- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетиндеги журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Акылай Жеңишованын блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.
Жакында режиссёр Адилет Акматовдун драма, криминал жанрындагы "Пери" тасмасы элге тартууланды. Тасма зордук-зомбулук, сексуалдык ыдык көрсөтүү, мыйзамдарын иштебестиги, акыйкатсыздык сыяктуу социалдык оор темаларды козгойт жана көрүүчүнү ойлонтот.
Окуя тасманын баш каармандарынын бири, мурдагы мушкер Арсландын сүйлөшкөн кызы менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн учурунан башталат. Арслан сүйүктүүсүн карап, “Кызыбыз болсун...” деп ак кемеде таза, аруу, таттуу ойлору менен бөлүшөт, кыялданат. Бирок жашоо миналарга толгон бир чоң талаа сыяктуу экен. Качан, кайсыл жерден жарыларын билбейсиң. Арслан дагы билген эмес. Кеменин ичинде мас адам ага тийишип, аягы мушташка жетет. Каргаша басып, ачууга алдырган каарман мас адамды өлтүрүп алат да, кыялдарынын баарын өзү менен кошо темир торго алып кетет. Андан ары анын окуясы өз карындашындай болуп калган кошуна кыз Пери жана баш каармандын антагонисти Тариел менен уланат.
“Качып кеткен жоксузбу?” деп түрмөдөн эрте чыккан Арсланды көргөн Пери тамашалап сурайт. Ушул эпизоддон көрүүчүлөр тасманын дагы бир каарманы Пери менен таанышат. 11-классты аяктап жаткан Пери келечекте чыгаан архитектор болууну кыялданат. Чет жердеги мыкты университеттен билим алсам дейт. Ал кыялына да жетмек. Эгер Тариелдин зөөкүрлүгү болбосо...
Тариел - өз үй бүлөсүндө зомбулук көрүп, ата-энесинин мээримин албаган бала. Агрессия менен чоңоюп, ичиндеги ыза, күйүтүн зомбулук менен сыртка чыгарып, ичиндеги боштукту башка бирөөнүн жанын оорутуу менен толтурган каарман.
Классташынын туулган күнүнө келген Перини ала качып, зордуктайт... Тариелдин ролун аткарган Каган Мукул кино карьерасындагы эң оор образды ойноду окшойт. Анткени каарманынын ырайымсыздыгын экран аркылуу сездире алган. Перинин образын жараткан Жибек Бактыбекова өзү жаш болгонуна карабай, ролуна жарашып, каарманы аркылуу тасмадагы көйгөйдү көрсөткөнгө жакшы аракет кылган.
“Акыркы учурда бул тема өтө көп кездешип жатат. Ачыкка чыкканы, чыкпагандары бар. Өзүм дагы андай окуяларды билем. Уккандарымды чогултуп, ушундай сценарий жазылды”, - дейт тасманын режиссёру Адилет Акматов.
Кыргызстанда соңку жылдары зомбулук фактылары жаңылыктардын күндемин түзөт. Тилекке каршы, зомбулук, зордуктоо, адам уурдоо фактылары боюнча катталган иштердин жарымынан көбү “тараптардын макулдашуусу менен...” деп токтотулат.
Мисалы, 2021-жылы 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53%, адам уурдоо боюнча 254 факты катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деп табылып токтотулган. Эң аянычтуусу, көпчүлүк учурда жапа чеккен тарап - жашы жете элек балдар жана аялдар. Ушундай зомбулуктун курмандыгы - Пери.
Статистика көрсөтүп тургандай, көпчүлүк учурда жапа чеккен тараптын укугу толук корголбойт. Уят, эл эмне дейт деген түшүнүктүн, милиция кызматкерлерине болгон ишенбөөчүлүктүн айынан канчалаган жаш кыздардын тагдыры талкаланып жатат. Дал ушул көйгөйдү тасмада көрсөтүшкөн. Мыйзамдуу жазадан кутулган Тариелди атасы гана камчылап тим болот. Бирок көйгөй чечилбейт. Зомбулукту жеңүүнүн жолу - мыйзамдар иштеп, күнөөлүү өз айыбын мойнуна алып, сот аркылуу жазаланышы керек.
Тасмада көрсөтүлгөндөй, зомбулук жугуштуу дарт сыяктуу, биринчисинен экинчисине илээшип, улана берет. Бийлик, акча, тааныш бир зордукчуну коргоп, күнөөсүз жабырлануучуну тагдырдын жаргылчагына таштайт. Мындайча айтканда, “коомдун жана жеке адамдын коопсуздугун камсыз кылууну милдетин ишке ашыруучу мамлекеттик укук коргоочу орган” максаттуу түрдө зөөкүрлөрдү таптаган системага айланып бараткандай. Акчага сатылып, алданган мындай кызматкерлер өз кызын, карындашын көргөндө Перини элестетсин дейсиң.
“Тасманын башында Пери баёо, шайыр кыз болсо, тасманын аягында суз тартып таптакыр башка кызга айланат. Мындай окуядан кийин өз жашооң менен коштошконго даяр болосуң, ошого чейин жеткизет. Зомбулукка кабылган кыз түз эле ата-энесине барышы керек. Милиция аркылуубу, коом же социалдык тармактар аркылуу адилеттүүлүккө жетүүгө аракет кылышы керек. Уялып, эл эмне дейт дебеш керек. Зомбулук кылган киши эч нерсе болбогондой эркиндикте жүрбөшү керек”, - деди Перинин образын жараткан Жибек Бактыбекова.
“Тасма көбүрөөк кыздарга арналган. Пери кабылган жагдайга туш болсоңор, өзүнөрдү кармап, жашырбагыла, арыз жазып, кайрылгыла, жалгызмын деп ойлобогула деген ойду берели дегенбиз. Бул жабыгуу кийин да өз кедергесин тийгизет. Учурунда керектүү жардамды алыш керек”, - дейт тасманын режиссёру.
Тасмада зордуктоо кадрлары ачык көрсөтүлгөн. “Ошол жерлерин анчалык ачык көрсөтпөй эле койсо болмок” деген пикирлерди уктум. Чындыгында, тасманы жашы жете элек кыздар, балдар көрсө, аларга кандай таасир калтырат, билбейм. Бирок акыркы жылдары зомбулук тууралуу жаңылыктар көп. Ага кайдыгер караган жарандар тууралуу да укпай койбойсуң.
“Үйүндө урушуп жатышкан, кыйкырыктар, уруп-соккону угулуп жаткан” деп эле, жагдайын сурап, жардам берейин дегенден, балким, коркушат, балким, жөн гана кайдыгер карап, “мага эмне” деп кетип калышат. Психологияда зомбулукту аныктаган десенсибилизация теориясы бар. Анда ЖМКларда, негизи эле медиада зордук-зомбулук тууралуу көп айтылса, көрсөтүлсө, адамдар мындай нерселерге кайдыгер карай баштайт. Тактап айтканда, алар зомбулукту жалпы кабыл алынган кадимки көрүнүш катары кабылдап калат. Зомбулук болуп жатканын көрсө, каршы аракет кылбайт.
Бул теориядан улам тасмадагы зордук-зомбулук кадрлары ачык эле көрсөтүлгөнүн, адамдарда мындай көрүнүшкө болгон эмпатиясын ойготуп, коомдогу орчундуу бул көйгөйгө көңүл бурдуруу, ойлондуруу аракети катары бааласа болот. Социалдык тармактардагы тасма тууралуу видеолорду, пикирлерди жалпысынан анализдегенде, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү зордукка кабылган кыз өзүн кандай сезерин, бул өтө коркунучтуу экенин билгенин байкоого болот. Демек, тасма ушундай эмоцияларды чакыра алса, анда көрүүчүлөр бул көйгөйдү түшүндү, көрдү десек болот, менимче.
Пери жашоосундагы эң оор учурунда апасынын катышуусу, реакциясы көрсөтүлбөй калган. Негизи эле апасы тасманын орто ченине чейин экранда көрүнүп, кайра сценарийден жоголуп кетет. Анткени Пери бул окуя тууралуу эч кимге айтпоону чечет. Кызынын келечегине балта чапкан окуяны сезбеген, билбеген эне, кыргыз коомчулугундагы үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн көрсөттү.
Телефондон башын албай, тынч отурса эле болгону деп балдарына көңүл бөлбөгөн ата-энелер да коомдогу зомбулуктун катышуучулары деп билем. Үй-бүлө курууну, пландоону кой, үй-бүлө эмне экенин толук түшүнбөй туруп балалуу болгон ата-энелерди сындайм.
Өзүлөрү психологиялык, эмоционалдык жактан толук жетилбей, балдарына да ошондой тарбия беришет. Тасмада Перинин апасы сценарийден жоголуп кеткендей, балдарынын жашоосунда эмне болуп жаткандыгынан бейкапар жүрө беришет. Анда сенин ата-энелигиң эмнеде? Ошол эле Тариелдин атасы, мисалы. Баласын аталык сезим, мээрим менен тарбиялагандын ордуна, жөн гана сабап коёт, баласы эсине келип калчудай.
Атасы таяк менен чоңойгон баланын ичи кандай караңгылыкка толорун, үйүнөн көргөн кордукту башка бирөөгө көрсөтөрүн ойлонбойт.
Коопсуз өлкө бири-бирин сыйлаган коомдон түзүлөт. Андай өлкөдө жашагың келсе, биринчи өзүңдү, анан башкаларды сыйла. Ч.Айтматов “Баарыбыз бир кемедебиз” деп айткан. Кеменин бир жери тешилип, суу жайпап кетсе, баары чөгөт.
Баса, тасманы башталганда эле биз көргөн каарман Арслан Перини коргойм деп, өз жанын курмандыкка чалат. Муну менен ал Адам деген атка татыктуу бойдон калгысы келгендей таасир калтырат.