"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандагы Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү айрым саясий качкындар менен байланышып, алар "кара тизмеден" чыкканын, эми мекенине коркпой, чочулабай эле кайтып келе берсе болоорун оозеки айтып жатканын жазды.
Мурунку президент, маркум Ислам Каримовду жана анын режимин сындаган, анын каарына калган ондогон адам ушул тушта башка өлкөлөрдө баш калкалап жүрөт жана алар эми мекенине кайтып барса, болооруна ишенбей турушат.
"Азаттыктын" өзбек кызматы ушул тушта Батыш өлкөлөрүндө саясий качкын болуп жүргөн бир катар адамдар менен байланышты. Алардын баары Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнөн "кара тизмеден" чыкканы боюнча кат-кабар алганын бышыктады. Атын атабоону өтүнгөн саясий качкындардын бири ага жооптуу кызматта иштеген өзбек дипломаты телефон чалганын айтып берди:
- Ал мага "жолду ачып койдук, камырабай эле мекенге келе берсең болот" деп айтты. Дипломат мага Өзбекстандан алтүгүл жакшы кызмат да сунушташы мүмкүндүгүн кыйытты.
Өзбекстандагы белгилүү журналист, котормочу, парламенттин мурдагы депутаты Жахангир Маматов (Жахангир Мухаммад) 1990-жылдардын орто ченинен бери АКШда жашайт.
Ал мурдагы президент Ислам Каримовду сындап чыккандан кийин 1993 жана 1999-жылы ага каршы "өлкө башчысынын каралады" деген доо менен кылмыш иштер козголгон жана эл аралык издөө жарыяланган.
Маматовдун "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришинче, 18-августта Самарканддагы бир канча жылдан бери атайын кызматтын тыкыр көзөмөлүндө турган туугандарына Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү келип, анын толук акталганын айтып кеткен:
- Туура эки ай мурун Жогорку Сотко, ИИМге жана Өзбекстандын президентинин администрациясына мени актоону өтүнүп кайрылгам. Мурунку бийлик негизcиз эле мага эки жолу кылмыш ишин козгогон. Мен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин туугандарымдын баары жакшы эле запкы жеди. Ошондуктан мен жаңы бийликтен өзүнчө топ түзүп, менин ишимди кайра карап чыгышын өтүнгөм. 18-августта менин эжелериме бир адам келиптир. Тилекке каршы, эжелерим ал адамдын аты-жөнүн сурабай калыптыр. Ошол адам эжелериме өзүн Самарканддагы атайын кызматтын өкүлү деп тааныштырып, "иниңиз толук акталды, эми Өзбекстанга биротоло келе берсе болот, мен текшердим, аны "кара тизмеден" чыгарышыптыр", - деп айтыптыр. Бирок ал адам эжелериме менин толук акталганымды бышыктаган эч бир документ көрсөтпөптүр.
Маматов мындай "жагымдуу кабарга" анчейин ишенбей турганын кошумчалады.
Батыш өлкөлөрүнүн биринде баш калкалап жүргөн өзбек журналисттеринин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына бир канча күн мурун коопсуздук кызматтын өкүлүнөн электрондук кат алганын айтып берди:
- Атайын кызматтын бул кызматкери буга чейин мага кат жазганда ороңдоп, атүгүл түбүңө жетем, жоготом деп коркутуп жүрчү. Эми болсо "Өзбекстанга кайтып келиңиз, мен сизге өзүм жардам берем", - деп жазып жатат. Мен бул анын өзүнүн эле каалоосубу же жетекчисинин көрсөтмөсүбү, айтор билбей турам.
Ушул тушта Түркияда жашап жаткан жана мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовду сындап китеп жазганы үчүн куугунтукталган өзбекстандык жазуучу Нурулла Мухаммад Рауфхан 8-августта Фейсбуктагы баракчасына анын Өзбекстандагы туугандары өзүнүн "кара тизмеден" чыкканын кабарлашканын жазды:
- Азыр эле мага Өзбекстандан туугандарым чалды. Аларды райондук акимиятка чакырып, менин "кара тизмеден" чыкканымды билдиришиптир. Андан сырткары жергиликтүү бийликтегилер туугандарыма Өзбекстандан чыгып кеткен диссиденттердин баары кайтып келсе болорун айтышыптыр. Алар учакка билет алууга көмөктөшөбүз деп да убада кылышыптыр. Кааласа эле баары болот экен го! Бүгүнкү президент өзүнө чейинкинин катасын оңдоп жатат! Менимче ал "кара тизме" деген ат менен таанымал катачылыкты жоюуга чындап киришкен окшойт.
Катталбаган "Эрк" оппозициялык партиясынын баш катчысы, ушул тушта Ташкенде жашап жаткан Атаназар Ариповдун (өзбекче Отаназар Орипов) пикиринде, атайын кызматтын аймактардагы өкүлдөрү жетекчилери көрсөтмө бербесе диссиденттерди эч чакыртмак эмес.
Ал анткен менен президент Шавкат Мирзиёев саясий реформа жүргүзүүгө даярдыгын бышыктаган бир дагы кадам жасай электигине токтолду:
- Мен азыр "Эрк" партиясынын негиздөөчүсү жана төрагасы (бозгунда жүргөн) Мухаммад Салихти Өзбекстандын Жогорку Соту актаган чечим чыгарып, ал коомчулукка жарыялангандан кийин гана оппозиционерлерди, диссиденттерди куугунтуктоо токтогонуна ишенем. Эгер мындай болбосо, анда атайын кызматтардын убадаларынын баарын курулай сөз деп эсептесе болот.
Шавкат Мирзиёев саясий качкындардын тагдыры тууралуу ушуга чейин үн ката элек. Бирок ал бийликке келгенден бери өлкөнүн Жогорку Соту мурунку бийликтин тушунда камалган, кылмыш иш козголгон айрым жогорку бийликте иштеп кеткен адамдарды актаган чечимдерди чыгарды.