Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

14:10 23.1.2022

Бишкекте, Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өтүп жаткан нааразылык акциясына маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү, төкмө акындар да келишти. Алар төкмө акын Болот Назаровдун ак жеринен камалганын айтып, ага "жалган жалаа жабылып жатат" деген оюн ортого салышты. Бийликке, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аны бошотууну жана мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылышты.

Төкмө акын Болот Назаров баңгизатына байланыштуу камакка алынганын бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министрлиги ырастаган. Ташиев Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган. Ал кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери чөнтөгүнө белгисиз затты салып коюшканын айткан. УКМК жетекчиси журналисттин каны таза чыкканын маалымдады.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы Ташиевдин туугандарына байланышкан иликтөөнү жарыялап, коомдо кызуу талкууга алынып жаткан.

Назаров менен Темировдун тарапташтары аларга коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын жана алар интернеттеги терс көрүнүштөрдү ачык айткан позициялары, журналисттик иликтөө үчүн кармалганын айтып жатышат.

Болот Назаров учурда убактылуу кармоочу жайда экени белгилүү болду. Ал эми ИИМдин өкүлү Болот Темиров тилкаттын негизинде бошотулганын билдирди, бирок ал чыга элек. Азыр Свердлов райондук соту анын кармалышынын мыйзамдуулугун жабык карап жатат. ИИМ сот бүткөндөн кийин Темиров кое бериле турганын кабарлады.

Бишкекте чогулган 100гө чукул киши журналист бошотулмайынча тарабай турганын айтышууда.

Ушундай эле акция Ош шаарында да ондогон кишинин катышуусунда өтүп жатат.

13:22 23.1.2022

Ош шаарында да бир нече активист журналист Болот Темировду колдогон акцияга чыгышты. Алар журналист куру жалаа менен кармалганын айтып, аны каралоону токтотууну талап кылышууда.

12:44 23.1.2022

ИИМдин өкүлү: "Болот Темировго карата тергөөчү эч кайда кетпөө тилкаты боюнча токтом чыгарды. Сотто анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат. Сот бүтсө эле кое берилет".

12:42 23.1.2022

Бишкектеги акцияда Болот Темировго байланышкан акыркы окуялар куугунтук, сөз эркиндигине кысым катары бааланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG