Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

16:38 6.10.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин кезексиз жыйынын чакырды

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, чукул жыйын Бишкектеги "Достук" мейманканасында өтөт. Ушул тапта мейманканага депутаттар чогулуп жатканы кабарланууда. Анда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал талкууланары күтүлүп жатат.

Мурдараак "Ата Мекен" партиясынын шайлоодогу лидери Жанар Акаев эртең, 7-октябрда парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү сүйлөшүлүп жатканын билдирген. Ал бул үчүн бардык фракциялардын өкүлдөрү менен байланышып, чукул чогулууга үндөп жатышканын айткан. Анын сөзүнө караганда, жыйында жаңы төраганы шайлап, элдин ишениминдеги Элдик өкмөт куралат.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.

15:37 6.10.2020

15:34 6.10.2020

"РИА новости": ЖККУ Кыргызстандагы окуяларды өзү жөнгө салат деп эсептейт

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Кыргызстандагы окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып, кырдаалга көз салып турат. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги кабарлады.

Орусиялык агенттик уюмдун катчылыгына шилтеме жасап чыгарган кабарда Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча ЖККУга кайрылбагандыгы белгиленет.

Кабарда белгиленгенге караганда уюм Кыргызстандагы саясий кырдаалды «өлкөнүн ички иши, өз алдынча жөнгө салып кетет» деп эсептейт.

15:29 6.10.2020

Жергиликтүү бийлик: Таласта Жерүй кени өрттөлдү

Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан Жерүй алтын кени өрттөлүп, таланып жатканын айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Каныбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 6-октябрда саат 11ге чейин 200 чамалуу кишини тосуп, кармап турушкан.

Бирок, токтото албай калгандыктан, жаалданган топ кенинин имаратына өрт коюп, кампалары, кеңселери күйүп жатат.

Жерүй алтын кени Талас районунун Кара-Ой кыштагынан 26 чакырым аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан.

Бул кенде орусиялык "Алтын Альянс" ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG