Өзбекстанда латын алфавитинин өзбек тилине ылайыкташкан вариантынын жаңы долбоорун коомчулук кызуу талкууга алууда.
Өлкөнүн Илимдер академиясы иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору өкмөттүк мекеменин расмий интернет барагына (regulation.gov.uz) быйыл 16-мартта жарыялангандан бери интернетте ар кыл пикирлер билдирилип жатат.
Жаңы өзбек латын алфавити 26 тамга, бир тамга айкашы (ng) жана бир апострофтон турат жана буга чейин түрк тилдүү өлкөлөр колдонгон алфавитке кыйла ылайыкташтырылган.
Мисалы, долбоордо каткалаң Ғ ғ тамгасы Ḡ ḡ, ал эми Ў ў тамгасы - Ō ō, үнсүз Ш ш тамгасы - Ş ş, үнсүз Ч ч тамгасы - Çç деген тамга менен көрсөтүлгөн.
Өткөн айда Өзбек өкмөтү 2023-жылдан тарта латын алфавитине толук өтүү планын жарыялаган.
Жаңы өзбек латын алфавитинин долбоорун коомдук талкуулоо жүрүмү 31-мартта соңуна чыгат.
Бул жүрүм Өзбекстанда 1993-жылы тиешелүү мыйзамдын кабыл алынышы менен башталган.
Казакстан да латын жазмасына өтүү аракеттерин ыкчамдатты.
Түркиядагы теги кыргыз айдыңдар - Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова жана архитектор, алфавит реформасы жаатындагы өз демилгелүү адис Бахтияр Шаршеев кыргыз латын алфавити боюнча атаандаш варианттарын сунуштап келишет.
Алардын долбоорлору да ич ара талкуу жана макулдашуу аркылуу бири-бириникине жакындатылды жана Кыргызстанда бейрасмий деңгээлде талкууга алынып келет. Бул авторлор Ң тамгасы үчүн кош тамга эмес, Ññ тамгасын сунуштоодо.
Профессор Жумакунова Борбордук Азиядагы үч өлкө - Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан - тамгалардын басымдуу бөлүгү Түркиядагы латын алфавитиндеги жана башка түрк калктарынын заманбап латын жазмасындагы орток тамгаларды пайдалануу менен чөлкөмдөгү орток латын алфавитин түзүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаса жакшы болоор эле деген пикирин 27-мартта "Азаттыкка" билдирди.
Адистердин айтымында, Кыргызстандын мурдагы бийликтери латын жана кирил жазмаларын бир эле мезгилде колдонуу сунуштарын Кремлге байланган саясий нуктун айынан колдоого албай келген. (TT)