Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

"Элүү төлгөчү камалды". Борбор Азиядагы көзү ачыктарга каршы күрөш


Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Коңшу Тажикстанда бал ачуу менен алектенген 50 адам кармалды.

Кыргызстандын парламентинде көзү ачык, бүбү-бакшыларды мамлекеттик жана жеке телеканал, радио, көрнөк-жарнак аркылуу жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү.

Демилгенин авторлорунун бири “жарнама тууралуу” мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү менен коомду шылуундардан коргоп калууга өбөлгө түзүлөрүн айтты.

Бирок документ боюнча бир нече депутаттын суроолору ачык бойдон калды. Маселен, долбоордо жазалоонун аныктамасы так жазылган эмес.

"Жарнамасыз деле келгендер толтура"

Кыргызстандын аймактарынын биринде соңку 15 жылдан бери төлгө салып, киши көрүп, алардын жолун ачууга, дартынан арылууга жардам берип келем деген Тамара аттуу айым менен социалдык тармак аркылуу таанышып, пикирин уктук.

Ал тоолуу аймактардын биринде турат. Өзүнө өлкөдөгү алыскы айыл, район жана борбордон бери кишилер келерин айтууда. Ишмерүүлүгүн баштагандан бери бир да жолу өзүн жарнамалоо үчүн ЖМКга кайрылбаганын айткан төлгөчү айым парламентте каралып жаткан документ үчүн кейибей турганын билдирди.

“Мага кайрылгандарды алыстан деле сүрөтүн карап төлгө сала берем. Өзүм негизи кара дуба окубайм. Аны бир-эки жыл кыргызчылыкты карманып алып эле окуп жаткандар көбөйүп кетти. Ал тиеби же тийбейби, кызыгышпайт. Мен негизи үйгө келгендерди көрчүмүн. Анан бир күнү мага келип көрүнгөн кыздар сиз тууралуу Инстаграмга жарыялап берели башкаларга да жардам болсун дешип, номеримди ошолор чыгарган. Эми жарнамаларды мыйзам менен тыйып коюшса деле мага айырмасы жок. Жарнамасыз деле келип көрүнгөн адамдар толтура. Борбордон бери келишет. Азыр эрегишип бири-бирин дубалаткандар көбөйүп кетти. Аларды тазалаш керек”, - дейт Тамара.

"Көзү ачыктарга ишенгенди токтоттум"

Азыркы тапта бир катар жеке менчик телеканалдарда жүгүртмө аркылуу ондогон көзү ачык, эмчи, табып жана элдик табыптардын жарнамаларын тапса болот. Алар анда жол ачып, төлгө салып, кара дуба чечип, ал тургай залалдуу шишиктен да арылта ала турганын жазышат.

Мындай жарнамалардын бирине ишенип барып, көзү ачыкка алданган Бишкектин тургуну Наргиза “Азаттыкка” өз окуясын айтып берди. Анын айтымында, бүбү-бакшылар анын ден соолугуна жардам берет деп ишенген:

“Бир күнү сыналгы көрүп отуруп, кайсы бир телеканалдын алдына жүгүртмө жарнама чыгып калды. Анда бир көзү ачык “жолуңарды ачып, кайсы оору менен ооруй турганынарды аныктап берем” деп кыскача жазып, номерин калтырыптыр. Дароо эле ага байланышып, дарегин сурасам, телефондон эле дартымды айтып берерин айтты. Бирок ал мен тууралуу такыр эле чындыкка дал келбеген сөздөрдү айтып койду. Ошол учурларда бир таежем да үйүнө көзү ачык аялды ээрчитип келген окуяны айтты. Ал “үйүңөрдү тазалаш керек” дептир. Анан сууга туз аралаштырып, дуба окуп “ушуну үйүңөргө чачкыла, муну аткарбасаңар кырсык болот” деп, ар нерсени айтып коркутуптур. Теажем анын айтканын аткарып жүрдү. Бирок эч кандай деле нерсе болбоптур. Мен ушул окуялардан кийин көз ачыктарга ишенбей, аларга кайрылууну токтоттум”.

“Азаттыкка” өз окуясын айтып берген Наргиза көзү ачыктарга алданган жалгыз кыргызстандык эмес.

"Жөнөкөй элге кыйын болуп жатат"

Депутат Марлен Маматалиевдин маалымдашынча, Жогорку Кеңешке арыз менен кайрылгандардын көбү ушундай бүбү-бакшылардын тузагына түшүп калганын, мындан улам ден соолугунан айрылып же чоң акчасын аларга карматып коюп кайра ала албай калганын айтышат. Мындан улам депутат Маматалиев “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Анда мыйзамга ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар жана башка аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Демилгечи депуттар мындай тыюу кыргызстандыктардын аң-сезимин манипуляциялоонун алдын алууга керектигин айтууда.

22-майда Маматалиев демилгелеген мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү экинчи окууда карады. Маматалиев соңку учурларда көзү ачыктардын түрдүү кызматы кооператив, финансылык пирамидалар менен тең эле келе жаткан алдоо кызматы болуп калган дейт:

“Көзү ачыктык кылып өз кызматы аркылуу элди алдагандар өтө көбөйүп кеткен. Биз ошолор жарнама бербесин, кызматтары жабылсын деп жатабыз. Анткени булар келип эле кайра эле жөнөкөй элге кыйынчылык жаратып жатышат. Мисалы жарнамаларды карасаңар “200 пайыз туура төлгө ачам”, “жети урпакка чейин төлгө ачам, туура эмес айтсам акчаны кайтарып берем” деп жатышат. Болбогон 200 сомго төлгө салышат, бирок баары бир элди алдап жатышат. Эгерде ошончолук эле кыйын болушса, анда жарнамасыз эле акча таап алышмак. Аларды жок кыла албайбыз, бирок алдамчыларды азайталы деген ниетте бул мыйзамды жазып чыкканбыз”.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеванын көзү ачыктардын жарнамасына тыюу салынса алардын катарына астролог, нумерологдор да кирип калабы деген соболуна Маматалиев мындай деп жооп берди:

“Эми биз айттык, илимий изилдөөлөрдүн негизинде болгон нерсеге биз кантип тыюу сала алат элек деп. Ошондуктан биз документте окульттук-мистикалык деп эле белгилеп койдук. Ал эми илимий изилдөөгө негизделбеген нерселердин алкагында көзү ачыктык сыяктуу аракеттер болсо Министрлер кабинети өздөрү аныктап чыгат деп жатабыз. Кимдер кирип каларын аныктоо эми мыйзам кабыл алынгандан кийин так болот”.

Документ парламенттин кийинки отурумдарында да эми үчүнчү окууга киргизилет. Эгер сунуш колдоо тапса, көзү ачыктарды жарнамалаган радио-теле жетекчилери жана башкалар 15 миң сомдук айып пулга жыгылат. Мындай айып пулду жарнама берген тарап да төлөшү керек. Эгер бул көрүнүш улана берсе, мындан да катуу жазалар көрүлүшү мүмкүн экенин Маматалиев айтууда.

Бирок депутат сунуштаган өзгөртүүлөр көзү ачыктардын ишин бөгөттөбөйт же алардын арасындагы шылуундарды азайтпайт деген пикирин бир канча талдоочулар айтып жатат. Жарнамага тыюу салуудан мурда калктын билимин жана сынчыл ой жүгүртүүсүн тууралап, элди психолог өңдүү чыныгы адистерге барууга багытташ керек дешет.

"Алар туура эмес иш кылып жатканын түшүнбөйт"

Аялдар психологу Адинай Жапаралиева коомчулукта эмне үчүн көзү ачыктарга муктаждык бар экенин айтты:

“Көбүнчө аялдар оор абалга дуушар болуп, ошол убакта мамлекеттен же жакын чөйрөдөн жардам ала албай калган учурда, көмөк болбосунан үмүтү үзүлсө, анда алардын акыркы кайрыла турган жери көзү ачыктар болуп калат. Көзү ачыктар кайрылгандарга шаманисттик аракеттерди кылып, “алдыда жолуң ачылып кетет” дегендей сөздөрүн айтса, алар чындап эле жашоосу оңолуп кетерине ишенет. Бирок бул кадам чынында аларды кыйын абалдан чыгып кетишине эч кандай деле роль ойнобойт. Алар туура эмес иш кылып жатканын түшүнбөйт. Ошондуктан алар, мисалы, сүйүү дубасын жасоо үчүн төлгөчүлөргө жана бакшыларга барышат. Сырткы күчтөр аркылуу маселени чечкиси келет. Негизи адамдын инсандык өнүгүүсү үчүн күчтүү кризис керек. Ошондо көзү ачыктардын “жардамынан” майнап чыкпасын түшүнүп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөгө аракет кылат. Балким, ал психология же сунуштар боюнча кээ бир китептерге туш болот. Ал көйгөй өзүнө байланыштуу экенин түшүнгөндө, ал психологдун кардары боло алат".

Анткен менен соңку жылдары кыргыз коомунда диплому жок эле өзүн психолог атаган коучтор көбөйүп кеткени айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин өткөн айдагы жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева ушул маселени козгогон.

“Бир ай окуп, гештальт-психологмун деп сертифкат алып, элди чакырып жатышат. Аларга акчасын коротуп жаман абалга туш болгондор бар”, - деген депутат.

Кыргызстанда буга чейин көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандарга мыйзам тыюу салган эмес. Базарларда, социалдык тармактарда жана менчик телеканаларда “жол ачам, ооруларды дарылайм” деген сыяктуу жарнамалар жарыяланып турчу.

Тажикстанда 50дөй көзү ачык кармалды

21-майда "Азия Плюс" басылмасы Тажикстандын Ички иштер министрлигине таянып, төлгөчү жана көзү ачык деп саналган 50дөн көп киши кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, рейд Согд облусунун Гафур районунда жүргөн.

Милиция билдиргендей, кармалгандар район тургундарына жана коңшу аймактан келгендерге ар кандай шылуундук менен акча табуу максатында өз кызматтарын көрсөтүп келген. Кармалгандардын көбүнө протокол түзүлүп, бирине кылмыш иши козголгону маалым болду.

"Шектүү аял буга чейин алдамчылык беренеси менен эки жолу соттолгон. Бул жолу ал жубайлардын ортосундагы чыңалган мамилени "жумшартуу" үчүн 700 доллар сураганы үчүн камакка алынды", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине өткөн жумада кошулду. Мурда мындай ишмердүүлүк менен алектенгендер административдик жазага тартылчу. Жаңы чараларга ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылгандан кийин дагы көзү ачыктык, төлгөчүлүк жана бүбү-бакшылык менен алектенсе кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат.

"Психологдорго барбай, төлгөчүлөрдөн жардам сурашат"

Диний маселелер боюнча эксперт Рустам Азизи жыл башында "Азия Плюс" басылмасына курган маегинде, дал ушул төлгөчүлөрдүн көйгөйүнө токтолгон. Ал көпчүлүк тажикстандыктар сабатсыздыктан улам көзү ачыктарга кайрыларын айткан.

"Адамдар ден соолугунда, үй-бүлөдө же ишинде көйгөй пайда болсо, аны дароо чечүүгө аракет кылышат. Жөнөкөй билими жана диний сабаттуулугунун төмөндүгүнөн улам ушундай жолго барышат. Мисалы психологдорго барбай, төлгөчүлөрдөн жардам сурашат".

Рустам Азизи
Рустам Азизи

Азизинин айтымында, Тажикстанда адамдар психологдорго ишенишпейт. "Биздин психология мектебибиз совет доорунан калган" дейт серепчи.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 10 айында бүбү-бакшылык жана төлгөчүлүккө байланыштуу 103 административдик укук бузуу фактысы аныкталган. 2022-жылы мындай 136 учур катталган. Ошондой эле 2023-жылы коңшу өлкөдө "төлгөчүлөрдүн колдонмосу" делген 100дөй китеп конфискацияланган.

Бишимбаевдин "көзү ачыгы"

Казакстанда аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн Куандык Бишимбаевдин соттогу көрсөтмөсүндө да көзү ачыктарга барганы сөз болгон.

Бишимбаев окуя болгон каргашалуу күнү кечинде Салтанат экөө урушуп кеткенин айтып, "мас болгондуктан унитазга бети менен, андан кийин полго бир нече жолу кулаган" деген. Болгону аялын бир нече жолу чаап, жамбашына тепкенин мойнуна алган.

Анын айтымында, Салтанат ошол окуядан кийин уктап калып, анан бети көгөрүп, шишик пайда болгон. Аялынын ойгонбой жатканын байкаган Бишимбаев тааныш "көзү ачыкка" чалат, ал аялы ойгонорун "убадалайт". "Ошондон кийин өзүмдү жакшы сезип калдым", - деген Бишимбаев сотто.

Кийин "көзү ачык" катары кеңеш берген Гүлнара Ережепова да сотто онлайн көрсөтмө берип, Бишимбаевди "тажатма" деп атаган.

"WhatsApp аркылуу жазган. Мен аны мас деп ойлоп, анча маани берген эмес элем. Ал "Салтанаттын абалы жакшы деп жазып коюңузчу" деди. Ал ошондой, тажатма киши да. Мен "Менин колумдан эмне келмек эле? Тез жардам чакыргыла, догдурга көрсөткүлө" дедим. Кечке чала берди. Телефонду албай койдум", - деген Ережепова.

31 жаштагы Салтанат Нукенова өзү Казакстанда астролог катары таанылган. Анын Инстаграмдагы баракчасында бир жылдыз төлгөсүнө 80 миң теңге сураганын көрүүгө болот.

Салтанат Нукенованын Инстаграм баракчасынан алынган сүрөт
Салтанат Нукенованын Инстаграм баракчасынан алынган сүрөт

13-майда борбор калаа Астананын район аралык кылмыш сотунда жарыяланган өкүмгө ылайык, мурдагы министр Куандык Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абакта өтөмөй болду.

Жин чыгарган өзбек бакшылар

Коңшу Өзбекстанда соңку кездери "жин кубалаган" табыптар социалдык тармактарда ишин жүргүзүп, аларга болгон суроо-талап өскөнү айтылып келет.

Былтыр Өзбекстандын Ташкент облусунда мындай дарылоо кейиштүү аяктаган. Аккурган районунда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгаруу" учурунда өлтүрүп алышкан.

Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгарып жатып" өлтүрүп алышкан.
Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгарып жатып" өлтүрүп алышкан.

Аккурган райондук соту эки адамды Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Алдамчылык) жана 102-беренеси (Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш жасаган деп тапкан. Сот алардын бирин үч жылга, экинчисин эки жыл алты айга эркинен ажыраткан.

Маалыматка караганда, соттолгон эки адам "жин чыгаруу" ырымын бир жарым саат жасашкан. Алар аялды көкүрөккө, ичке, колу-бутуна балка, темир казык, чынжыр менен урушкан. Натыйжада аял алган жаракатынан улам каза болгон.

Өзбекстанда "жин чыгаруу" өлүм менен аяктаган учурлар буга чейин да катталган. "Куран менен айыктыруу" деген бул ырым мусулманчылыкта колдонулуп келет. Өзбекстанда "жин чыгаруу" ырымы кеңири жайылган.

Бир жолку жин чагырууга болжол менен 200 долларга чейин төлөнөт. Эмчи-домчулар ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында онкология, диабет, вирустук гепатит жана аялдардын тукумсуздугу сыяктуу ооруларды "тез жана натыйжалуу дарылоону" убада кылышат.

Адистердин айтымында, Өзбекстанда сапаттуу медициналык кызматтын жоктугу адамдарды альтернативдүү, кээде күмөндүү ыкмалар менен дарыланууга түртөт. Натыйжада бейтаптар алдамчылардын жана башка кылмыштардын курмандыгы болуп калышат.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдик медицинаны көзөмөлгө алууну буйруган. Президенттин 2018-жылдын 12-октябрдагы "Өзбекстанда элдик медицина чөйрөсүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, элдик медицина менен алектенүү үчүн жарандар атайын уруксат кагазын (лицензия) алышы керек.

"Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистратура

Ал тапта Британиядагы Эксетер университетинин Араб жана Ислам таануу институту "Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистратура программасына быйыл жаңы окуу жылынан тарта студенттерди кабыл алат. Алар дүйнө жүзүндөгү сыйкырдуу жана табияттан тышкаркы окуялардын тарыхын, анын коомго тийгизген таасирин изилдешет.

Программанын директору, доцент Эмили Селове ББСге берген маегинде соңку жылдары дүйнөдө эзотерика жана оккультизмге кызыгуу күчөгөнүн айткан.

"Бул магистрдик программа адамдарга Батыш рационализмдин жана илимдин жери, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү сыйкырдын жана ырым-жырымдардын жери деген божомолду кайрадан изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет", - дейт Селове.

Эксетер университетиндеги "Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистр даражасын алуунун бир жылдык баасы 30 миң доллардын тегерегинде экени айтылууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG