Президент Лукашенко Беларустун эгемендик күнүнө арналган салтанаттуу жыйында залда отургандарга адаттагыдай орус тилинде эмес беларусча кайрылды. Бул беларус лидеринин 20 жылдык бийлик маалында биринчи жолу өз эне тилинде сүйлөгөн расмий сөзү экенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ошол эле маалда айрым комментаторлор эми президент Лукашенко экономикалык жана саясий жакын өнөктөшү Орусиядан өз алдынчалуулугун сактоого кадам таштады деп жоромолдоп жиберишти. Ушул жыл башында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Беларустун президенти ага каршы көз карашын билдирген.
Лукашенконун коомчулукту таң калтырган кайрылуусу Владимир Путин Беларусиянын немистик-фашисттерден бошотулганынын 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга беларус жергесине келээрден бир күн мурун жасалды.
Лукашенконун мурдагы маалымат катчысы Александр Федута болсо президенттин кайрылуусуна эч кандай саясий түс берүүнүн кажети жоктугун айтып, мамлекет башчынын элине беларусча кайрылбай калганына маалымат каражаттары күнөөлүү деп эсептейт.
"Тилекке каршы, Александр Лукашенко президент катары элге алгачкы жолу беларусча кайрылгандан кийин баары эле анын сүйлөгөнүн талдай баштаган. Ар кандай пикирлерди окуган соң, президент коомчулуктун алдында беларусча сүйлөөдөн баш тарткан” - дейт 1994-жылы жаңы президенттин эгемендик күнү менен куттуктоосун беларусча жазган Александр Федута.
20 жыл мурун Лукашенко “беларусча сүйлөгөндөрдүн колунан сөздөн башка эч нерсе келбейт, анын үстүнө беларус тили мухиттей чалкыган деле тил эмес” деп сындап, дүйнөдө “эки гана улуу тил бар - орус жана англис тилдери” деп мүнөздөгөн.
“Беларус президентинин үстүнөн күлгөнүңөрдү токтоткула. Аны чочутпагыла, болбосо дагы 20 жыл күтүүгө туура келет”А.Федута
1995-жылы Беларуста тил боюнча талаштуу референдум өткөндөн кийин, беларус тили менен бирге орус тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Лукашенконун сынчылары президент беларус тилин басмырлоо саясатын жүргүзүп, беларус тилиндеги мектептерди жаптырып, басылмаларды жок кылды деп айыпташат.
Советтик доордо беларус тили айыл - кыштактарда жашаган карапайымдардын тили деп саналган. Кызматтан жогорулайм, илим-билимдүү болом дегендердин баары орус тилинде таза сүйлөп, жазганды үйрөнүшкөн.
Учурда болсо беларус тилинин баркын көтөрүп, таламын талашкандер негизинен саясий бийликке оппозициялык көз караштагылар, улутчулдар жана интеллектуалдар. Ал эми беларустардын көпчүлүгү эки тилди аралаштырып сүйлөшөт.
20 жылдан кийинки президент Лукашенконун беларусча элге кайрылганы - мамлекет башчы анча-мынча акценти гана болбосо, беларусча сүйлөй турганын далилдеди.
Лукашенконун мурдагы маалымат катчысы Федута болсо интернетте президенттин ар бир сөзүн талдап отургандарга “Беларус президентинин үстүнөн күлгөнүңөрдү токтоткула. Аны чочутпагыла, болбосо дагы 20 жыл күтүүгө туура келет” деп эскертти.