергиликтүү тургундарды да пайдаланып, жайкын тургундарды "тирүү" калкан катары колдонуп жатканын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда бери дегенде 18 кыргыз жараны жараат алды.
Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.
Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда түшкө жуук тажик тарап чек арада ракеталык комплекстерди жана тик учактар менен чопкутталган аскердик оор техникаларды колдонуп жатканын кабарлап, чек арада оор кагылышуу болуп жатканын билдирди.
"Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чек араны бузуп кирүүсүнө жол бербөө үчүн жерден жана абадан урулган бардык соккуларга каршы чаралар колдонулуп жатат", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аскер күчтөрүн айыптап, куралдын бардык түрү жана аскердик техникалар менен тажик тараптын калктуу конуштарын аткылап жатканын кабарлаганын "Ховар" маалымат агенттиги жазды.
Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кескин курчуган кырдаал тууралуу сөз болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймакта ок атышууну чукул токтотуп, маселелерди тынч жол менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүсү зарылдыгын айтышты.