ИМ тобуна кошулган тажик жарандары
Регнум агентиги “Ислам мамлекети” террордук тобундагы тажик жарандары тууралуу баяндайт. Терроризмге каршы күрөшкөн эл аралык борбордун изилдөөсү боюнча экстремисттик топто тажикстандык согушкерлер басымдуу. Алар азыр саны эмес, сапаты боюнча айырмаланып жатканы белгиленет.
“Ислам мамлекети” террордук тобунда тажик бирикмеси эки жыл мурда түзүлүп, Тажикстандын атайын багыттагы милиция бөлүмүн башкарган Гулмурод Халимов экстремисттердин катарына кошулуп кеткенден кийин тажик бирикмеси күчтөнгөнү кошумчаланат.
Андан тышкары Тажикстандын Ички иштер министрлиги былтыр тыюу салынган радикал топторго 41 жаран кошулганын, ал эми терроризм менен экстремизм боюнча айыпталган 151 жаран өлкөгө кайтарылганын маалымдаган. Алардын ичинен 75 жаран Жакынкы Чыгыштагы аскердик кагылышуулардан өз ниети менен кайткан.
Ташкент эми Европа базарын көздөп турат
"Независимая газета" "Ташкент Европа базарына чыгуунун жолун издөөдө" деп жазды. Макалада өзбек өкмөтү Азербайжан, Грузия жана Түркия бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Өзбекстандын товарларын Европа базарына алып чыгууну көздөп жатканы айтылат. Жаратылыш газын, пахта, уран, түстүү металл, цемент жана жашылча-жемиштерин сунуштаган Ташкент Грузия менен Түркиянын деңиз порттору аркылуу Европага чыкчу транспорттук коридорлорго кызыгып турганы белгиленет.
Өзбекстандык экономист Бахтиер Эргашев азыр Ташкент Өзбекстандан Түркмөнстандагы Түркмөнбашы портуна, андан Баку-Тбилиси -Карс темир жолу менен Грузия аркылуу Түркиянын Мерсин портуна чейин маршрутту макулдашып жатканын кошумчалаган. Басылма "Түркия-Грузия – Азербайжан -Түркмөнстан - Өзбекстан транспорттук байланышы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса гана ийгиликтүү болот" деп белгилейт. Жыйырма жылдан бери ишке ашпаган бул транспорттук коридорго убагында Москва каршы чыкканы айтылат.
Ал эми "Известия" гезити Москва өзбек газына кызыкдар деп жазды. Макалада Орусиянын “Газпром” ишканасы быйыл Өзбекстандан 5 миллиард кубметр газ сатып алууну пландаштырып жатканы айтылат. Эки өлкөнүн мунайзат тармагындагы кызматташуусу жөнүндө сөз козголуп, орусиялык “Лукойл” ишканасы 5 миллиард доллар каражаты менен Өзбекстандагы ири инвестор экени белгиленет.
Басылма былтыр Өзбекстан Орусияга Омск-Павлодар-Шымкент-Зафарабад мунай түтүктөрү аркылуу мунайды экспорттоого жардам сураганын баяндайт. Ортодо Казакстан “КазмунайГаз” ишканасы техникалык жардам көрсөтүүгө макулдук берген. Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүмү былтыр 2,7 миллиард долларды түзгөнүн, Өзбекстанда орусиялык капитал менен 960 ишкана иштеп жатканы жана Орусиянын өлкөгө инвестициясы 7 миллиард долларды түзөрүн басылма белгилейт. Былтыр Өзбекстандын айыл чарба продукциясын Орусиянын базарынаэкспорттоо эки эсе көбөйгөнү кошумчаланат. Быйыл өзбек өкмөтү орус базарына 1 миллион тонна жашылча-жемиш чыгарууну пландаган.
Түркмөн-беларус достугу
EurAsia Daily Беларус президенти Александр Лукашенко Түркмөнстанда ишкана ачканын жазды. Түркмөн-беларус президенттери Ашхабадда жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлган. Андан тышкары Лебап облусунда калий жер семирткичтерин чыгарчу Гарлык комбинаты ишке кирип жатканы айтылат. Комбинатты Беларустун “Белгорхимпром” ишканасы менен Түркмөнстандын мамлекеттик “Түркменхимия” ишканасы 2010-жылы кура баштаган. Баасы 1 миллиард долларга бааланган бул комбинат жылына 1,4 миллион тонна жер семирткич өндүрмөкчү. Өндүрүлгөн продукция Түркмөнстандын эле муктаждыгын жойбостон, аны башка өлкөлөргө дагы экспортко кетмекчи.