"Казакстан электр станциясын курууга Британиядан үч миллиард доллар инвестиция тартып келди" деп жазат Газета.ру басылмасы. Бул каражатка баш калаа Астанага чейин созулган Бейнеу – Бозой – Чымкентти аралаган жаңы “Сары-Арка” деп аталган газ магистралы курулат. Курулуш иштери бир гана казак ишканаларына берилери айтылууда. Инвестицияны дүйнөдөгү алдыңкы жылуулук жана энергооператору деп эсептелген британиялык International Power Corporation ишканасы бөлгөн.
Казакстан түз инвестиция тартуу ыргагы боюнча Орусиядан озду деп баса белгилейт басылма. Жыл башынан бери Орусия былтыркы жылга салыштырмалуу 50 пайызга чейин тышкы каражаттан айрылса, тескерисинче Казакстанга келген тышкы инвестициянын көлөмү 289 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларды түзгөн.
ЕБ Тажикстанга акча бөлдү
Европа биримдиги Тажикстанга 2,4 миллион евро бөлгөнүн Регнум басылмасы кабарлады. Бөлүнгөн акча “Дегмай” жана “Табошар” деп аталган мурунку уран кендерин рекультивациялоого жумшалмакчы. Тажик адистери немис жана британиялык кесиптештери менен өлкөдө уран иштетүүдөн калган радиоактивдүү аймактарды изилдеп, тиешелүү нормативдик-укуктук базага анализ жасоону пландаштырган. 1945-1993-жылдары Тажикстанда Чкаловск, Табошар жана Адрасман шаарларында уран өндүрүлүп, кийин 10го жакын калдыктар сакталган жерлерде 55 миллион тонна радиоактивдүү таштанды калганы макалада маалымдалган.
Ташкент: 150дөн ашуун адам камалды
Ошол эле Регнум интернет басылмасы Ташкент акыркы эки жума ичинде 150дөн ашуун жаранды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешеси бар, деген шек менен камакка алганын кабарлайт. Өзбекстанда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери башка иштеринен убактылуу бошотулуп, экстремисттик топторго тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырып, атайын рейддерге чыгууда. Камакка алынгандар арасында Орусия менен Түркиядан кайтып келген эмгек мигранттары бар экени басылмада кабарланган.
Орусия: мигранттардын манжа тагы
Эми Орусияга кирген чет элдик жарандар манжасынын тагын тапшырууга мажбур болушарын "Известия" гезити жазды. Ал үчүн кийинки жылдан тарта Орусиянын 400дөн ашуун өткөрмө пунктарында дактилоскопиялык техникалар орнотулат. Федералдык миграциялык кызматтын билдиришинче, мындай текшерүүлөр башка бирөөнүн аты-жөнүн колдонуп, Орусияга кирген жарандарды чек арадан эле аныктоого мүмкүндүк берет. Акыркы эки жылда Санкт-Петербург менен Москвадагы аэропорттордо эксперимент катары чет элдик мигранттардын колунун тактары алынды. Адистер дактилоскопиялык маалыматтар чет элдик жарандардын өздүгүн аныктоо иштерин жеңилдетерин белгилесе, ошол эле маалда айрымдары чек ара пункттарындагы коррупцияны күчөтөт деген пикирде.