Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

COVID-19: Бир күндө үч бейтап кайтыш болуп, 72 кишиден табылды


Карантин шартында жүргүнчүлөрдүн саламаттыгын текшерүү учуру. Чүй облусу. Апрель, 2020-жыл.
Карантин шартында жүргүнчүлөрдүн саламаттыгын текшерүү учуру. Чүй облусу. Апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандын Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабынын 6-февралдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде оорудан Бишкекте бир, Чүй облусунда эки киши каза болду.


Вирус дагы 72 кишиге жукканы лабораториялык жактан аныкталды. Илдет жуктургандардын ичинде Бишкек шаары алдыда - 27 адам. Чүй облусунда - 16, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда -5, Ош облусунда - 4, Ысык-Көлдө - 3, Ош шаарында жана Баткен облусунда экиден, Талас облусунда бир кишиге коронавирус жукканы тастыкталды.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 992 адамды түздү. Анын 81 542си сакайган. Бир күндө 98 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 429 бейтап стационарда, 596 киши үй шартында дарыланууда. Ооруканадагы 32 адамдын абалы өтө оор, 133 кишиники оор, 324 адамдын абалы орто оор, үч кишиники канааттандырарлык деп бааланууда.


Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.

Пандемияда вирустан кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1423 кишини түздү.

18-августка чейин андан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG