Депутаттык орундарга ээлик кылууну көздөп 20дан ашуун партия ниетин билдирип, арыз тапшырды. Ат салышам деген саясий топторду каттоо аймактык шайлоо комиссиясында 1-мартка чейин уланат.
Урбанист Атай Самыйбек Бишкек кандай депутаттарга муктаж болуп турганын, баш калааны курчаган көйгөйлөр тууралуу ой бөлүштү.
- Бишкек - республикалык статусу бар калаа. Шаардык кеңешке 45 депутат шайланып келүүгө тийиш. Шайлоо кодексине ылайык, эл өкүлдөрү партиялардын тизмеси менен шайланат. Тилекке каршы, биздин мамлекетте партиялык система калыптана элек. Жергиликтүү кеңештерге аттанган партиялардын курамы жана сапаты күмөн жаратат.
- Күмөн жараткан жагдайлар кайсылар?
- “Күмөн” деген сөздү балким мен туура эмес колдонуп жатам. Айтайын дегеним, азыркы учурда партиялар тууралуу толук кандуу, калыптанып калган маалыматтар жок. Шайлоо учурунда гана куралат да, саясий жарышка чыгышат. Партиянын тарыхы жөнүндө, идеологиясы тууралуу маалымат таппайсыз.
Парламенттик мамлекет, парламенттик система жана демократия дегенди коом толук түшүнө элек. Анүстүнө тургундар жергиликтүү кеңештерди шайлоого активдүү катышпайт, көңүлкош карашат.
Демек жергиликтүү кеңештерге шайлоонун маанисин түшүнүү жаатында элде саясий сабатсыздык маселеси курч.
- Шаардык кеңеш кандай көз караштагы саясий күчтөргө муктаж?
- Эң негизгиси, шаардын талаптарын, көйгөйүн жана чечүү жолдорун билген кишилер керек. Кыска мөөнөттүү эмес, узак мөөнөттүү стратегиясы бар депутаттар зарыл.
Он жылдан кийин шаар кандай болот, жыйырма жылдан кийин кандай болууга тийиш? Ушул суроолорго жооп бере алчу депутаттарга муктажбыз. Ошол эле учурда кыска мөөнөттө да реформаларды жүргүзө алган, саясий эрки бар, акылдуу депутаттар, саясий күчтөргө суусап турабыз.
- 11-апрелде шайлоо болот, ага эки айга жетпеген убакыт калды. Бир топ партиялар ат салышуу ниетин билдирүүдө. Алардын арасында сиз айткан сапатка ээ саясий күчтөр байкалабы?
- Төңкөрүш же революция дейбизби, билбейм, Кыргызстанда үч жолу ушундай жол менен бийлик алмашты. Демек, биздин мамлекет Борбор Азияда саясий атаандаштык жагынан кыйла тажрыйбалуу. Өлкөбүз жаш, 3 миллиондон ашуун шайлоочунун көбүн жаштар түзөт. Андыктан, жаштар саясий процесстерге активдүү катышууда. Алардын кайдыгер эместиги сүйүнтөт. Милдеттерибизди да, укуктарыбызды да жакшы билгенге аракет кылсак, өсүш болот.
- Жаңы шайлана турган шаардык кеңеш көңүл бура турган негизги көйгөйлөр кайсы?
- Бишкекте миллиондой эл жашайт. Жумуш менен камсыздоо маселеси, коомдук транспорт көйгөйү, курулуш, социалдык инфраструктура жагы курч болуп турат.
Жашоо сапатыбыз кандай? Тургундар шаарда өзүн бактылуу сезеби? Ушуларга көңүл бурулууга тийиш.
“Эркиндик бульвары сонун, эки-үч парк ачып койдук” деп жыргай бербей, калааны бүтүн бир организм катары көрүш керек. Ар бир маселени чечүү жолдору бар. Ал үчүн билимдүү кадрлар жана күчтүү саясий эрк керек. Жашоочулар 11-апрелдеги шайлоого активдүү катышып, добуш берип, калаанын өнүгүшү үчүн салым кошууга милдеттүү экенин унутпаса дегим келет.