Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

«Азаттыктын» подкаст сынагына катышыңыз


«Азаттыктын» подкаст сынагы.
«Азаттыктын» подкаст сынагы.

Урматтуу окурман, «Азаттыктын» подкаст сынагына катышыңыз.  

Коронавирус пандемиясынан улам жашооңуз кандай өзгөргөнүн башкалар менен бөлүшүңүз.

Карантинде кандай жоготууга же зыянга учурадыңыз? Кандай пайдасы, табылгасы болду?

Сиздин көз карашыңызга, жеке пландарыңызга бул күндөр кандай таасир этти? Жашооңуздун маани-маңызы жаңыландыбы?

«Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деген мазмундагы баяныңызды диктофонго жаздырып, (0550) 507 555 номуруна «WhatsApp» же «Telegram» аркылуу жөнөтүңүз же телефон чалыңыз.

Аты-жөнүңүз, жашыңыз, жашаган жериңиз, кесибиңиз, ишиңиз, окуган жериңиз тууралуу маалымат кошконду унутпаңыз.

Сынактын мөөнөтү – 2020-жылдын 1-июнунан 30-сентябрына чейин.

Подкасттын узундугу 30 мүнөттөн ашпашы, тунук жазылышы керек. Үндүн сапаты начар, шоокум коштолгон болсо, кабыл алынбайт​.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

Сиздин аудио баян подкаст түрүндө www.azattyk.org сайтына жана «Азаттык» радиосунун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланат.

XS
SM
MD
LG