- Strengths (күчтүү жактары),
- Weaknesses (начар жактары),
- Opportunities (мүмкүнчүлүктөр),
- Threats (коркунучтар)
- ТЫШКЫ ФАКТОРЛОР:
* Мүмкүнчүлүктөр (келечектеги өсүш үчүн пайдаланууга боло турган тышкы факторлор)
* Коркунучтар (максатка жетүүгө тоскоол болуучу тышкы факторлор)
"Азаттык" жабылды дейли. Мындай чечимден кийин анын үнү Кыргызстанга жетпей калабы?
Ооба, буга чейинки радио жыштыктарында, теле-эфирде "Азаттык" чыкпай калат.
Бирок, башка радио толкундарда, спутник аркылуу, эң башкысы интернетте кала берет.
Тыюу салынгандан кийин "Азаттыктын" популярдуулугу мурдагыдан дагы өсөт.
"Азаттыктын" редакциялык саясаты илгерки "кансыз согуш" учурундагыдай курч, келишкис маанайда боло баштайт. Ташы калдыбы, анысыз деле кайрадан "вражеский голос" болуп калышса сыпайылыктын кереги эмне. 50-60 жыл мурдагыдай Мюнхенден сүйлөгөн "Азаттык" кайра жаралат. Анткени Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын аткаруудан "Азаттык" толук бошойт. Бир тараптуу, өтө курч, анык пропагандисттик маалыматтарды бере баштайт. "Азаттыктын" кабарчылары Кыргызстандын аймагында расмий түрдө иштей албай калышат, анын натыйжасында текшерилбеген, ырасталбаган бир жактуу маалыматтарды бере баштайт. Кыргызстанда расмий кабарчылары болбогондуктан, ар бир активдүү жаран, саясатчы кабарчы болуп калат.
Смартфону бар ар бир кыргызстандык "Азаттыктын" потенциалдуу кабарчысына айланат. Эми элестетип көргүлө, кандай гана видеолор, маалыматтар чыга баштайт...
"Азаттыктын" интернет-сайттарына бөгөт коюлса дагы VPN, мобилдик тиркемелер турганда ал проблема деле эмес.
Совет мезгилинде "душмандын үндөрү" болгон радиостанцияларды СССР аймагында угузбаш үчүн жүздөгөн атайын "глушилка" станциялар иштеп турган. Ошондо дагы алар ири шаарларды гана жаап, айыл-кыштактарда "Азаттык", "Би-Би-Си" ж.б. "вражеский голосторду" кадимки транзистордук радиодон угуп отурушчу.
Ошентип, "Азаттыктын" Кыргызстандын аймагында расмий иштөөсүн токтотуу менен анын үнүн басып угузбай, көрсөтпөй, окутпай коюу мүмкүн эмес экенин көрүп турабыз.