Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

07:20 6.10.2020

07:25 6.10.2020

Ак үйдө өрт чыкты

Бишкектеги президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн каптап, түтөп жатат. Азырынча имараттын жанында эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак Үйдүн ичиндеги терезелер, идиш-аяктар, компьютерлер талкаланганын билдиришкен болчу.

07:27 6.10.2020

Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди. Ал “Азаттыкка” Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

“Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты милдетин Курсан Асановго жүктөп жатабыз”, - деди Суваналиев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

07:35 6.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG