9-ноябрда Берлин дубалынын кулаганына 25 жыл толду. Бүгүн Германиянын борборунда буга байланыштуу салтанатуу иш-чаралар өтөт. Берлинди батыш жана чыгышка бөлгөн дубал 1961-жылы курулуп башталган. Ошол жылдын 13-августунда ГДР (Германия демократиялык республикасы) ал жерге аскердик күзөт койгон. Андан көп узабай шаардын коммунисттик бийлиги Берлиндин өзү көзөмөлдөгөн аймактарына дубалдарды тургуза баштаган. Дубалдын жалпы узундугу 155 километрди түзгөн. 1989-жылы курч кризистик кырдаалда дубалдан өтүүгө уруксат берилип, Чыгыш Германиянын жашоочулары Батыш Берлинге тоскоолдуксуз өтүп башташкан. Андан соң дубалды бузуп, алып салышкан. Берлин дубалынын урашы коммунисттик режимдин ГДРде гана эмес, жалпы Чыгыш Европада кулашы катары кабыл алынып келет.
Берлин дубалынын кулаганына 25 жыл

1
Шаардын Бернауэр-штрассе деп аталган бөлүгүндө Берлин дубалын тургузуу иштери жүрүп жатат. Август, 1961-жыл. ГДР менен Батыш Берлиндин чек арасы 13-августа биротоло жабылган.

2
Берлин дубалын тургузуу иштери. 20-ноябрь, 1961-жыл.

3
Батыш Берлиндин жашоочулары америкалык аскерлердин көзөмөлүндөгү "Чекпойнт Чарли" көзөмөл бекетинин жанында. Июль,1963-жыл.

4
АКШ президенти Жон Кеннеди Батыш Германияга болгон сапары учурунда "Ich bin ein Berliner" ("Мен - берлиндикмин") деген айтылуу сөзүн сүйлөп жаткан учуру. 26-июнь, 1963-жыл.

5
Бранденбург дарбазасынын тикенектүү зым тосмонун ары жагынан көрүнүшү. Июнь,1968-жыл.

6
"Чекпойнт Чарли" бекети, Батыш жана Чыгыш Берлиндин чек арасы. 1968-жылдын жайында.

7
Берлин дубалы жана анын артындагы Чыгыш Берлиндин үйлөрү. 1968-жыл.

8
Дубалдын батыш бөлүгү дүйнөнүн ар тарабынан келген сүрөтчүлөр менен туристтердин тарткан сүрөттөрү менен жазган жазууларына толуп, өзүнчө эле галерея болуп кеткен. Ал эми чыгыш тарабы тыкыр күзөт коюлгандыктан таптаза бойдон турат. 29-апрель,1984-жыл.

9
Экиге бөлүнүп турган Берлин.1986-жыл.

10
1989-жылы 9-ноябрда ГДР өкмөтү Батыш Берлин менен чек араны ачкандан кийин тургундар шаарды экиге бөлүп турган дубалдын Бранденбург дарбазасы тушун бузуп жатат.

11
Чек араны ачуу. Берлин, 9-ноября 1989-жыл.

12
Дубалдын эки жагындагы тургундар чек ара ачылгандан кийин кучакташып, жолугушуп жаткан учуру. 10-ноябрь,1989-жыл.

13
Коммунистик ГДРдеги таанымал "Трабант" автоунаасы Рудольфштейн чек ара бекети ачылгандан кийин шаардын батыш бөлүгүндөгү чоң жолдо баратат.11-ноябрь, 1989-жыл.

14
Аскерлер жана Берлиндин тургундары Подтсдамер-плац районунда. 11-ноябрь, 1989-жыл.

15
Дубалды бузуу. Берлин, Потсдамер-плац, 12-ноябрь,1989-жыл.