Азаттык үналгысы

Бейиштей жерден куулгандар

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы

23-февраль, 2021-жыл

Курбановдордун үй-бүлөсү ондогон жылдар бою Чаткал тоолорундагы бул бейиштей болгон капчыгайдагы Шоввозсой дарыясын бойлой миңдеген түп бак-шак тиккен. Боймок Курбанов өз өмүрүнүн 70тей жылын жаңгак, мисте, бадам, өрүк, алма жана башка бак-дарак тигип, бакканга арнаган.

«Табиятты сактоо үчүн алардын кылганын көрүп таң калып, азыркынын каармандары дейсиз. Тээтиги тоолордогу арча, жаңгак, теректи карасаңыз. Жыл сайын Курбановдордун уулдары 1000-1500 түп ар кандай бак-дарак тигип, аларды өз маалында сугарып, көздүн карегиндей коргойт». Ахангаранск районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мамадали Курбанкуловдун бул сөзү «Сарсуюн токойчуларынын династиясы» делген макаладан алынды. Ал «Оҳангарон ҳаëти» ( «Ахангаран жашоосу») деген гезитте 2014-жылдын 3-январында жарык көргөн.

Үй-бүлөнүн башчысы Боймок ата 2000-жылдары 88 жашында дүйнө салган. Анын байбичеси Турдугүл апа 10 уулу менен Батыш Тянь-Шанда тоо койнундагы токойду карап калган. Чек аралаш тоо кыркасы ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине 2016-жылы кирген.

Шоввозсой токой чарбасы.

2017-жылы Турдугүл Курбанова өзбек парламентине жана президент Шавкат Мирзиёевге расмий кат жөнөтүп, “аткаминерлердин табиятка кол шилтеген мамилесине” арызданган.

93 жаштагы Турдугүл апа бийликке жолдогон катында «Аймакка жаңы дамба, жолдор салынып, башка дагы курулуштардын жүргөнү миңдеген жылдар бою өскөн жапайы карагай менен алчанын, мажүрүм тал менен тыттын жоголушуна алып келет. Келечекте мунун баары экологиялык системаны өзгөртүшү мүмкүн»,- деп жазган.

Курбанова жергиликтүү бийлик менен «Узбекистон темир йуллари» мамлекеттик ишканасы жана жергиликтүү аткаминерлер аны уулдары менен турган жеринен көчүрүүгө аракеттенип жатканын кошумчалаган.

«Биз бул жерди өмүр бою көздүн карегиндей коргоп келдик. Эгер биз бул жерди таштап кетсек, баары талкаланып жок болот. Кийин бул үчүн ким жооп берет?!», - деп даттанган.

Байбиченин арыз-муңуна карабай, бир нече аптадан кийин Курбановдордун үйү короо-жайы менен түрттүрүлүп, жер менен жексен болгон. Тоо койнунда сууну тосуп, көл жасалып, эс алуу жайы салына баштаган, ага акча кайдан келип жатканы сыр бойдон калган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жаңы иликтөөсү 2017-2018-жылдары көз жоосун алган ак сарай жана жасалма көл Мирзиёев үчүн курулганын таап чыкты.

Долбоор менен тааныш бир нече булак бышыктагандай, курулуштун жалпы баасы - анын ичинде суу сактагычты кошкондо бир нече жүз миллион долларга чабат.

Коруктагы жашыруун ак сарай

2017-жылкы Турдугүл Курбанованын арызы бул долбоор ошол аймактагы тургундардын жашоосун кандай өзгөрткөнүн көрсөтөт. Дарыянын төмөн жагында жашагандар сууга жетпей калган.

Бул кат ошондой эле Мирзиёевдин расмий резиденцияларынын тизмесине кирбеген Шоввозсой эс алуу жайынын курулушу жана өзбек өкмөтү коомчулукка бир ооз айтпаган суу сактагыч тууралуу жергиликтүү эл беймаалым экенин бышыктайт.

Коруктагы суу сактагыч

Турдугүл апанын төрт жыл мурун Ташкентке жазган каты “Азаттыктын” өзбек кызматынын Шоввозсой эс салуу комплекси тууралуу өз булактарынын маалыматын тастыктайт.

Чоң зыян

Боймок Курбановдун он баласы төрөлүп-өскөн үй-жай 43 миң гектар аймакты ээлеген мамлекеттик Угам-Чаткал биосфералык коругунда жайгашкан.

«Буга чейин бул жерде чабандардын чакан үйлөрү бар болчу. Бала кезибизде тоого чыгып, ышкын терчүбүз. Бул аймактарды Боймок Курбанов карап, гүлдөткөн. Ал жетимиш жылдан ашуун бул жерге миңдеген терек, тоо алма тигип, аймакты чыныгы бейишке айланткан», - деп бала чагында Шоввозсойдун жээгинде кой кайтарган Ахангарандын жашоочусу “Азаттыкка” эскерди.

Бирок 2017-жылы эс алуу жайынын курулуш планын ишке ашыруу башталганда Курбановдордун үй-бүлөлүк бейиши коркунучка кептелген.

"Азаттыктын” өз булактары билдиргендей, долбоордогу эң башкы адамдардын бири Ачилбай Раматов, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри, ал маалда «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын төрагасы болгон.

2018-жылы майда премьер-министр Абдулла Арипов токтом чыгарып, мамлекеттик Угам-Чаткал мамлекеттик биосфералык коругун «Узбекистон темир йуллари» ишканасынын карамагына өткөрүп, ага толук көзөмөл кылууну Ачилбай Раматовго тапшырган.

Ишенимдүү булактар билдиргендей, бул токтомго чейин бир нече жыл мурун эле Раматов ал аймакка мергенчинин үйүн салган. Кийинчерээк ал жерде Мирзиёевдин эс алуу жайынын курулушу башталган.

Турдугүл Курбанованын президентке жазган кайрылуусунан алынган төмөндөгү сөздөр булактар айткан маалыматты ырастайт.

«"Узбекистон темир йуллари" акционердик компаниясынын төрагасы Ачилбай Раматов, анын өкүлү Равшан Файзуллаев, бөлүм башчысы Иззат Ташбаев каалаган убакта жапайы жаныбарларга аңчылыкка чыгып, табиятка чоң зыян келтирип жатышат. Аларга мындай укукту ким берди? Биздин мамлекетте мындай өзүн өзү билүүгө уруксат берилгенби?»,- деп даттанган Курбанова.

Ачилбай Раматов "Азаттыктын" өзбек кызматынын Шоввозсой комплекси жана резиденциясынын курулушуна чейин бир нече жыл мурда бул аймакта пайда болгон мергенчилердин үйү тууралуу комментарий сураган өтүнүчүн жоопсуз калтырды.

“Азаттыктын” Ангархандагы өз булактарынын бири ырастагандай, Иззат Ташбаев 2017-жылы «Шоввозсой» токой чарбасында инспектор болуп иштеген, ал азыр дагы ошол кызматты аркалайт. Ташбаевдин ысымы Турдугүл Курбанованын катында да аталат. Бул каттагы дагы бир ысым - Равшан Файзуллаев. «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын веб-сайтындагы маалыматка караганда, ал ишкананын Ташкент облусундагы бөлүмүн жетектейт.

Аты аталган эки киши менен тең байланышууга мүмкүн болгон жок.

Турдугул апа өз арызында алар жаныбарларды жок кылган мергенчилик гана эмес, табиятты бузуп жатышканын жазган.

“Курулуш иштери жана башка аракеттер жапайы жан-жаныбардын тынчын алып, алардын көбөйүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын, бул аларды тукум курут кыларын” эскерткен.

Ал Мирзиёевден “кийин тигилген жана жапайы бак-даракты, өсүмдүктөрдү жол кылууну токтотууну” өтүнүп, ал жерди мекендеген жан-жаныбарды “курулуш техникасынын күрүлдөгөн үнүнөн” коргоону жана бул аймакты кайра калыбына келтирүү маселесин карап чыгууну өтүнгөн.

«Эмнеге биздин аткаминерлер өз көзү менен көрүү үчүн жерине барып, чечим чыгарышпайт?!»,-деп тынчсызданган Турдугүл апа.

Ал жактагы курулушчулардын биринин айтканына ишенсек, Мирзиёев бир нече жолу бул аймакка келген.

Мирзиёевдин администрациясы Турдугүл Курбанованын арызы тууралуу комментарий сураган өтүнүчкө жооп берген жок.

Жоготуу

Турдугүл апа бийликке жолдогон арызда Шоввозсой эс алуу жайын куруудагы “Узбекистон темир йуллари» ишканасынын “аракеттери” жергиликтүү элди нааразы кылганы айтылган.

“Алар биздин үйгө барчу жолдорго шлагбаум коюп, өткөрбөй жатышат”, - деп арызданган.

Турдүгүл апа Ташкент облусунун бийлиги 2017-жылдын 25-февралындагы чечими менен алардын үйү турган жерди мамлекетке өттү делген жүйө менен тартып алып, анын үй-бүлөсүн күчтөп тышка чыгарып коюшканына даттанган. Журналисттер бийликтин мындай чечимин ачык булактардан таба алышкан жок. Ташкент облустук администрациясынын басма сөз кызматынан бул тууралуу суроого эч ким жооп берген жок.

“Азаттык” өзбек өкмөтү Курбановдорго үй-мүлкүн алып койгону үчүн тиешелүү кенемте төлөгөнүн да тактай алган жок.

Үй-бүлөнүн мүчөсү маек берүүдөн баш тартты.

Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин турак жайлар жапырт түрттүрүлүп, миңдеген өзбекстандыктардын укуктары бузула баштаганда Human Rights Watch эл аралык уюму Мирзиёевдин өкмөтүн “күчтөп көчүрүлгөн үй ээлеринин, тургундардын жана ишкерлердин мүлк укугун коргоп, аларга калыс жана тиешелүү өлчөмдө кенемте төлөп берүүгө” чакырган.

2017-жылдын 20-июнунда Турдугүл Курбанованын арызынан үч аптадан кийин өзбек өкмөтүнүн алдындагы Транспорт-курулуш боюнча илимий долбоорлоо институту «Боштранслойиха» мекемеси Боймок Курбанов бир кезде көздүн карегиндей караган, бейиштей болгон токойдун ордуна эс алуу жайын куруу жөнүндө келишимге кол койгон.

«Боштранслойиха» жана «Узбекистон темир йуллари» компанияларынын ортосунда 2017-жылдын июнь айында кол коюлган Шоввозсой резиденциясын өнүктүрүү боюнча келишим.

«Узбекистон темир йуллари» компаниясынын капиталдык курулуш боюнча дирекциясы менен кол коюлган бул келишим “Шоввозсой токой чарбасынын аймагында эс алуу зонасын куруу” долбоору деп сыпатталган.

Бир катар жергиликтүү булактар билдиргендей, Курбановдорду мына ошол маалда үй-жайынан чыгарышкан.

Курбановдордун үйү жана бакчасы турган жакка азыр өтүп баруу мүмкүн эмес, жолдорго шлагбаум коюлуп, буфердик зонаны коопсуздук күчтөрү кайтарып турат. Кабарчылар жергиликтүү тургундардын жардамы менен Курбановдордун үй-жайын геолокация аркылуу аныктай алышты.

Спутниктен тарткан сүрөттөрдө Боймок Курбановдун тамынын жанында дагы бир нече үйдү короо-жайы менен көрүүгө болот.

2016-жылдын августунда тартылган сүрөттөрдө Сарысуюнсой жана Чотисой дарыялары Шоввозсойго куйган жердеги токой ичинде үйлөр көрүнөт.

2017-жылы июнда Курбановдор үй-жайынан көчүрүлгөн соң мурдагы там-тарактан эч нерсе калган эмес.

Бир жылдан соң ал жер суу сактагычтын түбүндө калган.


Коруктагы жашыруун ак сарай