Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:48
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

09:36 6.10.2020

Ошто "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду

"Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Дастан Үмөтбай уулун аянттагы митингди чагылдыруу учурунда белгисиз бирөөлөр чаап жиберген. Кабарчы Ош шаарынын борбордук аянтындагы митингди чагылдырып жүргөн. Өзүнүн айтуусунда, абалы жакшы.

Ош шаарындагы борбордук аянтта "Биримдик" партиясынын тарапкерлери митингге чогулушту. Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда.

Чогулгандар азыркы бийлик тушунда жакшы жашоо болгонун белгилеп, бийликти сактап калуу керектигин айтып жатышат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

09:34 6.10.2020

Түнкү митингде жарадар болгон бир адам каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин таңкы саат сегиздеги маалыматы боюнча Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда башынан оор жараат алган бир адам каза болду.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.

Жарадар болгондор Бишкеке травматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпиталь, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

09:28 6.10.2020

Ошто антимитингге чыккандар “Реформа” партиясынын талапкерлерин ур-тепкиге алышты.

09:20 6.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG