Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

05:25 6.10.2020

Митингге чыккандар КТРКдан түз эфир талап кылышты

Коомдук телеканалдын имаратынын алдында ушу тапта 20дай киши түз эфир талап кылып турушат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, алар каналдын жетекчилиги менен телефондон сүйлөштү.

Алар телеканалдан эфир берүүгө макул болгону кабарланды. Учурда алар каналдын студиясына кирип жайланышты. Элге кайрылуу жасай турган болууда. Муну менен элге маалымат жеткирүүнү көздөй турганын айтышты.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин тынчтык акциясы массалык баш аламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

“Ала-Тоо” аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

05:24 6.10.2020

Бекешев: Жаңы спикер шайланып, бийликтин мындан аркы кадамы аныкталышы керек

Бишкектеги болуп жаткан окуялардын айланасында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев мыйзамсыздык болуп жатканына өкүнөрүн, мындан ары мамлекеттик бийликти сактап калуу зарыл экенин билдирди.

«Мыйзам үстөмдүк кылсын десек, азыр VI чакырылыштын депутаттары жаңы төрага шайлап, мамлекеттин эми эртеңи кандай болот деген маселени чечиши керек», - деди ал «Азаттыкка».

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Азыркы тапта Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялар митингди улантууда.

05:23 6.10.2020

05:23 6.10.2020

Акылбек Жапаров: Кайра шайлоону белгилөө ​зарыл

Бишкектеги болуп жаткан окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыкка” пикирин билдирди.

Ал фракция лидери Алтынбек Сулайманов менен азыр эле сүйлөшкөнүн, 6-октябрда парламент кезексиз отурумга чогулуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулоо маселеси каралып жатканын кабарлады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Биз мындай кырдаалды мурда да башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр бийликтин вакууму болбош керек. Эгерде президент өлкөдөн кетип калбаса аны менен чогулуп, кайра шайлоону белгилөө зарыл. Кайра шайлоо мыйзам боюнча 45 күндүн ичинде болот. Өзүбуз күбө болгондой Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрө алган жок. Андыктан, легитимдүү бийлик үчүн митингчилер макул болсо, шайлоо кайра жарыяланат. Тараптар кеңешип өкмөт жана президенттин ишин улантуу маселеси да каралат. Эгер президент өлкөдөн кетсе, анын ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы милдетин аткарышы керек”, - деди Жапаров.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыктарга айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты. Азыркы тапта Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG