Аралаш система менен өтүп жаткан парламенттик шайлоодо үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү, талапкерлердин ага даярдыгы боюнча укук коргоочу Динара Ошурахунова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
- Үгүт өнөктүгү башталганына он күндөн ашып калды. Эмне өзгөчөлүктөрдү, айырманы байкап жатасыз?
- Бул жолку үгүт кампаниясы мурдагы шайлоодон айырмаланат. Мен үчүн азыр эл, талапкерлер, партиялар деле өздөрү чарчагандай көрүнүш болууда. Балким шайлоо күнүнө жакын калганда көңүл бурганга ар кандай аракеттер жасалып, активдүүлүк байкалат чыгаар. Ал эми айрым талапкерлер тууралуу "туура эмес үгүт жүргүзүп жатат, арыз түштү" деп социалдык тармактардан, маалымат каражаттардан окуп жатам.
Бул көбүнчө талапкерлер эрежелерди билбегенине байланыштуу деп ойлойм. Каттоодон өтүп жатканда кандай тартип болушу керектигин окуса керек. Ал эми үгүт иши кандай жүрүшү керек, кандай эрежелер сакталышы керектигин алар чуркап баратып эле үйрөнүп жатышат. Негизи шайлоо системасында ушул тармактагы укукту жакшы билген юристтер абдан аз. Аларды саясий партиялар шайлоонун алдында талашып өздөрүнө иштетишет. Көбүнчө талапкерлер андай юристтер жок өздөрү түшүнгөндөй эле аракет жасай берет.
- Мисалы, Ошто студенттер үгүткө аралашты деп ректор кызматтан алынып, буга нааразылар чыгышты. Мындан улам ал бир ай убактылуу кызматтан четтегени кабарланды. Бул кадамды аша чапкандык деп да баалап жатышат. Анда кандай чаралар көрүлүшү керек эле?
- Албетте, бул жерде биз өкмөттүн чара көргөнүн көрүп жатабыз. Мында эч ким шайлоо жараянына кийлигише албайт деген норманын негизинде катуу чара көрүп жатат. Ошол эле саясий партиянын бул жерде кандай жоопкерчилиги бар? Муну Борбордук шайлоо комиссиясы өзү чечиши керек. Арыз түшкөндөн кийин БШК да муну карап жатса керек. Эми күтүш керек.
- Чара көрүүдө кош стандарт ойноп кетип жаткан жокпу? Башка дагы талапкерлердин үстүнөн арыз түшкөн, анда эч кандай чара көрүлгөн эмес деген сын пикирлер жок эмес.
- Андай боло берет. Анткени, бул жерде кайрадан эле эрежелердин так жазылбаганы болуп жатат. Эрежелерди ар кандай талкуу болгондо, балким калыс чечимдер кабыл алынбай калган учурлар болот. Аны ар бир талапкер, оппоненттери сотко кайрылып, аягына жеткирет. Ошентип отуруп эрежелер такталат. Азыр жаңы эреже, жаңы округдар, аралаш система менен болуп жатканда бардык эрежелерди так аткаруу мүмкүн эмес. Бирок аракет көрүлүп жатканын көрүп жатабыз.
БШК канчалык көз карандысыз чечимдерди кабыл ала турганын көрөбүз. Бийлик административдик ресурсту колдонбой, басым жасаганы да ошол жерден байкалат. Азыр арыздар түшүп жатат. Бирок БШК аябай жай, кеч карап жатат. Эрежелерди кантип талдай турганын, баарына тең карайбы же бирөөнүкүн башкача чечип койобу, же оюндар болуп, басым жасап атабы, жокпу ошол жерде байкалат. Мисалы, Талант Мамытовго байланыштуу БШКнын чечимин колдойм. Туура суроо көтөргөн. Сот анын чечимин жокко чыгарып салып жатат. Соттун дагы ролун караш керек.
- Шайлоонун ачык-айкын өтүшү үчүн бардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик мекемелердин аракети бирдей болсо деп айтып жатасыз да?
- Ооба, туура. Бул жерде сот системасы, укук коргоо органдары кандай карап жатканы, баары чогуу иштеш керек. БШК бир чечим кабыл алып, укук коргоо органы башкача, сот башка чечсе, баары аралашып, түшүнүксүз болгондо шайлоого, анын жыйынтыгына дагы ишеним азаят.
- Бул бийлик келгенден бери эле шайлоону ачык өткөрүүгө убада берип келатат. Таза өткөрүп, дүйнөгө далилдейбиз деп жатышат. Мындай убадаларга канчалык деңгээлде ишенсе болот?
- Бул деле чыгарылган чечимдерден көз каранды. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болот, кайсы учурда чечим чыгат. Эң негизгиси шайлоо күнү саноо жараяны кандай болот, жарык өчүп калбайбы, АСУлар (автоматтык саноочу урналар) туура иштейби, жыйынтык өз убагында чыгып, сайтка жарыяланабы? Мына ушул жагдайларга байланыштуу, ушулар тууралуу көбүрөөк айтышыбыз керек. Шайлоо күнү жана добуштарды саноо учурунда жарык өчпөйт, АСУнун баары иштейт деген кепилдик дагы болуш керек.
- Үгүт өнөктүгү учурунда шайлоого аттангандардын эрежелерди билбегендиги талапкердин өзүнүн даяр эместигинен кабар береби?
- Албетте. Көбүнчө талапкерлер шайлоого аз калганда эле аттанышат. Экинчиден, Шайлоо кодексинин өзү президенттин жарлыгынан кийин чыкпадыбы. Буга чейин кандай эрежелер, өзгөрүүлөр киргенин көп талапкерлер, коомчулук тааныша алган жок. Азыр чуркап баратып эле ошол өзгөрүүлөрдү окуп, талдап жатабыз.