Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

"Путин турганда Орусияда эркиндик жок". Белгороддо атайын операция уланууда


Украинадан Орусиянын Белгород шаарына алып барган жол. 2022-жылы февралда тараптардын ортосундагы биринчи кагылышуу болгон аймак. Харьков, Украина. 24-февраль, 2023-жыл
Украинадан Орусиянын Белгород шаарына алып барган жол. 2022-жылы февралда тараптардын ортосундагы биринчи кагылышуу болгон аймак. Харьков, Украина. 24-февраль, 2023-жыл

Орусиянын бийлиги Украина менен чектешкен Белгород облусунда куралчан топко каршы операция уланып жатканын билдирди. Орус жарандарынан турган легион чек арадан өтүп, рейд уюштурганын моюнга алган. Киев окуяга тиешеси жоктугун айтууда. Украинанын бир катар аймактары шейшембиде соккуларга кабылды.

Орусиянын армиясы акыркы 24 саатта Днепропетровск, Запорожье жана Харьков облустарына 20 жолу ракетадан сокку урганын украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы шейшембиде билдирди.

Андан тышкары Иранда жасалган "Шахед" дрондорунан жана жапырт аткылоочу ракеталык системалардан аскерлердин позицияларына жана калк жашаган райондорго чабуул коюлду.

Белгороддогу “терроризмге каршы операция”

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков. Архивдик сүрөт
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков. Архивдик сүрөт

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков ушул эле күнү аймакта “терроризмге каршы операция” жүрүп, Коргоо министрлиги жана күч түзүмдөрү Украина менен чек арада “тазалоо иштерин улантып жатканын” билдирди. Губернатор Телеграм-каналындагы кайрылуусунда Грайворон районунун тургундарын азырынча үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды:

"Тилекке каршы кечээ (дүйшөмбүдө) эвакуация жүрүп жатканда 1941-жылы туулган бир аял каза болду. Абдан аянычтуу, элге жаның ачыйт. Себеби аныкталууда. Маркум уул-келини менен автобуста бараткан".

Гладков дагы эки киши жарадар болгонун, орус коопсуздук күчтөрү аларга азырынча жете албаганын кошумчалады.

Орусия тараптын маалыматына ылайык, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки турак жайга дрондор менен сокку урулду. Губернатор жабдыктар атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди.

“Медиазона” Белгород шаарынын борборунда жарылуу болгонун жана коопсуздук кызматынын аймактык баш кеңсесине кетчү жолдор тосулганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

22-майда Украина менен чек аралаш Белгород облусунда кармаштар жүргөнү кабарланган. Москва укрианалык “диверсиялык топ” жапырык жасаганын айтууда. Киев айыптоолорду четке кагууда.

Ал күнү эртең менен Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта жарылуу жана атышуулардын добушу угулуп жатканын кабарлашкан. Рейддер үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” өкүлдөрү алган. Маалыматтарга караганда, орус жарандарынан куралган бул топтор украин тарапта согушуп жүрөт.

“Биз балдарыбыздын тынчтыкта чоңоюшун, эркин адам болушун каалайбыз. Саякаттасын, билим алсын, эркин өлкөдө бактылуу өмүр сүрүшүн каалайбыз. Бирок коррупциядан, калптан чириген, цензура, репрессиялар өкүм сүргөн азыркы путиндик Орусияда андайга мүмкүнчүлүк жок. Орусия эркин болот!” - деди өзүн “Эркин Орусия" деген легиондун мүчөсү катары тааныштырган адам.

"Рейтерс" агенттиги бул видеону легиондун маалымат өкүлүнөн алганын, бирок ал качан тартылганын тастыктоо мүмкүн эместигин жазды. Кабарчылар аймактын, имараттардын жана жолдордун схемаларын спутниктен тартылган сүрөттөр менен салыштырып, Белгороддогу Козинка айылы экенин аныкташты.

Украинанын реакциясы

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов алар Белгород облусунда “коопсуздук тилкесин” түзүү операциясын жүргүзүп жатканын билдирген. Адатта украин армиясы Орусиянын аймагы аткыланган учурлар же ал жактагы диверсиялар тууралуу комментарий бербейт. Юсов операцияга орус жарандары гана катышканын баса белгиледи.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк. Архивдик сүрөт
Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк. Архивдик сүрөт

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киевде ал окуяларга «кызыгуу менен байкоо салып жатышканын», бирок аларга “түздөн- түз тиешеси жоктугун” жазды. Анын айтымында, “танктар орусиялык аскердик дүкөндөрдө сатылып жатат, партизандар отряддары Орусиянын жарандарынан куралган”.

23-майда Орусиянын Тергөө комитети теракт, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу, киши өлтүрүүгө аракет кылуу, мүлктү атайылап жок кылуу жана мыйзамсыз курал-жарак сатуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Москва кошуна өлкөгө кол салгандан бери орус аймагында мындай чоң кармаш жүргөн эмес. Украина менен чектешкен Белгород, Брянск жана Курск облустарындагы атышуу, жарылуу болгону утур-утур кабарланып келет.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбүдө окуя тууралуу президент Владимир Путин кабардар экенин айтып, Белгороддогу рейдди “Бахмуттан алагды кылуу аракети” деп сыпаттады. Орус бийлиги жакында Донецк облусундагы Бахмут шаарын ээлегенин билдирген, Киев көзөмөлдү толук колдон чыгарганын четке кагууда.

Украин армиясы Бахмутта жана айланасында салгылашуулар уланып жатканын шейшембиде билдирди.

XS
SM
MD
LG