Орустар көбүнчө Казакстан менен Өзбекстандан кетип жатса, 2017-жылдан тартып бул көрүнүш Түркмөнстанда да байкала баштады.
Беш жыл мурда расмий Москва орус тилин алып жүрүүчүлөр үчүн орус паспортун алуунун жолдорун жеңилдеткен эле. Бирок иш жүзүндө бул кыйла татаал жол-жобо экени белгилүү болду.
Людмила Пенькова жети жыл мурда Казакстандан Орусияга көчүп келген. 2016-жылы күйөөсү экөө жарандыкты «Орус тилин алып жүрүүчү» деп аталган жеңилдетилген программа боюнча алмак болушкан. Бул мыйзам боюнча алар жашап туруу укугуна ээ болуп, мурдагы жарандыгынан баш тартууга тийиш эле. Бирок жашап туруу укугун алууга Людмила менен күйөөсүнүн үч жылдан ашык убактысы кетти. Андан кийин алар Казакстандын жарандыгынан баш тарткан арызды жазып, жыйынтыгын күтүшү керек эле. Бирок бул канча убакытты талап кылары белгисиз. Людмила «Программада каралган мөөнөткө үлгүрбөй каламбы?» деп чочулап турган чагы.
«Биз – оруспуз, менталитетибиз орус, орус тилдүүбүз. Бизди күттүрбөй эле жарандык берип, Казакстандын жарандыгынан чыгарып салуу оор болбойт деп эсептейм, мында маселе болбошу керек эле. Жашап туруу укугу – бул өтө татаал, узакка созулган, эмоционалдык жактан оор процесс экен. Көпчүлүк адамдардын сабыры түгөнүп, орто жолдон баш тартып коюп жатышат», - деп айтып берди ал.
«Орус тилин алып жүрүүчү» программасы боюнча орус жарандыгын алыш үчүн тилди мыкты билип же тийиштүү фамилиясы болгону жетишсиз. Жарандык алгысы келген адамдын ата-бабасынын бирөө качандыр бир кездери азыркы Орусиянын аймагында жашаган болушу керек.
Бирок бул миграциялык программанын негизги көйгөйлөрүнүн бири – мөөнөттөрү өтө чукул. Жашап туруу укугун алган күндөн тартып белгиленген эки жылдын ичинде көпчүлүк адамдар жарандыкка документтерин тууралаштырууга үлгүрө албай калышат. Ал эми колунда мурдагы жарандыктан баш тартканы тууралуу документтери болбой туруп, ал адамдар орус паспортун алууга арыз бере алышпайт.
Мындай оор кырдаалда Екатерина Петрова да калды. Ал үчүн Өзбекстандын жарандыгынан чыгуу чоң кыйынчылыктар менен коштолду. Зарыл болгон документтерди өзбек тарап 1,5 жылдан үч жылга чейин даярдайт. Себеби жарандыктан чыгуу тууралуу арызга президент өзү кол коюшу керек.
«Өзбекстандын жарандары элчиликтен зарыл болгон маалымкатты алдырта алышты. Ал катта «жарандыктан чыгуу тууралуу тастыктама арыз берүүчүгө көз каранды болбогон себептер боюнча берилбеши мүмкүн» деген сөз бар. Бул маалымкат менен мурдагы жарандыктан чыккан учурду күтпөй эле орус жарандыгына документтерди тапшыра берсе болот. Бирок ушул маалымкатты да жарандыктан чыгууга документ тапшырган күндөн тартып бир жыл күтүш керек», - дейт Екатерина.
Ошентип, «Орус тилин алып жүрүүчү» программасынын катышуучулары Орусияда жашап туруу укугунан да куру калып, өзүнүн мурдагы жарандыгынан да ажырап калуу коркунучуна туш болушат. Мындай абалда калган адамдар чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга белгисиз мөөнөткө түшүп калган учурлар да болгон.
«Ушундан улам эгерде адам документтерин тууралаштырганга жетишпей калса, анда жашап турууга укугу жокко чыгарылат жана натыйжада ал жарандыгы жок адам болуп калат», - деп тастыктады укук коргоочу Марина Павлова.
Ара жолдо калып, укук коргоочуларга кайрылган адамдар өтө көп. Бирок укук коргоочулар мындай адамдардын айрымдарынын гана маселесин чечип бере алышат.
Адистер жарандыктан баш тартып, орус паспортун алууну көздөгөндөр документтерди өз убагында тапшырып, Орусия Федерациясынын мыйзамдары менен толук таанышып чыгып, ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга даяр болушу керек деп эсептешет.