Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:17

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

10:00 27.4.2023

10:08 27.4.2023
Миржан Балыбаев.
Миржан Балыбаев.
"Азаттык" Кыргызстанда жабылса эле ал тыйылып унчукпай калабы?
Менеджемент (башкаруу) адистигин жаңыдан окуй баштаган биринчи курстун студенттерине өтүлгөн сабактардын бири SWOT-анализ деп аталат. Аны чечмелениши:
- Strengths (күчтүү жактары),
- Weaknesses (начар жактары),
- Opportunities (мүмкүнчүлүктөр),
- Threats (коркунучтар)
Чечим кабыл алууда ушул төрт факторду эске алуу керектиги айтылып, алар ичтен жана сырттан таасир этүүчү болуп экиге бөлүнөт.
- ИЧКИ ФАКТОРЛОР:
* Күчтүү жактары (артыкчылыкты камсыздоочу ички факторлор)
* Начар жактары (маселе жаратуучу ички факторлор)
- ТЫШКЫ ФАКТОРЛОР:
* Мүмкүнчүлүктөр (келечектеги өсүш үчүн пайдаланууга боло турган тышкы факторлор)
* Коркунучтар (максатка жетүүгө тоскоол болуучу тышкы факторлор)
"Азаттык" жабылды дейли. Мындай чечимден кийин анын үнү Кыргызстанга жетпей калабы?
Ооба, буга чейинки радио жыштыктарында, теле-эфирде "Азаттык" чыкпай калат.
Бирок, башка радио толкундарда, спутник аркылуу, эң башкысы интернетте кала берет.
Тыюу салынгандан кийин "Азаттыктын" популярдуулугу мурдагыдан дагы өсөт.
"Азаттыктын" редакциялык саясаты илгерки "кансыз согуш" учурундагыдай курч, келишкис маанайда боло баштайт. Ташы калдыбы, анысыз деле кайрадан "вражеский голос" болуп калышса сыпайылыктын кереги эмне. 50-60 жыл мурдагыдай Мюнхенден сүйлөгөн "Азаттык" кайра жаралат. Анткени Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын аткаруудан "Азаттык" толук бошойт. Бир тараптуу, өтө курч, анык пропагандисттик маалыматтарды бере баштайт. "Азаттыктын" кабарчылары Кыргызстандын аймагында расмий түрдө иштей албай калышат, анын натыйжасында текшерилбеген, ырасталбаган бир жактуу маалыматтарды бере баштайт. Кыргызстанда расмий кабарчылары болбогондуктан, ар бир активдүү жаран, саясатчы кабарчы болуп калат.
Смартфону бар ар бир кыргызстандык "Азаттыктын" потенциалдуу кабарчысына айланат. Эми элестетип көргүлө, кандай гана видеолор, маалыматтар чыга баштайт...
"Азаттыктын" интернет-сайттарына бөгөт коюлса дагы VPN, мобилдик тиркемелер турганда ал проблема деле эмес.
Совет мезгилинде "душмандын үндөрү" болгон радиостанцияларды СССР аймагында угузбаш үчүн жүздөгөн атайын "глушилка" станциялар иштеп турган. Ошондо дагы алар ири шаарларды гана жаап, айыл-кыштактарда "Азаттык", "Би-Би-Си" ж.б. "вражеский голосторду" кадимки транзистордук радиодон угуп отурушчу.
Ошентип, "Азаттыктын" Кыргызстандын аймагында расмий иштөөсүн токтотуу менен анын үнүн басып угузбай, көрсөтпөй, окутпай коюу мүмкүн эмес экенин көрүп турабыз.
"Азаттыкты" жабуу - эл аралык деңгээлде репутациялык жоготууларга, инвестициялык рейтингдердин төмөндөшүнө алып келээри дагы турган иш.
10:09 27.4.2023

10:11 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG