Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

"Быйыл балдар башкача ооруп жатат". Бишкекте ооруканалар толуп калды


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Кыргызстанда дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, ага чалдыккандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Азыркы тапта Бишкектеги балдар ооруканаларында орун калбай, бейтаптар коридордо жаткырылып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Аида Төлөмүшованын төрт баласынын үчөө бир нече күндөн бери жөтөлүп, мурдунан суу куюла баштады. Ал азыркы тапта балдарын үйдөн эле карап, сасык тумоого каршы дарыларды берип жатат. Төлөмүшованын айтымында, алгач бала бакчага барган баласы ооруп, андан кийин калгандарына жуккан.

“Балдарым мамлекеттик бала бакчага барышат. Андагы балдардын жарымынан көбү ооруп калыптыр. Ата-энелер Ватсаптагы тайпага жазып жатышат. Мен билгенден бир бала эки аптадан бери жакшы боло албай келет. Менин балам да ошол жактан жуктуруп келди. Балдарым бир ай мурун эле ооруган. Эми сакайып калганда кайра башталды”, - деди төрт баланын энеси Аида.

Алия Аскат кызынын 11 жаштагы сиңдиси да катуу ооруп, түндө "Тез жардам чакыра албай койгонун айтат. Мамлекеттик ооруканадан да орун табылбай, акыры жеке менчик клиникага кайрылышты. Бирок ал жакта деле бейтап көп болуп, кезекте бир нече саат тургандан кийин дарыгердин кароосунда болушкан.

“Тез жардам беш-алты саатта келет экен. Мисалы кечинде чакырсаң эртеси келет экен. Акыры жеке менчик ооруканага бардык. Ал жакта адамдар аябай көп болгондуктан ичи ысык, дем алуу оор. Бизге он күнгө дары жазып беришти. Бул аралыкта эшикке чыкпаш керек экен. Сиңдим шалдырап, дене табы көтөрүлүп жатат. Мамлекеттик ооруканаларда такыр орун жок дешти”.

Учурда балдар арасында тез эле өпкөсү кагынып (пневмония), ангина жана башка жугуштуу ооруларга кабылып жаткандар көп экенин, дене табы өтө жогорулап, бир нече күндөп түшпөй жаткан учурлар болуп жатканын ата-энелер билдиришти. Көбү үйдөн дарылоого мүмкүн болбой калганда кооптонуп ооруканаларга кайрылууга аргасыз болушат экен.

Бирок дарыгерлердин бейтапканага жатып дарылануу тууралуу көрсөтмөсү болгону менен орун жоктугунан жаткыра албай кезек күткөн ата-энелер да аябай көп.

"Коридорго болсо да жаткырып атабыз"

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев жыл сайын ушул маалда сасык тумоо күчөй турганын, бирок быйыл балдар башкача ооруп атканын айтат. Ал жетектеген ооруканага соңку бир сутканын ичинде 300 адам кайрылып, анын 129у жаткырылган. Мындан тышкары сегиз адам кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

“Бизге келгендердин көбү жаш балдар. Алар дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү вирустук оорулар менен кайрылышты. Мурдагы жылдагыга караганда оор абалда. Дем алуусу кыйындап, дене табы 39-40ка чейин чыгып кеткендери бар. Ошону менен бирге тарамыштары түйүлүүдө. Биз азыр аларга орун жок деп айта албайбыз. Коридорго болсо дагы жаткырып атабыз. Башкысы дарылашыбыз керек”.

Аалиевдин айтымында, ооруканага Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан келген бейтаптар көп. Буга аймактарда балдар ооруканасынын жоктугу себеп болуп жатканын белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары көбөйүп атканын расмий билдирип, өткөн жумада 9262 учур катталганын кошумчалады. Алардын 70,9% же 6607си 14 жашка чейинки балдар.

Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков мындай деди:

“Бизде чындыгында орун жок. Азыр бир бөлүмдү жаап, анын ордуна 30 койка кошумча ачып атабыз. Ошону менен эптеп чыгыш керек. Андан башка айла жок. Азыр Саламаттык сактоо министрлиги кошумча орундарды даярдап жатат. Ата-энелер балдарын жакшылап карашсын. Бул оорунун алдын алалы... Балдарды караш керек”.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова 10-декабрда Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасына барган. Министрдин Фейсбуктагы баракчасына жүктөлгөн видеодон аталган ооруканада кезекте турган ата-энелер аябай көп экенин көрүүгө болот. Алардын бирөө көзүнө жаш алып, бейтаптарга болгон мамилеге нааразылыгын ачык айткан.

"Балам акырына чейин дарыланган жок. Массаж жазып беришти. Массаж жасаган кабинет сыртта. Жамгырда, кар жааганда тайгалакта ары-бери көтөрүп жүрүп кайра ооруп калды. Балам кан кусуп, кылар айламды таппай турам. Биз азыр ооруканадан чыгып жатабыз. Менден баш тартуу катын жаздырып алышты. Эми менчик оорукананага барам", - деген министрге арызданган айым.

Оорукананы кыдырып чыккан министр дарыгерлерге бейтаптарга байланышкан маселелерди чечүүнү тапшырды:

“Эми силер деле дарыгерлер жетишпей жатканына карабай күнү-түнү иштеп жатасыңар. Өз алдынча эле келген бейтаптар көп экен. Аларды карабай койгонуңар туура эмес болот. Ар бирин кабыл алганга аракет кылгыла. Муктаждык жаралса жаткырыш керек. Силер айткан маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берем”.

Кыргызстан боюнча борборлоштурулган үч гана балдар ооруканасы бар. Аларды экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында жайгашкан.

Бишкекте үч-төрт менчик педиатрия да кызмат көрсөтөт. Бирок кызмат акысы кымбат болгондуктан, көпчүлүктүн аларга барууга чама-чаркы жетпейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева негизи эле ооруканаларда, айрыкча балдар бөлүмдөрүндө орундун тартыштыгы курч көйгөйгө айланганын айтып, аны чечүү аракети көрүлүшү керек деген оюн ортого салды:

“Элдин саны жыл өткөн сайын өсүп жатат. Бишкек шаары, анын айланасында жашагандар болуп көрбөгөндөй өстү. Жаңы конуштар жайнады. Бирок аларды баягы эле эски ооруканалар тейлеп жатат. Дарыгерлер болсо жетишсиз. Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги жалгыз чече албайт. Кыргыз өкмөтү жаңы ооруканаларды курууга каражат бөлүш керек. Болбосо жыл сайын абал курчуй берет. Азыр бул мекемеге берилип аткан акчанын көбү айлык акыга эле кетет”.

Министрликтин эсебинде азыр оорудан улам мектеп, бала бакчага бара албай жаткан балдар 5% түздү. Эгер бул көрсөткүч 20% жетсе, убактылуу карантин киргизилиши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG