Аялдар тарткан азап көргөзмөдө
Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналды. Аялдардын экономикалык эркиндик темасындагы феминнале көргөзмөсүнө 22 өлкөдөн 50дѳн ашуун сүрөтчүнүн эмгектери коюлган. Заманбап искусство менен коштолгон көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 17 күнгө созулат.