Балбак Түлөбаев: "Азаттык" өз акыйкаттыгы үчүн күрөшүн улантышы керек
"Азаттык" менен 1989-жылдары мектепте окуп жүргөн кезимде таанышкам. Анда үйдө турган радио аркылуу анын берүүлөрүн жашынып угуп жүрдүм. Өлкө эгемендик алгандан кийин радионун ролу эбегейсиз өстү. Азыркы күндө маалымат тараткан медиалар көбөйдү, эл өзү да маалымат таратуучуга айланды. Бир маалыматты окугандан кийин мен аны сөзсүз "Азаттыктан" тактайм. Бул медианын аналитикасы күчтүү, ошондуктан тиги же бул маалыматтын аныгын "Азаттыктан" карап, тактап алам. Ошондуктан бул медианын сайты бөгөттөлгөнү менен окурмандарын жоготкон жок деп ойлойм. Негизи эле мыйзам чегинде иштеген, аны сыйлаган өлкөдө сөз эркиндиги муунтулбашы керек. Азыр эми сот болот деп жатат, кандай гана чечим чыкпасын депутат катары, мамлекеттик кызматты аркалаган кызматкер катары мен аны сыйлайм, бирок кабыл алууга даяр эмесмин. Катардагы жаран катары сотторго ишенбей, алардын чечимдерин кабыл албайм, себеби аларга ишеним жок. "Азаттык" өз акыйкаттыгы үчүн күрөшүн улантышы керек, мындай мүмкүнчүлүк ар бир кыргыз жарандарында болуусу абзел".
Руслан Акматбек: "Азаттыкка" элдин кызыгуусу жоголбойт
"Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөн соңку алты айдан бери элдин, коомдун пикирин угуп, окуп жүрдүм. Акыркы кезде бийлик, мамлекеттик органдар коомду манипуляциялоону өздөштүрүү аркылуу сөз эркиндигин чектеген демилгелерди күчтөндүрүп атат. Сөз эркиндиги мыйзам менен гана эмес, иликтөөлөргө каршы туруш үчүн мамлекеттик ЖМКларды колдонуп, эркин медиа менен кайраштырууда. Азыркы ааламдашкан доордо такталбаган, чындыкка дал келбеген, манипуляциялаган маалыматтар абдан көбөйүп кетти. Ошондуктан коомдо азыркы учурда "Азаттыкка" болгон кызыгуу эселеп өстү. Анын үстүнө коомчулукта чындыкты айткан, маселени анык көрсөтүп берген ЖМКлар барган сайын азайып баратканы да буга дагы бир себеп болууда. Коомчулуктун өзгөчөлүгү - бир нерсени жашырган сайын алар чындыкка жетүүнүн жолдорун издей баштайт. Ошондуктан азыр эркин журналист, эркин блогерлердин контентине болгон кызыгуу барган сайын артып барат. "Азаттыкты" жабуу менен алар күткөнүнө жетпейт. Себеби, бул медиада иштеген ондогон журналисттер эркин, өз алдынча кабарчы катары иштей баштайт, алардын ар бири сынчыл көз караштагы контент жаратып, чындыкты айткандардын саны азыркыдан эселеп көбөйөт. Мисалы, Орусияда эмне болду, азыр алардын абалы кандай? Орусиянын бийлиги "Эхо Москвы" өңдүү медиаларды жаап, сын айткандарды тынчытабыз деп ойлогон. Бирок чынына келгенде андай жыйынтык болгон жок. "Эхо Москвынын" журналисттери чыкты да өз алдынча маалымат булактарына айланды, алар күчтүүлүгүн көрсөттү. Ошондуктан интернет доорунда чектөө, сөз эркиндигин кысуу деги эле мүмкүн эмес экен. Азыр "Азаттыкты" жаап койсо даа коомдун туура, так, чын маалыматка болгон талабы ошо бойдон калат. Биздин өлкө революцияларды башынан өткөрдү, бизде маселе айтылганда гана чечилген абалга келгенбиз. Бир нерсе чечилиш үчүн резонанстуу болуусу керек, жашыруу мүмкүн эмес. "Азаттыкты" күркүрөп турган Советтер Союзу да жаба алган эмес, радио ошондо да угарманын жоготкон эмес. Эми азыр окурманын же угарманын жоготот бекен, албетте жок. Сот менен токтотом деген ой жыйынтык бербейт, бул дээрлик мүмкүн эмес".