4-майда Бишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири башталды. Ага мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышууда.
Турнирдин башындагы "Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын беттеши 4:1 эсебинде аяктады. Эки голду мамлекет башчысы Садыр Жапаров киргизди.
Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы уюштурган турнир 5-майда жыйынтыкталат.
Ага төмөнкү командалар катышууда:
- “Президенттин администрациясы” - Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын кызматкерлери;
- “Өнөр” - Маданият ишмерлери;
- “Бизнес” - ишкерлер;
- “Журналисттер” - маалымат каражаттарынын өкүлдөрү;
- “Алга” - футбол ардагерлери;
- “Спорттук федерациялар” - Спорттук федерациялардын жетекчилери;
- “Жогорку Кеңеш” - парламенттин депутаттары;
- "Аймактар" - президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери;
- “Ыйман” - муфтий баштаган дин өкүлдөрү;
- “Элчилер” - чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
- "Ден соолук" - дарыгерлер;
- “Билим” -жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлору.
Турнирди КТРК, КТРК Спорт телеканалдары түз эфирде көрсөтүүдө.
2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдештер өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, үчүнчү орунду президенттин администрациясы ээлеген. (SE)