"Азаттык" радиосу «Ар бир кесип ардактуу» аттуу фотосынак жарыялайт.
Сынактын максаты - ар бир кесипти даңазалоо жана кандай гана кесип болбосун, ал коомго пайдалуу экенин жеткирүү.
Сынактын шарттары:
- Ар бир катышуучудан бир гана сүрөт кабыл алынат. Фотосүрөт сапаттуу, кимдир бирөөнүн автордук укугуна шек келтирбеген жана башка сайттарда жарыяланбаган болушу керек.
- Жиберилген фотосүрөт кайсы жерде тартылганы көрсөтүлүп, сүрөттөгү каарман тууралуу кыска маалымат тиркелиши зарыл.
- Ошондой эле автор тууралуу да маалымат камтылууга тийиш.
Сүрөттөр 31-декабрга чейин кабыл алынат.
Жеңүүчүлөр 1-январдан 20-январга чейин интернет-добуш берүү аркылуу тандалат.
Эң мыкты сүрөттүн жеңүүчүлөрүнө бир акыркы үлгүдөгү LG G3 уюлдук телефону жана эки wi-fi роутер белекке берилет.
Сынак үчүн материалды 0550 988 -755 WhatsApp номерине жана
jashtar2014@gmail.com дарегине жиберүү керек;
Сурап-билүү телефондору: 31 60 82; 31 61 55; 31 61 63
Сынактын башкы өнөктөшү «O!» уюлдук оператору.
Сынак Адистик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге өткөрүлүүдө.