Эл аралык спорт чебери, Европа кубогунун жана Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Ахмед Анарбаев 75 жашында дүйнөдөн кайтты. Ахмед Анарбаевге былтыр остеосаркома деген диагноз коюлуп, акыркы жылы бир канча операцияны баштап кечирген эле.
Ахмед Анарбаев Кыргызстандын спорт тарыхында суучулдардан биринчи болуп 1968-жылы Мехикодо өткөн олимпиада оюндарына катышкан жана Ысык-Көлдү биринчи болуп сүзүп өткөн.
Спорт журналисти Канай Аламанов Ахмед Анарбаевдин кыргыз сууда сүзүү спортунун өнүгүшүнө салымы чоң экенин белгилейт.
"Ахмед Анарбаевди кыргыз сууда сүзүү спортунун, СССРдин сууда сүзүү спортунун легендасы деп айтсак болот. Анын спортко келиши менен ошол кезде кыргыз спорту кыйла көтөрүлгөн. 1967-жылы ал СССРдин профсоюздар спартакиадасында чемпион болуп, СССРдин сууда сүзүү боюнча курама командасынын машыктыруучуларынын назарына түшкөн. 1968-жылы СССРдин курама командасына кирип, олимпиадага катышкан".
Ахмед Анарбаев 1948-жылы Кара-Балта шаарында туулган. 13 жашынан баштап сууда сүзүү менен машыккан. Ал 100-200 метрлик эстафеталык, 200 метр аралыктарга сүзүү боюнча мелдештерге катышкан.
Анарбаев 1968-жылы өткөн олимпиададан кийин бир канча эл аралык мелдештерде байма-бай жеңишке жетип турган. Спорт журналисти Канай Аламановдун Анарбаевдин олимпиададан ийгилик жарата албай калганына ошол кездеги бут тосуулар себеп болгонун айтат.
"1968-жылы Олимпиада оюндары ноябрь айында өткөн. Анын алдында сентябрда Ахмед Анарбаев СССРдин профсоюздар спартакиадасында уткан. Ага СССРдин улуттук курамасына жана олимпиада оюндарынын тандоо мелдешине катышууга чакырган кат келет. Бирок ошол эле Кыргыз ССРинин Спорттук комитетинде иштеген адамдар аны билет жок деген шылтоо менен жөнөткүсү келбейт. Анда Анарбаевдин машыктыруучусу Рустам Хазмин спорт комитетинин жетекчилерине кирип атып, окуучусун машыгууга жөнөтөт. Тандоо мелдешинде ал үчүнчү орунду ээлейт. Бирок ошондо да аны улуттук курамага киргизбей, акыркы талаш-тартыш менен курамга алышат. Олимпиада оюндары учурунда Ахмед Анарбаев 200 метр аралыкка сүзүшү керек болсо, машыктыруучулар аны капыстан 400 метр эркин сүзүүгө жарышка чыгарып, анын ордуна Белиц Гейманды чыгарышат. Белиц Гейман эстафеталык жарышта коло байге утат. Ал эми Анарбаев жыйынтык көрсөтө албай калат. Кийин дүйнө чемпионаттарында да ушундай тоскоолдуктар болот", - дейт Канай Аламанов.
Атактуу спортчу өзү 100-200 метр аралыкка жеке жарышка даярданып жүргөнүн, бирок дайыма мелдештерде машыктыруучулар такыр башка дистанцияларга чыгарганын 24.kg сайтына берген маегинде да айткан.
1969-жылы Вюрцбург шаарында өткөн Европа кубогунда сууда сүзүүнүн төрт спортчудан турган 100-200 метрлик эстафеталык жарышта алтын медаль утуп, Европанын рекордун жаңылаган. 1970-жылы Европа кубогунда эстафетадан экинчи орунду ээлейт.
1971-жылы жүрөк оорусуна байланыштуу спортту токтотот. Мындан улам СССРдин улуттук курама командасынын четтетилип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтундагы окуусунан да чыгарылат.
Бирок бир жылдан кийин институтка сырттан окуу бөлүмүнө кайтып келип, окуусун улантат. 1979-жылдан баштап Кыргыз СССРинин сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасында машыктыруучу болуп иштей баштайт.
1982-жылы Ысык-Көлдү сүзүп өтөт. Анда ал жалпы 36 чакырымды сүзүп өткөн. 1985-жылы Ысык-Көлдү Тамгадан Чолпон-Атага чейин (65 чакырымды) сүзүп өтүш үчүн түнү чыгып, бирок коштоочулар аны үч жолу жоготуп койгондон кийин сүзүүсүн токтотот.
1991-жылы казакстандык жана кыргызстандык суучулдар менен бирге Ысык-Көлдү сүзүп өтөт жана бул жыйынтык Гиннес китебине киргизилет.
1992-1997-жылдары Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясын жетектеген. 1989-жылдан баштап ардагерлер арасында эл аралык мелдештерге катышып келген.
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Ахмед Анарбаев менен чогуу иштеген. Ал маркумду кыргыз сууда сүзүү спортунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары эскерди:
"Ахмед Анарбаев Кыргызстанда бассейн жок кезде өзүнүн таланты, ышкыбоздугу, эмгекчилдиги менен Кыргызстанды алдыга сүрөп, канчалаган жаштарды сууда сүзүүгө шыктандыра алды. Европанын чемпиону болуп, рекорд жаратты. Мүнөзү оор басырыктуу, абдан тартиптүү спортчу эле. Биз чогуу иштедик, жакшы иштедик. Бири-бирибизге жардам берип, кээде каталарыбызды айтышып, кыргыз спортун оңдоп, элге жакшы кызмат кылалы деп иштедик. Профсоюзда чогуу иштедик. Ошондо биз кыргыздын улуттук оюндарын жогорку окуу жайларга киргизгенге аракет кылдык. Азыр ордо, тогуз коргоол оюндары ар бир окуу жайда бар”, - деди Каныбек Осмоналиев.
Ахмед Анарбаев 1996-2000 жылдары Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү болгон. Суучул 67 жашында өзүнүн бала кездеги кыялын орундатып, 2015-жылы Казанда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында 200 метр аралыкка мелдешке чыгып, алтын байге уткан.
Ахмед Анарбаевге былтыр остеосаркома деген диагноз коюлуп, бир канча операцияны баштап кечирген. Ал 6-августта 75 жашында дүйнөдөн кайтты. Сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.