Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу башталды.
УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Чек ара кызматы тараптар кайсы жерде жолукканын тактаган жок.
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну макулдашканы менен тажик аны аткарбай жатканын кабарлаган.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат",-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Жогорку Кеңеш 16-сентябрда саат 12.00до кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдайга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулат. Бул маалыматты "Азаттыкка" парламенттин басма сөз катчысы Эркин Каимов "Азаттыкка" ырастады. Бирок Дастан Бекешев өңдүү айрым депутаттар бул жыйын азыркыдай кырдаалда зарыл эместигин, пайдасы тийбесин айтып жатат.
"Азырынча чогулуунун зарылчылыгы жок. Биз эмне кыла алабыз? Тескерисинче жолтоо болушубуз мүмкүн. Тиешелүү түзүмдөр бар, алар бул маселени чечүүгө аракет кылып жатат",-деди Бекешев.
Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирди. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну, жолугушуу өткөрүүнү сүйлөшкөнүн кабарлады.