"Известия" басылмасы Казакстан Орусияга ижарага берген “Байкоңур” космодромундагы жердин бир бөлүгүн кайтарып аларын жазат. Москва 672 миң гектар жерди 2050-жылга чейин ижарага алып, жылына 115 миллион доллар төлөп келген. Эми Казакстан 12 миң гектар жерди кайтарып алып жатканына карабастан, Кремль ижара акысын толугу менен төлөп берип турмакчы. Астана болсо кайтарылган жерди жергиликтүү ишкерлерге берет. Ал жакта өзүнчө инфраструктура курулуп, жумуш орундары түзүлмөкчү. Мындай чечим келерки жылы Астанада өтчү дүйнөлүк көргөзмөгө даярдыктарга байланыштуу кабыл алынган. «Астана ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнө арбын конок келиши күтүлүп, ага даярдыктар үчүн Казакстандын бюджетинен 283 миллион евро бөлүнгөн. Дүйнөлүк көргөзмө учурунда “Байкоңур” космодромуна атайын турлар уюштурулмакчы.
"Аргументы и факты" басылмасы Тажикстанда орусча аталыштагы акыркы шаар эми башкача болорун жазып чыкты. Дүйшөмбү биринчи советтик атомдук бомба жасалган, СССРдин атом өндүрүшүнүн борбору болгон Тажикстандагы Чкаловск шаарын эми тажикче Бустон деп өзгөрттү. Тажик бийлиги 1990-жылдардан кийин эле “улуттук баалуулуктарды пропагандалоого” бел байлап, Тажикстандагы жер-суулардын орусча же түркий аталыштарын өзгөртө баштаганы белгилүү. Макалада президент Эмомали Рахмон 2007-жылы төрөлгөн балдардын фамилияларына “-ов” же “–ова” деген мүчөлөрдү кошпой каттоону буйруганы айтылат. Андан тышкары, 2009-жылы тажик тилин өлкөдөгү негизи тил деп атап, бардык мыйзамдарды жана мамлекеттик иш кагаздарын тажик тилинде жүргүзүүгө өткөргөнү белгиленет. Совет мезгилинде Тажикстанда жашаган 400 миңге жакын орус калкынан азыр 35 миңдей эле калганы макалада айтылып, Чкаловск деген аталышты Тажикстандын картасынан алып салуу Рахмондун улутчул саясатындагы соңку чекит катары белгиленет.
"Регнум" маалымат агенттиги Өзбекстанда мамлекеттик бюджетке зыян келтирген бийлик төбөлдөрү 12 жылга чейин эркинен ажыратыла турганын кабарлайт. Мурун мындай мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн мамлекеттик кызматкерлер айып пул төлөп, эки жылдан беш жылга чейин камакка алынчу. Эми өкмөткө залака тийгизген чечим чыгарган кызматкерлер менен бирге расмий документтерди бекиткен тараптар дагы жоопко тартылмакчы. Жазадан качууну каалаган мамлекеттик кызматкерлер материалдык залаканын ордун үч эселеп жабууга мажбур болушат.
РИА Новости Кытайдан чыккан Казакстан менен Түркмөнстан аркылуу Иранга жетчү темир жол ишке киргенин кабарлайт. Биринчи жиберилген жүк ташуучу поезд 10 күндүн ичинде Кытайдан Иранга жеткен. Макалада айтылгандай, деңиз аркылуу бир айда араң жеткен жүктү эми узундугу 10 миң чакырым жаңы темир жол менен 10-15 күндө жеткирүүгө болот. Кытай - Казакстан –Түркмөнстан – Иран темир жолун куруу боюнча стратегиялык чечимди өлкө президенттери эки жыл мурун кабыл алган.