Кыргызстанда акыркы айларда дарыгерге кол салган бир нече уу-дуулуу окуя болду. Ушул эле убакыт аралыгында догдурлардын катачылыгынын айынан бир канча бейтап көз жумду. Мындан кийин саясатчылар, адистер маселени чечүү боюнча өз сунуштарын айтты.
Бейтаптардын өлүмү
Жаңы жыл алдында Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы Алия Кубанычбекованын операциядан ойгонбой калганы коомду селт эттирди. Баланын ата-энеси буга дарыгерлерди күнөөлөп, жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Саламаттык сактоо министрлиги бул факты боюнча комиссия түзүп, милиция Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы”) менен иш козгоду.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, бейтаптын өлүмү наркоздон чыга электе берилген ооруну басаңдатуучу дарыга карата реакциядан же анафилактикалык шоктон улам болгон. Шектүү катары анестезиолог кармалып, кийин Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Медициналык мекемелерге тиешелүү дагы бир чуулгандуу окуя – январдын орто ченинде эки жашар Алихан Кубатбековдун өлүмү. Ата-энеси баланы дене табы 38 градуска көтөрүлүп, дем ала албай кыйналып калганда №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келишкенин, бирок дарыгерлер көңүл бурбай, шалаакы мамиле жасагандыктан бөбөк чарчап калганын айтышкан.
Ошондой эле 2023-жылдын этегинде бейтаптардын өлүмү менен аяктаган бир катар окуялар коомчулукка угулду. Мисалы, 38 жаштагы Азамат Асанкожоевдин жакындары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылып, анын өлүмүнө медицина кызматкерлерин күнөөлөшкөн.
Борбор калаадагы музыкалык мектепте мугалим болуп көп жыл иштеген Раиса Атагелдиева күзүндө жол кырсыгына кабылып, Улуттук хирургиялык борбордун кызматкерлери ага убагында жардам көрсөтпөгөнү жакында белгилүү болду.
“Апамдын сол колу сынганы эч кандай аппаратсыз эле байкалып, салбырап турган. Мен нөөмөттөгү дарыгерди да, жетекчини да таба алган жокмун. Алардын кайда экенин эч кимиси билбейт... Кырсыктын кесепетинен апамдын сол колу, буту, моюн омурткасы сынып, эки капталынан кабыргалары капшырылган экен", – деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысына маркумдун уулу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев.
Баарына дарыгерлер күнөөлүбү?
Кыргызстанда акыркы убакта медицина кызматкерлерине кол көтөргөн окуялар да көп катталды. Алсак, февраль айынын башында Ош шаарында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин сабаган деп шек саналган адам кармалды. Кол салуунун видеосу буга чейин социалдык тармактарга тараган. Дээрлик ошол эле маалда интернетте Бишкектеги Улуттук оорукананын 14 кызматкеринин өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндөгү арыздарынын сүрөттөрү пайда болгон. Ага чейин, 2023-жылдын декабрь айында бул оорукананын нөөмөтчү догдуру Жаркынай Таалайбекти бир бейтаптын жакындары сабашкан.
Бейтаптар жана алардын жакындары медицина кызматкерлеринин үстүнөн арызданса, дарыгерлер өздөрү кандай абалда экенин эске салышты: айлык акы аз, мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилбейт, колдоо көрсөтүлбөйт (турак жай бөлүнбөйт, окууга же квалификациясын жогорулатууга субсидиялар жок ж.б.у.с.), ошондой эле ур-токмокко алуу фактылары көбөйүүдө.
Мамлекеттик жана жеке медицина тармагында тажрыйбасы бар хирург Эрмек Исмаилов кандай гана кырдаал болбосун бир тарапты гана күнөөлөгөн туура эмес деп эсептейт. Ал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында болуп жаткан окуялардын бир нече себебин санап берди:
“Догдурду киши ордуна көрбөгөндөр бар, орой айтканда. Алар кайсы багыттагы адис экенине карабай эле “дарылашыӊар керек”, “силер милдеттүүсүӊөр” деп догуруна беришет. “Догдурсуӊбу – дарыла” дешет. Мындайлар өтө көп. Экинчи себеп калктын медициналык сабатына тиешелүү. Көпчүлүк кеселдер оорусу ашынып, такыр болбой эле калганда келишет да, “ушундай, эми, дарыла, сакайта албасаӊ, каматам, сабап салам ж.б.” деп опузалашат. Ал эми дарыгерлерге келсек, албетте, бул жерде каржы маселеси эӊ орчундуу: айлык аз, жумуш убактысы да чоюлуп кетет – кесиптештеримдин көбү чаалыгып калышат. Ал эми кечинде дарыгердин чарчаганын байкабай, сүйлөшкөнгө шайы келбей калганын гана көрүшөт да, чырдашып калышат.
Анын үстүнө биздин дарыгерлердин атайын макамы жок, ошондуктан ким кааласа кол салат да, эч кандай жазаланбай кала берет. Дарыгерди сабагандар көбүнчө эч кандай жоопко тартылбайт. Аларга жок дегенде чоң өлчөмдө айып салуу керек. Мисалы, депутаттын кол тийбестиги бар. Медициналык кызматкер дагы ошондой корголушу керек. Анткени догдур кеселди өлүмдөн сактап калайын дейт, өлтүрөйүн демек беле. Ошондуктан саламаттык сактоо кызматкерлерине карата коомдун мамилеси өзгөрүшү кажет. Калк арасында агартуу иштерин жүргүзүү зарыл. Атүгүл АКШда деле, жаңылбасам, жыл сайын 800 миңден 1 миллионго чейин медициналык катачылыктар катталат. Башкача айтканда, дарыгер жаӊылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анан ар бир ишти өзүнчө териштирүү керек, анткени биз натыйжаны көрүп жатабыз – ага чейин эмне болгонун, бейтап кандай абалда келгенин эч ким иликтебейт”.
Маектешибиз ошол эле учурда медицина кызматкерлери кол салуу фактылары тууралуу өздөрү кабарлап, кесипкөйлүгүн өркүндөтүшү керек деген талапты туура көрөт.
“Ашыкча чаалыгуудан, үй-бүлөнү багыш керек деген кыжаалат ойлордон жана башка жагдайлардан улам алар кесел менен жайынча сүйлөшкөнгө да алы калбайт. Кээде бейтаптын көӊүлүн жакшы сөз менен эле көтөрүп койсоӊ жетишет... Бирок жетекчиӊиз сизди коргобой, тескерисинче, кысымга алып жатса, анда башка жарандардан кандай мамилени күтүүгө болот?", – деди Эрмек Исмаилов.
Чындыгында Кыргызстанда бүгүнкү күндө бейтаптар каза болуп калган учурда деле дарыгерлерди коргоо зарылдыгын эске алгандар өтө аз. Муну Медициналык көз карандысыз кесиптик кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова да ачык айтып келет.
Kaktus.media сайтына жакында жарыяланган саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды сактоо зарылдыгы тууралуу рубрикасында ал “дарыгерлерди зордук-зомбулуктан коргоп, коопсуздугун ар бир адам өзү эмес, мамлекет камсыз кылышы керектигин” баса белгиледи. "Жаткырып дарылоонун натыйжалуулук көрсөткүчүнө тиешелүү бир суткага чейинки өлүм түшүнүгү бар. Ооруканада жаткан биринчи күндөгү өлүмдүн себеби медициналык кийлигишүүгө эмес, кеселдин жаткырылганга чейинки абалына көбүрөөк байланыштуу деп эсептелет. Бул шарттуу чектер эске алынбай калууда”, – деп кейиди далилдик медицина боюнча эксперт.
Ал Кыргыз Республикасында дарыгерлер дээрлик бардык учурларда кеселдерди 100% аман сактап калууга милдеттүү, аларды уруп-сабай берсе болот деген наадан түшүнүк бар” деп кошумчалады.
Анын пикири боюнча, “саламаттык сактоо уюмдарында жок дегенде медицинага тиешелүү мыйзамдарды көрсөтүш керек, бирок бейтаптар аны билишпейт, анткени ооруканаларда алар жөнүндө жазылбайт”.
“Кезек күтүү, орундардын жетишсиздиги, жумуштун сезондук оорлошуусу, медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөрдү карапайым дарыгерлер чечпейт, бул Министрлер кабинетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин деңгээлинде карала турган маселелер. Бирок кайра эле нөөмөттөгү догдурларды, көбүнчө жаш дарыгерлерди жана башка медайымдарды, санитарларды, күзөтчүлөрдү чачтан алып тепкилеп кирет... Медициналык жардам күтүлбөгөн өлүм менен аякташы мүмкүн, бирок эч ким эч качан атайылап, кара ниет менен өлтүрөйүн дебейт. Тескерисинче, мунун себеби адатта өзгөчө татаал кырдаалдар, диагностиканын кыйынчылыгы, системанын өксүктөрүнө байланыштуу, этиятсыздык, көбүнчө медициналык кызматтардын кароосуз калып, айласы кеткен абалынан улам болот”, – деди Бермет Барыктабасова.
Фейсбуктагы баракчасында ал Кыргыз Республикасынын медицинасында топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолун сунуштады.
“Кыргызстанда дарыгердин бир гана өз жумушу менен алектениши кыйын”
Кыргызстанда дарыгер болуп иштеп, акыркы төрт жылдан бери Австралиядагы ооруканалардын биринде эмгектенген Айпери (аты-жөнү өзүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү – ред.) республиканын саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик департаменттен тышкары дарыгерлерди коргоо боюнча көз карандысыз түзүм да болушу керек деп эсептейт:
“Эки орган болушу керек. Бири дарыгерлердин ишин тескейт – мисалы, Саламаттык сактоо министрлиги протоколдорду бекитип, алардын аткарылышына, медициналык кызматтын сапаттуу көрсөтүлүшүнө көз салат. Кыргызстандыктар дарыгерлерге дайыма эле ишене бербейт, зулумдуктун бир себеби да ушул ишенбөөчүлүккө байланышкан. Ал эми экинчи уюм – саламаттык сактоо кызматкерлерин коргоо боюнча көз карандысыз бирикме. Анткени Кыргыз Республикасында кээде клиника же оорукананын жетекчилери өздөрү кызматкердин укуктарын бузат, айрыкча анын артында өз кишилери жок болсо. Бул бирикмеде дарыгерлердин графиги кандай экенин, нөөмөткө турганын, ашыкча иштегени үчүн канча акы төлөнөрүн ж.б.у.с. көзөмөлдөй турган юристтер болушу керек. Австралияда, мисалы, медициналык бирикмелер абдан күчтүү, алар дарыгерлердин кызыкчылыгын жакшы коргойт. Ошол эле учурда, ал дарыгерлерден дайыма кесиптик камылгасын өркүндөтүп турууну талап кылат, анткени дарылоо үчүн көп интеллектуалдык күч-аракет керек. Башкача айтканда, догдур акчаны кайдан табам, принтер кагазын каяктан алам же төлөмдү кантип текшерем деп баш катырбай, бир гана бейтапты ойлошу керек. Мен кеселдин акча төлөп чек алган-албаганын текшерүү үчүн чуркабайм, мунун баарын такыр башка адамдар жасайт.
Кыргызстанда дарыгердин жумушка гана көңүл бурушу кыйын, анткени ага колдоо көрсөтүлбөйт. Биринчиден, айлык акыны көтөрүү керек, экинчиден, жумушту ар ким өз иши менен алектене тургандай кылып уюштуруу керек. Муну медициналык мекемелердин жетекчилери жана Саламаттык сактоо министрлиги камсыздоого тийиш.
Дарыгер “мен кайсы акчама азык-түлүк сатып алам” деп санаа тартпашы керек, эки ставка менен чуркап, кечке жуук такыр чаалыгып калбашы керек”.
Айпери Кыргыз Республикасындагы дарыгерлердин өздөрү ла кесипкөйлүгүн арттырышы керек, атап айтканда, бейтаптар менен туура сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек деген талапты колдойт:
“Австралиядагы медициналык мекемелерде бардык жерде Zero tolerance to aggression деген чакырык, башкача айтканда, кеселдерге да, медициналык кызматкерлерге да каршы агрессияга такыр жол берилбейт деп эскерткен жазуулар бардык жерлерге илинген. Ал эми бүтүндөй саламаттык сактоо системасынын иши бейтаптын пайдасына багытталган, ошондуктан анын укуктары сакталат. Ошондуктан ал сиздин алдыӊызда өзүн коопсуз сезет, коркпойт, баарын туура түшүнөт. Ар бир дарыгер бейтап менен баарлашуу деген эң маанилүү көндүм боюнча экзамен тапшырат. Алар сиздин кандай угуп, түшүндүргөнүӊүздү текшеришет. Эгерде сиз атайын терминдерди же кесиптештер арасында гана колдонула турган сөздөрдү аралаштырсаӊыз – бүттү, сиз тестирлөөдөн өтпөйсүз. Бирок мен Кыргызстандагы кесиптештеримдин абалын түшүнөм – адегенде жетекчилери “эзет”, анан алар ачуусун бейтаптардан чыгарат. Ошондуктан алардын бул көндүмдөрү калыптанбай жок болот”, - дейт адис.
COVID-19 пандемиясы коомдун медициналык кызматкерлерге канчалык муктаж экенин жана саламаттык сактоо тармагында кадрлар жетишсиз экенин, Кыргызстанда мындай адистер алтынга бергис экенин көрсөттү.
Бирок ошол кезде деле кээде догдурларды кемсинтип, камера алдында кечирим суроого мажбурлашкан учурлар катталды, ак халатчандар өздөрү да “коронавирустук” кенемтелерди төлөтүп алуу үчүн митингге чыгууга аргасыз болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин азыркы жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев кызматка келгенден кийин бул тармакты түп тамырынан реформалоого убада берип, ишти начар медициналык окуу жайларды жабуудан, көп жылдар бою өз кызматтарын аркалаган ири ооруканалардагы башкы дарыгерлерди алмаштыруудан ж.б.у.с. баштады.
Бирок акыркы окуяларга байланыштуу бул министрликте фактыларды иликтөө боюнча комиссияларды түзүү тууралуу айрым билдирүүлөрдү эске албаганда, чындыгында эч кандай сөз болбой келет.
“Азаттык” учурдагы кырдаал боюнча комментарий берүүнү өтүнгөндө, министрликтин басма сөз кызматы расмий суроо-талап жөнөтүүнү суранды, ага жооп 14 жумуш күн ичинде даярдалат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык секторду көзөмөлдөгөн орун басары Эдил Байсалов өткөн аптада Министрлер кабинети дарыгерлерди жана коомдук маанилүү кызматтардын башка өкүлдөрүн кемсинткендердин кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү боюнча “демилгени колдой турганын” билдирди.
“Министрлер кабинетинин жетекчилиги өз сөзүндө күнөөнүн баарын медицина кызматкерлерине, биздин дарыгерлерге жана медайымдарга оодарууга жол берилбей турганын белгилеп келет. Аларга тейлөө кызматкерлериндей караган адатты токтотуп, дарыгерлердин тийиштүү беделин жана жогорку социалдык макамын калыбына келтирүү зарыл”, – деп белгиледи аткаминер.
8-февралда президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнөн дарыгерлерге кол салууга байланыштуу кескин чараларды көрүүнү талап кылган Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин сунушуна ал минтип жооп берди:
“Мындай учурларда унчукпай койгонубуз туура эмес. Акыркы убакта биздин көптөгөн дарыгерлер бул жердеги жумушун таштап, сегиз-тогуз жыл окуганына карабай Орусияга кетип жатышат... Жакында бир жаш дарыгер “жарнамада троллейбустун айдоочуларына эмгек акы 50 миң сомдон кем эмес деп убада кылынат, эмне үчүн биздин айлыгыбыз 14 миң сом” деп нааразы болду. Мына Казакстанда дарыгерлерге кол салгандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат деген мыйзам кабыл алынды. Биз да ушундай чараларды көрүүгө аргасыз болобуз”, – деди ал.