Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:24
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

13:22 23.1.2022

Ош шаарында да бир нече активист журналист Болот Темировду колдогон акцияга чыгышты. Алар журналист куру жалаа менен кармалганын айтып, аны каралоону токтотууну талап кылышууда.

14:10 23.1.2022

Бишкекте, Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өтүп жаткан нааразылык акциясына маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү, төкмө акындар да келишти. Алар төкмө акын Болот Назаровдун ак жеринен камалганын айтып, ага "жалган жалаа жабылып жатат" деген оюн ортого салышты. Бийликке, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аны бошотууну жана мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылышты.

Төкмө акын Болот Назаров баңгизатына байланыштуу камакка алынганын бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министрлиги ырастаган. Ташиев Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган. Ал кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери чөнтөгүнө белгисиз затты салып коюшканын айткан. УКМК жетекчиси журналисттин каны таза чыкканын маалымдады.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы Ташиевдин туугандарына байланышкан иликтөөнү жарыялап, коомдо кызуу талкууга алынып жаткан.

Назаров менен Темировдун тарапташтары аларга коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын жана алар интернеттеги терс көрүнүштөрдү ачык айткан позициялары, журналисттик иликтөө үчүн кармалганын айтып жатышат.

Болот Назаров учурда убактылуу кармоочу жайда экени белгилүү болду. Ал эми ИИМдин өкүлү Болот Темиров тилкаттын негизинде бошотулганын билдирди, бирок ал чыга элек. Азыр Свердлов райондук соту анын кармалышынын мыйзамдуулугун жабык карап жатат. ИИМ сот бүткөндөн кийин Темиров кое бериле турганын кабарлады.

Бишкекте чогулган 100гө чукул киши журналист бошотулмайынча тарабай турганын айтышууда.

Ушундай эле акция Ош шаарында да ондогон кишинин катышуусунда өтүп жатат.

14:31 23.1.2022

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

"Байыркы Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн дарга асылган, кийинки Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн Сибирге сүргүнгө айдалган. Бүгүнкү Болот Назаровдун кармалышы дагы акындык чыгармачылыгына байланыштуу деп эсептейм. Көп жылдардан бери акындар, анын ичинде Назаров дагы коомдук, жарандык, акындык пикирин калыс, акыйкат айтып келген. Токтогулдарды дарга асып, сүргүнгө айдагандардын азыр дайыны жок, аларды тааныбайбыз. Бирок Токтогул түбөлүк сакталып калды. Акаев доорунда, Бакиев мезгилинде, Атамбаев учурунда дагы акындар тарабынан ачуу сындар айтылган. Бирок акындарды, ошонун чыгармачылыгына шылтоо кылып, акыйкат сөзүн токтотуш, коркутуш үчүн башка шылтоолорду негиз кылып камап жатканы 30 жылда биринчи болуп жатат. Акынды камаган бийликтин келечеги жок болот, акындын эркиндигин чектеген бийлик эртеңки күнү болбой калышы мумкүн. Болот Назаровду бошотуп, ишти тергей берсин", - деди Болгонбаев.

14:38 23.1.2022

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды. Бул тууралуу 23-январда адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзам боюнча, кармалган адамдын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы, Свердлов райондук соту тергөөчүнүн кармоо тууралуу чечиминин мыйзамдуулугун карагандан кийин ал эркиндикке чыгарылары айтылууда.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Ташиевдин айтымында, Темиров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалды.

Адвокат Токтакунов Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Төкмө акын Назаров соцтармактарда ырлары аркылуу азыркы бийликти катуу сындап келгени белгилүү.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG