Орусиянын Москва шаарында “Яндексте” эмгектенген кыргызстандык мигрант соңку учурларда курьерлерди баңгизат менен кылмышка түрткөн учурлар көп болуп жатканын айтып берди.
“Ичинде бир эле футболка бар, жеткирип кой” деди. Макул болдум, бирок шек санап калдым. Ачып карасам, ичинде маңзат бар экен”.
Москвада “Яндексте” курьер болуп иштеген кыргызстандык Алияр Матраимов быйыл 12-октябрда адаттагыдай эле ишке чыгып, аз жерден кылмыштуу ишке аралашып кала жаздаганын айтып берүүдө.
"Баңгилерди бир көргөндө билесиң да, арык, жүдөмүш адам болчу. Кандай эле бир футболканы 1,5 миң рублга бир сааттык жолго жөнөтүп жатат деп ойлодум. “Бул адамда кайдан акча?” деп дароо шек санадым".
“Яндекстин” эрежеси боюнча курьер алып бараткан жүктү текшерүүгө укуктуу. Алияр шектүү баштыкты ачып караганда, эски футболка, анын ичинен желим баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган.
“Чынында мен адегенде корктум. Техникалык колдоого жаздым. Мен кабылган окуяны айттым. Бул заказды жеткирбейм, баштыкты ыргытам дедим. Техникалык колдоо кызматы эч кандай жооп берген жок. Болгону заказды жокко чыгарды. Мен сүрөттөрдү жөнөтүп, жазгам. Андан кийин бешинчи заказымды алып, ишимди улантып кеттим. Ал нерсенин баарын топтоп, баштыкка салып, таштандыга ыргыттым. Өзүмө далил катары видеого тартып алдым”.
Алияр окуя боюнча полицияга кайрылган эмес. Полицияга кайрылсам, убара тартып иштен калам деп ойлогон экен.
“Билесиздер, Москвада тынбай иштеп турушубуз керек. Ар бир саат маанилүү десем жаңылышпайм. Эгер полицияга берсем, аны менен бир күн кечке жүрүшүм керек болчу”.
Ошондо жүктү жөнөткөн жигит Алиярды коркутуп, жүктү кайтарып берүүсүн талап кылган.
“Кардарга чалып, “мени атайын кылмышка түртүп жатасыңарбы? Эмне жөнөткөнсүңөр?” десем, “Сен эмне деп атасың? Анда эч нерсе жок. Бир эле футболка болчу. Өзүң салып койгондурсуң” деп кайра мени коркута баштады. Башка номерлер менен чала башташты. “Алып келип бер, сени таап алабыз” дешти. “Колуңардан келгенин кылып алгыла. Болбосо полицияга кайрылам” деп айттым”.
Орусияда курьерлик иштегилер өтө этият болуусу керек. Алиярдын айтымында, мигранттар мындай кооптуу абалга кептелген учурлар көп эле болот.
“Негизи эле бул нерсе көнүмүш адат десем болот. Мунун айынан биздин көптөгөн мекендештер камалып кеткен. Алданышкан. Көбү билбейт. Кыргызстандан келет да курьерлик жеңил жумуш болгон үчүн кирип алышат. Эмне ташыганын өздөрү билишпейт. Эмне алып кетип жатканын билиши керек. Мисалы, мен шек санадым, ачып көрдүм”.
Алиярбек Ош облусундагы айылдардын биринде туулуп-өскөн. Москвада курьер болуп иштегенине төрт жылга чукулдады. Ал соңку кездери рублдин куну түшүп, тапкан акчасынын берекеси кеткенин айтууда.
“Мисалы, айлык көтөрүлгөн жок. Өзгөрүш деле жок. Мурдагы эле 40-50 миң рубль. Чыгымдарды алып салсаң, Кыргызстанга айына 20 миң рубль саласың. Ошол 15 миң сом болуп түшүп жатат. Ошол үчүн мен мекениме кайтып, өзүмдүн бизнесимди баштасам дейм. Өз жеримде эле иштегим келет. Бардык эле мигранттардын кыялы ушул. Эне-атабыздын жанында, аларга кызмат кылсак деген үмүтүбүз бар”.
Алияр азырынча айлык аз болсо да кооптуу ишти улантууга аргасызмын дейт. Анткени үйдүн тун уулу болгондуктан, бир бүлөнүн тиричилиги анын моюнунда.
“Бизди колдогон же мигранттарды Кыргызстанга тарткан деле эч нерсе жок. Качан барам, билбейм. Белгисиз. Бирок “ушул бизнесиңди башта” десе, бүгүн кеткенге даярмын. Чынында мекенимди сагындым. Ата-энемди сагындым. Ата-энеме кызмат кылгым келет. Ата-энемдин жанында жүргүм келет”.
Алиярдын мекенинде сүт иштеткен ишкана ачсам деп кыялы бар, бирок аны ишке ашырууга жетиштүү акча топтой элек. Ал өкмөт ишкерлерге пайызы төмөн насыя берсе мигранттардын көбү кайтмак деген пикирде.
Орусияда курьердик кызматтан маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары аябай көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кетип жатканы буга чейин парламентте айтылган. Маңзат менен абакка кесилип, кийин “Вагнерге” азгырылып, Украинадагы согушта ажал тапкандар да болду.