Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:15

Атамбаевдин ишине дагы бир берене кошулганы айтылды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишине дагы берене кошулганын “Азаттык” радиосуна маалымдады. Анын айтымында берене тергөөнүн буйруктарына баш ийбегендиги үчүн кошулган.

- Алар тергөөнүн талаптарына, тергөөнүн чакырууларына баш ийбей жатат деп жазышыптыр, – деди Слесаров.

Азырынча бул кайсы берене экенин укук коргоо органдарынан тактоого мүмкүн болгон жок.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн маалымдаган.

"Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

Жоошев айыпталуучулар менен алардын жактоочулары иш менен толук тааныша электигин, соттон убакыт сурашканын, анын жыйынтыгында жараян 6-декабрга жылдырылганын айткан.

Бул иш боюнча 15-ноябрдагы биринчи соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурум жабык өтөт. Буга иштин 27-томуна тергөө органы тарабынан «купуя сыр» деп жазылганы негиз болгон. «Купуя сыр» деген 27-томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Бул иште андан тышкары 14 адамдын ысымы аталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG