Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

05:46 6.10.2020

Жанарбек Акаев: Тезинен координациялык кеңеш түзүш керек

Кыргызстандагы саясий кризистен чыгыш үчүн 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган 13 партиянын мүчөлөрүнөн турган координациялык кеңеш түзүш керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Жанарбек Акаев билдирди. Депутаттын айтымында, абалды көзөмөлгө алыш үчүн элдик ишенимдеги өкмөт түзүлүшү зарыл.

Конституциялык алкактан чыкпаш үчүн мурдагы чакырылыштагы парламент чукул жыйынга чогулуп, төраганы алмаштырышы керек. Андан соң шайлоолорду өткөрсө болот.

Ошондой эле Жанарбек Акаев Бишкек шаарындагы абалды жөнгө салыш үчүн комендантты дайындоо керек экенин кошумчалады.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

05:47 6.10.2020

05:49 6.10.2020

05:52 6.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG