Өздөрүн "дербиш" деп аташкан өзбекстандык суфийлерге "Түркиядагы диний уюмга байланышы бар" деген айып коюлду. "Азаттыктын" өзбек кызматынын атайын булагы кармалгандар 40 жаштын тегерегиндеги жарандар экенин билдирген.
- Булар түркиялык уюм менен байланышып, кыйладан бери жашыруун чогулуп жүрүшкөн. Быйыл гана коопсуздук күчтөрүнүн назарына илинген. Уюмдун лидерлери сот залынан камакка алынды. Буларга апелляциялык арыз жазууга укук берилди. Бирок алардын бири да арыз жазган жок. Ошондуктан өкүм күчүнө кирип, төрт жыл жаза өтөө абагына которулушту.
Бул арада соттолгондордун жакындары «Азаттыктын» өзбек кызматына байланышып, нааразылыктарын билдиришти.
- Булардын бир эле айыбы напси тарбиясы менен алектенип, жашырынып зикир чалышканы. Адамдар араң күн көрүп аткан учурда ак жеринен айыпка жыгылган бечаралар соттордун үстүнөн кимге арызданат? Балдарын жетим калтырып, үй-бүлөлөрүнө ушунча зыян келтиргендер убалдан коркушпайбы?
Дербиштер өз уюмун “Жашыруун жамаат" деп аташканы менен өздөрү ачык эле жүрүшөт. Бирок ачык дааватка чыгып, элди өзүнө бурууга аракет кылышпайт.Камалидин Жолдош
Ферганалык укук таануучу Абдусалам Эргешов дербиштердин соттолушунун артында башка агым өкүлдөрү турушу мүмкүн деген ойдо.
- Башка агымдардан өзгөчөлөнүп турган дербиштикти ага атаандашкан агымдардын өкүлдөрү атайлап жасагандай көрүнөт. Суфизмди четтен келген жат агым деп маалымат беришкен. Бирок дербиштик Борбор Азияда мурдатан эле бар болчу да. Негизи суфизм Фергана өрөөнүндө кеңири жайылган. Булар кечкисин бирөөнүн үйүнө топтолуп, зикир чалышат. Буга чейин дербиштик үчүн камалган мисалды уккан эмесмин.
Суфизм Түркияда да кеңири жайылган. Бирок ал жакта бул уюмдун дербиштери эч кимден жашырынбай эле ачык жүрүшөт.
Диндердин тарыхын изилдөөчү, Түркияда иштеген журналист Камалидин Жолдош суфизм менен саясий максаты жок карапайым адамдар алек болушарын айтты.
- Дербиштер өз уюмун “Жашыруун жамаат" деп аташканы менен өздөрү ачык эле жүрүшөт. Бирок ачык дааватка чыгып, элди өзүнө бурууга аракет кылышпайт. Болгону Куранды, аяттарды окуп, арбактар менен байланышып, ырдап-бийлеп, бакырып-өкүрүп алуу менен чектелишет. Андан сырткары дербиштердин арасында саясий күрөштөргө чыга турган интеллектуалдуу адамдар деле жок.
Буга чейин массалык маалымат каражаттарына маек берген бухаралык суфий Эгемберди Өмүрзаков дербиштикке келгенден кийин көңүлү тынчып калганын айткан эле.
- Чын жүрөктөн зикир чалганыңда жеңилдейсиң. Бардык нерсени унутасың. Өзүң тууралуу да ойлобой каласың. Зикир чалуудан адам сергип жеңилдеп калат. Ошондуктан маал-маалы менен зикир чалып туруу керек.
Адистердин айтымында, сопуларды исламдын башка агымдары да, расмий бийликтер да жактырбайт. Анткени исламдагы ири агымдар суфизм өкүлдөрүн адашкан дешет. Бийлик болсо аларды секта деп эсептейт. Союз убагында жоголуп кеткен суфизм азыркы күндө Борбор Азияда кайрадан жанданып, анын тарапташтары көбөйүп баратат.
Маалыматтарга караганда, суфизм бир эле Өзбекстандын өзүндөгү ар башка аймактарында ар түрдүүчө таралган. Маселен, кыйкырып ырдоо, кара терге түшүп бийлөө, ыйлоо бухаралыктарга тиешелүү болсо, анжияндыктар бир үйгө чогулуп, тынч гана теспе тартып, зикир чалышат. Дербиштердин өздөрү мына ушундай жол менен кудайдан кечирим сураса, адам жеңилдеп калат дешет.
Суфизм Борбор Азияга мындан 700 жыл мурун тараган.
Кыргызстанда сопу деген ат менен белгилүү дербиштик совет бийлигинен кийин унутулуп бараткан. (Суфизм, софий - кыргыз тилине сопу деп кирген).