Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Азербайжанда президенттик шайлоо өттү


Илхам Алиев үчүнчү ирет катары менен президенттик кызмат үчүн ат салышууда, 9-октябрь, Бакы, 2013
Илхам Алиев үчүнчү ирет катары менен президенттик кызмат үчүн ат салышууда, 9-октябрь, Бакы, 2013

Добуш берүүдөн кийинки бир катар сурамжылоолорго караганда, азыркы президент Илхам Алиев добуштардын 81-84 процентин алды.

Оппозиция болсо шайлоодо массалык бурмалоолор болгонун ырастоодо. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Жамил Хасанлы 8 процент менен экинчи орунду ээледи. Бүгүн ал билдирүү жасап, массалык бурмалоолор элдин шайлоо укугун одоно бузуу болуп саналаарын айткан.

Азербайжанда шайлоонун алдынан коом пикирин билиш үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, Илхам Алиев 10 талапкердин эң биринчиси болуп турган. Оппозициялык партиялардын коалициясы алгачкы ирет бир талапкерди президенттикке көрсөтүштү. Бул – 61 жаштагы тарыхчы Жамил Гасанлы.

Алиев бул мамлекетти акыркы 10 жылдан бери башкарып келатат. Анын президенттигинде мунай-газга бай өлкө дал ушул жаратылыш байлыктарынан түшкөн кирешенин эсебинен ички дүң өнүмүн үч эсе жогорулата алган. Кирешенин олчойгон бөлүгү коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүндө калганына карабай, элдин турмушу деле бир топ оңолду.

Жумурияттын өзүндөгү жана сырттагы саясий чөйрөдө Алиевдин режими коррупция үчүн, өкмөткө сын көз караштагы адамдарга карата ырайым билбеген мамилеси үчүн сындалып жүрөт. Адам укугун коргоочу уюмдар болсо бүгүнкү шайлоонун алдынан Азербайжанда Алиев режимин сындаган ондогон кишилер жасалма кылмыш иштери менен камалганын кабарлашты.

Бүгүн Бакы шаарындагы шайлооканалардын биринин алдынан “Рейтер” агенттигине сүйлөгөн Искандер Керимов деген шайлоочу: "Мен азыркы президентке добуш бердим. Анткени 10 жыл бою өлкөдө стабилдүүлүктү камсыздай алган адам мындан ары да мамлекеттин өнүгүшү, тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн аракет кылат деп ишенем", - деди.

Үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнүндө журналисттерге сүйлөп, оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөн Гасанлы добуш берүүнүн жыйынтыктары Алиевдин утушу үчүн бурмаланат деп ишене турганын айткан.

Гасанбы бүгүн да шайлоо күнүндө көз боёмочулуктар болгонун кабарлады. Бүгүн ал “Азаттыктын” азери редакциясына сүйлөп, анын жардамчылары көптөгөн мыйзам бузуу фактыларын топтошконун айтты.

"Мен өзүмдүн байкоочуларыман өлкө боюнча азыр түрдүү көз боёмочулуктар жөнүндө маалымат алып жатам. Расмийлер шайлоого чейин эле анын жыйынтыгын сүйлөй башташкандан кийин муну шайлоо деп атаганга ооз барбайт", - деди оппозициялык талапкер.

Оппозициянын Бейлагандагы байкоочусу шайлооканага келгенде ур-токмокко алынганын “Азаттыкка” билдирди.

Анткен менен бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын расмий өкүлү Хусейин Пашаев добуш берүү кадимкидей эле жүрүп жатканын, оппозиция тетирисинче шайлоону үзгүлтүккө учуратканга аракет кылып жатканын айтып айыптады.

Бүгүн Бакыда сүйлөгөн сөзүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Азербайжандагы байкоочулар миссиясынын башчысы Янеш Ленарчич азырынча шайлоонун жүрүшү тууралуу комментарий бере албай турганын белгиледи.

"Шайлоолор – бул тигил же бул өлкөдөгү демократиянын деңгээлин аныктай турган сыноо. Азербайжан үчүн да мунун ошондой эле мааниси бар. Биз бул жерде процесске байкоо салыш үчүн гана келдик, анын бир бөлүгү эмеспиз. Шайлоонун кандай өтөөрү Азербайжандагы оюнчуларга жана албетте, өлкө бийликтеринин аракеттерине жараша болот", - деди Ленарчич.

Алиев акыркы ирет мындан беш жыл мурдагы шайлоодо 90% добуш менен жеңген. Батыштын байкоочулары ал шайлоону жабык жана акыйкатсыз өттү деп сындашкан. Негизи, Батыш ушул күнгө чейин бул өлкөдөгү бир да шайлоону ачыктыгы же демократиялуулугу үчүн мактаган эмес.

Шайлоого бир күн калганда жарыялаган баяндамасында “Эл аралык мунаспыс” уюму азери бийликтери өлкөдө оппозицияны кодулап, коркутуп-үркүтүүнү, анын тарапкерлерин камоону улантып жатышкандыктан, азыр оппозиция “репрессиянын спиралына түшкөнүн” айткан.

Түрдүү чабуулдардан улам күчүн жоготкон көз карандысыз медиа, кодулоолорго кабылган бейөкмөт уюмдар жана түрдүү “жасалма жалаа” менен камалган оппозиция тарапкерлери жөнүндө айткан Amnesty International уюму мунун баары азыркы шайлоонун баалуулугуна шек келтирип жатканын” жазды.

Илхам Алиев өлкө башчылыгына 2003-жылы атасы Гейдар Алиев оорудан улам көз жумганда келген. 2009-жылы ал Конституцияны референдум жолу менен өзгөртүп, бир президент өлкөнү эң көп дегенде эки гана жолу башкара алат деген жобону алдырганга жетишкен.

Бүгүнкү шайлоодогу бюллетенде Алиев менен Гасанлыдан сырткары дагы сегиз талапкердин ысымдары аталган. Алардын бешөө - өлкөнүн азыркы "башкарылма парламентинин" депутаттары, калган үчөө эч кимге деле белгисиз оппозициялык талапкерлер экени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG