Башкармалар мамлекет башчыны ыр-бий, концерт, оюн-зоок менен салтанатуу тосуп алууга кары-жашына карабай баарын тартышат. Сынчылар мындай иш-чаралар артында элдин көйгөйү угулбай калганын айтып келишет.
Тажикстандын Куляб районунда ушу тапта президентти тосуп алууга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик бул ирет Рахмонду кабыл алуу өзгөчө болорун көптөн бери айтып келген.
Куляб шаардык админстрациясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Сарахон Абдукаххоровдун айтымында, бул салатанатка даярдыктар бир ай мурун эле башталган.
- Рашт районунда президентти аябай жакшы деңгээлде тосуп алышты. Биз алардан кем калбай, учурашууну татыктуу уюштурууга аракеттенебиз, - дейт Абдукаххоров.
Ал үчүн күнүгө миңден ашуун студенттер менен мектеп окуучулары сабагынан калып, борбордук стадиондо репетицияда жүрүшөт. Алар мамлекет башчынын чоң портретин жаратышмакчы. Жергиликтүү аэропортто болсо Рахмонду улуттук кийим кийген жүз чакты кыз-келиндер салттуу аспап – дойра чертип, бийлеп тосуп алышат.
Президент жакында аша чапкан мындай коноктоолорду өзү сындап, жарыштын бул түрү бир аз басаңдап калган эле. Азыр болсо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мамлекет башчыны салтанаттуу тосуп алуу атаандаштыгы кайра жандангандай.
Адатта өлкө аймактарын кыдырганда президенттин мектеп, оорукана, чакан же чоң ишканаларды ачуу аземдерине катышып, тасмаларды салтанаттуу кескенин көрсө болот.
Жергиликтүү талдоочулар бир нече жыл мурун эле мамлекет башчынын иш сапарлары мындан жупуну өтчү, ал карапайым элдин арыз-муңун угууга барчу дешет. Азыр болсо экономикалык каатчылык, жумушсуздук, миграция проблемалары күчөп турганы менен сын сөздөр гүл, килемдер, кол чабуулардын артында көрүнбөй калып калат.
Айниддин Рахимов мындан эки жылдай мурун райондордун биринде жергиликтүү бийлик кеңсесинде иштечү. Ал аткаминерлер президентти тосуп алууга абдан көңүл бурушарын айтты. Аткаминерлер башка райондордо кандай сый-урмат көргөзүлгөнүн, иш-чаралар кандай уюштурулганын бир сыйра көрүп чыгып, андан кийин өз ара талкуулашат дейт ал:
- Президентти кайсы жерде эмне көбүрөөк кубандырганына өзгөчө маани беришет. Ошого таянып, сөз сүйлөгөндөр Рахмондун көңүлүн жубатуу үчүн эмне деп айтышы керектигин чечишет.
Саясат таануучу Парвиз Мулложанов болсо президентти тосуп алууга эбегейсиз каражат сарпталарын белгилейт:
- Мындай ашыкча жагалдануунун арты терс кесепеттерге алып келип жатат. Президент жер-жерлерди кыдырганда карапайым элдин проблемалары, кырдаалды анализдөө, реалдуу ой жүгүртүү көңүл чордонунда болууга тийиш. Мунун бардыгы болсо ашып-ташыган салтанаттарга чөгүп кетүүдө.
Айтмакчы, жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинен массалык маданий иш-чараларга өзүнчө акча бөлүнөт. Бирок мамлекет башчыны тосуп алуу ошол каражаттын эсебинен уюштурулабы же жокпу белгисиз. Эмне дегенде адатта жергиликтүү аткаминерлер президентти коноктоого кеткен каражаттын чыныгы өлчөмүн жашырышат.
Тажик президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров азыр элдин маданияты өзгөргөнүн, алар түйшөлткөн маселелерди түздөн-түз мамлекет башчы эмес, анын жергиликтүү өкүлдөрү менен көбүрөөк талкуулашаарын айтат. Экинчи жагынан президенттин мындай сапарлары калайыкты активдештирүүгө салым кошот, жана өздөрүнө гана пайда алып келет, - деп кошумчалайт Сафаров:
- Мага аймактардын биринде жергиликтүү жашоочулардын айрымдары акыркы 20 жылда тамдарынын аркасын акташпаганын айтып беришкен. Бирок Рахмон келердин алдында акташыптыр. Президенттин сапары аларга ушундай жакшы түрткү берди. Иш-чаралардын бир даарына көп акча жумшалбайт.
Айтмакчы, Кулябдан кийин Рахмон эмки май айына чейин өлкөнү көп кыдырбайт деп күтүлүүдө. Демек, жергиликтүү башкармалыктарда президентти тосуп алуунун жаңы ыкмаларын ойлоп табууга жетиштүү убакыт болот экен.
Макала "Азаттыктын" тажик кызматынын материалынын негизиде даярдалды.