Урматтуу калайык калк!
Бүгүн өлкөнүн эгемендүүлүк күнү!
Мына Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 23 жыл болду. Бирок ушул жылдар аралыгында мамлекетибиз эгемендүүлүгүн толук 100% колдоно албай келет. Себебин айтпасам да ачык көрүнүп турат. Жеке мага эле эмес, көптөгөн саясатчыларыбызга да, өлкө жетекчилерибизге да, жада калса калктын калың катмарына да маалым.
Эгемендүүлүк белгиси катары алынган туу, герб, гимн бар болгону менен экономикада, аскердик күч жагынан, тышкы саясатта алсызбыз деген ар түркүн ойлорду айтышат. Андыктан бүгүнкү менин кайрылуумда, жараны чукуй бербей, аны дарылоо жолу тууралуу айтууну туура көрдүм. Башкача айтканда эгемендүүлүк бизге канчалык деңгээлде зарыл экендигин жана ушул аты бар заты жок эгемендүүлүктү жоюнун жолун баяндамакчымын.
Албетте, көз карандысыз жашоо суудай керек болгон нерсе. Бул жеке эле мамлекетке эмес үй бүлөгө да тийиштүү маселе. Ушул сөздү айтып жатып, жаш кезим эсиме түштү. Апам менен коноктоп жүрүп, барган үйдөн батырак кеткенге ар дайым шашыла берчү. Апамдын мындай кадамдарын түшүнө албай, өзүмө суроо узата берчүмүн. Көрсө акылы жетик адамга көз каранды болуп жашоо чоң азап экен. Эми мамлекеттин эгемендүүлүгү мындан да маанилүү. Себеби мамлекет ичинде болуп жаткан көйгөйлөрдү (митинг, пикет ж.б.) тышкы күчтүн жардамысыз чечкенге эмне жетсин.
Эгемендүүлүктү өнүктүрүүчү жол төмөндөгүчө:
1. Башкаруу түзүмүбүздү калк каалоосу менен кетирип, башка альтернатива табуу керек.
2. Кыргыз Республикасындагы байлыктарды элге тийиштүүсүн элге, мамлекетке тийиштүүсүн мамлекетке бөлүштүрүү менен экономиканы өнүктүрүү зарыл.
Мына ошондо гана биздин армия күчүнө кирет, саясатчыларыбыз мамлекеттин ички жана тышкы саясатын оңой жүргүзөт.
Алмаз Нурланов, 4-курс