Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Орусиядагы 1980-жылкы Олимпиаданын "кас душманы" бар беле?




2014-жылкы Сочидеги Кышкы Олимпиадага Түркмөнстандан спортчулар катышкан жок.

Мындан улам түркмөн калкы 1980-жылкы Москва Олимпиадасын эскеришти. Ошол жылы Батыштын бир катар мамлекеттери талаш-тартыштуу саясий кадамга барып, “кансыз согуш” доорунун илеби менен бул олимпиадага бойкот жарыялашкан.

1980-жылы Москва Олимпиадасына советтик Түркмөнстандан да эч бир спортчу катышкан эмес.

Ошондо Түркмөнстанда таркаган азил жоромол:

- Дүйнөдөгү империалисттик жана капиталисттик мамлекеттер Москва Олимпиадасына баруудан баш тартышты. Алардын арасында капиталисттик Түркмөнстан да болду.

Дал ошол анекдот кеңири таркагандан кийин коммунисттик Түркмөнстанда өз алдынча Дене тарбия жана спорт институту ачылган дешет.



* * * * * * *
XS
SM
MD
LG