Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Чек ара: Баткенде 613 үй зыян тартканы аныкталды


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын маалыматына караганда, куралдуу кагылышта 613 үй зыян тартканы аныкталды.

Административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.

Калыбына келтирүү үчүн даярдык иштери жакын арада башталарын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирген. Каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен да 497,6 миллион сом бөлүнгөн.

Жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 23-сентябрга карата 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG