Кыргызстандын БУУнун айлана чөйрө боюнча резолюциясын колдобогонунун кесепети кандай болот? Бул суроого Climate Action Network уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору, климаттык саясат боюнча украиналык эксперт Ольга Бойко жооп берди.
- Ольга айым, БУУнун айлана чөйрө боюнча резолюциясы жана анын мамлекеттер үчүн маанисин чечмелей кетесизби?
- Бул документ ар бир адам баласы үчүн өтө маанилүү. Биринчиден, резолюция кабыл алуу - климат өзгөрүп, Жер шарына чындап эле коркунуч келтирип, андан адамдар зыян тартып жатканын билдирет.
Резолюцияга кол койгон өлкөлөрдүн бийлиги мындан ары элин таза аба менен камсыз кылып, айлана чөйрөнү коргоого милдеттенме алат.
Албетте ар бир өлкө мыйзамды өзү кабыл алат деңизчи, БУУнун резолюциясына кол койгон өлкөлөрдүн жарандык активисттери таза абага жана айлана чөйрөгө болгон укукту бийлигинен талап кылууга жол ачылды.
- Кыргызстан бул резолюцияны колдогон жок, мунун кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн?
- 161 өлкө "макул" деп добуш берди, сегиз өлкө добуш берүүдөн карманды. Анын катарында Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан бар. Бул күтүүсүз окуя болду, себеби Кыргызстанда экологиялык багытта иш алып барган жарандык активисттер, уюмдар арбын.
Былтыр улуттук деңгээлдеги климатка байланыштуу максаттарды кабыл алууда кеңешмелер, адистердин бир топ жыйындары болгонунан кабардарбыз.
Кыргызстандын климаттык саясаты жаман эмес эле. Бирок, азыркы резолюцияны Орусия, Беларус сыяктуу өлкөлөр менен бир катарга туруп, колдобой койду.
Орусия менен Беларуста экологиялык активизмди алсыз деп айтууга болбойт. Бирок саясий режим бул жаатта иш алып барууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Ал эми Кыргызстандын туура жолдо келе жатып, шарт бурулуп кеткени, өзүнө эч кандай пайда алып келбейт.
- БУУнун климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптациялык фонду бар эмеспи, ага өнүккөн өлкөлөр миллиарддаган доллар салып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоого берет. Резолюцияны колдобогон Кыргызстан үчүн каржылык колдоодон куржалак калуу тобокелдиги барбы?
- Ооба, Кыргызстан мурдагыдай эле адаптациялык фонддон климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу долбоорлор менен кайрылып, каражат алса болот.
Париж келишимин ишке ашырууда өлкө климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусуна каражат алып турушу пландалган эле нерсе болчу. Бул резолюцияны колдобой койгону үчүн Кыргызстанга эшиктер таптакыр жабылбайт деп үмүт кылам.
Фонддун каражатынан Кыргызстан азырынча колдоно алат. Бирок, баса белгилей кетчү нерсе климаттык ишмердик бир эле план менен чектелип, бир эле институттун каржылоосу менен ишке ашпаган, көп тармактуу экенин эске салгым келет. Аябай көп процесс жана институттар менен иштесе болот.
Эл аралык бир топ түзүмдөр бар. Резолюциядан баш тартуу менен Кыргызстан "таза айлана чөйрөгө карата адам укугу" катары кабылдаган чоң бир институттан баш тартты, демек кыргызстандыктар үчүн таза айлана чөйрө адам укугуна жатпайт дегенди туюнтуп жатат. Иш жүзүндө абал андай эмес. Кыргызстандын мындан аркы климаттык ишмердиги бул резолюциядан баш тартуу менен токтоп калбайт деп ишенгибиз келет.
- Мындай шартта жарандык коомчулук, активисттер мамлекеттен эмнени талап кыла алат?
- Биринчиден, өзүнүн бар экенин туюнтуп, ушул сыяктуу жаңылыктарды кылдат карап туруш керек. Мындай кадамдардын туура эмес экенин улам жазып, социалдык медиа аркылуу элге таратуу зарыл. Акыркы мезгилде эл аралык деңгээлде Кыргызстан тууралуу көп жаңылыктар чыгып жатат, жакында мөңгү көчтү, сел жүрдү. Мунун баары өлкөдө климаттын өзгөрүүсү чындыгында маанилүү экенин далилдеп жатпайбы.
Эл мындай өзгөрүүлөрдүн түпкү себеби эмне экенин билип, мамлекеттин ишмердигин көзөмөлгө алып, өз укугун талап кыла алат. Албетте добуш берүүгө түздөн түз таасир этпесе да, эмнени каалап жатканын жарандык коом, катардагы атуулдар айтып, билдирип турганы жакшы. Эл аралык деңгээлде кайсы бир өлкөнүн өкүлү катары мамлекет артка кылчайып, өз элинин талаптарына сереп салып, жарандык коомду угууга тийиш.