Адамдын деңгээлин аныктоочу көрсөткүч – сөз. Сөз адамды өлтүрүшү да мүмкүн.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери күч алып, президенттик жарышка аттанган 18 талапкер чама-чаркына жараша эл менен жолугушуу өткөрүп жатат.
Дароо эле байкаганыбыз, президенттикке ынтылып жаткан азаматтардын көпчүлүгүнүн көксөгөнү ал кызматка жетүү эмес экен. Айрыкча эл арасында анча белгисиздери саясий тажрыйба топтоо үчүн, экинчи жагынан өз программаларын элге жеткирүү максаты менен, үчүнчүдөн негизги атаандашка каршы тура ала турган адамдар бар экендигин далилдөө үчүн, айрымдары кийин кандайдыр бир саясий, экономикалык соодалашуудан үмүттөнгөндөй таасир калтырат.
Акыркы күндөрү көзгө орой көрүнгөнү, президенттик кызматка ат салышкан талапкерлердин жолугушууларда биринен экинчиси өтүп ат мингендери, аны менен коштолгон кошоматчылык элди абдан эле иренжитти. Социалдык тармактарда ушундан улам “пахта коюу” менен кошоматчылык кылуу темасы кызуу талкууланып жатат.
Эл менен жолугушуулар мындан он, беш жыл кандай өтүп келсе, дал ошондой нукта эле уланып баратат: аймактын өзгөчөлүгүнө жараша убадалар, мурунку жетекчилер жасагандардын бардыгын жокко чыгаруу, чыныгы элдик бийликти эми өзү келгенден кийин гана орнотуу, акыйкат, бакубат жашоону куруп берүү сыяктуу эзели ишке ашпай турган жалындуу сөздөр дагы деле айтылууда.
Өзгөчө көңүл бура турган абал, талапкерлердин сүйлөө маданияты, бири-бирине мамиле кылуу маданияты да аргасыз алакан жайдыра турган абалда экени ойлондурат. Белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков Жетим-Тоо кени тууралуу пикирин билдирди эле, негизги талапкер ага абдан одоно жооп кайтарды. “Сен”, “саткын”, “паракор”, “акмак”, “бузуку” деген сөздөрдү колдонду.
Эми таразалап көрөлү, Ишенбай Кадырбеков Жетим-Тоо кенине керек болсо СССР убагында да кийинки муундар үчүн атайын кармап тийбей келишкенин, азыр болсо анын лицензиясын кытайлыктарга берип салышканына тынчсызданганын билдирип жатат. А талапкер болсо ага салмактуу жооп кайтаруу ордуна керт башына одоно асылып жооп кылды. Президент боло турган адамдын деңгээли ушундай болобу?!
Дегеле мамлекет башчысы болчу адамдын билими, тажрыйбасы, дүйнө таанымы заман менен теңтайлашкан, жок эле дегенде жарым жыл алдыга көрө билген, ошого жараша баам-парасаты бар адам болушу керек эмеспи. Жарым айдан кийин мамлекет башкара турган адамдын лексикасы көчө кебине айланып, бирөө каршы пикир айтса ага маданияттуу, оппонентти сыйлоо менен жооп кайтаруу ордуна “сен ким элең”, “акмак, бузуку” деген сөздөрдү колдонушу жаман көндүм болуп баратат.
Эл, айрыкча аткаминерлер мамлекет башчысы боло турган адамга карата түздөнөрүн, керек болсо туурай тургандыгын талапкерлер такыр эстен чыгарып койгондой.
Дагы бир мисал, мурда атайын кызматта жетекчи болуп иштеген талапкерге “өзүнүн камаларын билип ушуну айтып жатат” деп жооп кайтарды негизги талапкер. Мунусу ажаан абысындардын айтышындай эле таасир калтырды. Саясий маданиятты калыптандыра турган адамдар ушундай деңгээлге түшүп жатса, башкалар тууралуу эмне айтууга болот?
Шайлоочулар менен жолугушууларда “ууруларды кустуруу” жөнүндө да көп айтылып жатат. Бул жерде кыргыз тилин жарды көрсөтүү менен анын кадырын түшүрүп жаткандыгын билишсе кана, атаганат! Бир жолу удулу келгенде айтылган сөздү кайра-кайра колдонуу болгондо да адамды жийиркенте турган сөздү кайталоо - аткарыла турган ишке салмак кошпойт.
Дегеле бийликте жүргөн төбөлдөр сынды такыр көтөрө алышпайт. Бир топ убакыт мурда дагы бир чуулгандуу депутат Акылбек Жапаров жаңыдан чыгып келе жаткан жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун сынына теригип, ага карата “канчык” деген сөздү колдонгон.
Кыргыз эли илгертен сөз багып, сөздү баалап, сөзгө жыгылып келген эл дейбиз. Азыр болсо демейки көчө сөздөрү мамлекеттик жетекчи боло тургандардын күнүмдүк лексиконуна айланды.
Айтор, мамлекеттик жетекчи боло тургандардын да, элдин да маданий, руханий деңгээли жетээр жерине жетти, болушунча түштү. Эми аны кантип көтөрүш керек, бул чоң маселе. “Сөзү оңолгондун иши оңолот”, “Оюңда эмне турса оозуңдан ошол чыгат” деп айтылып келгендей адегенде ойду, сөзүбүздү оңдобосок, сөз аркылуу кайрашуу, тирешүү, каршылашуу кете берсе, эл арасында оңолгус жарака кетиши ыктымал.
Бири-биринин өткөн иштери боюнча жарасын чукуп аброй топтоп, рейтинг жогорулатуу максаты болсо, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.
Мамлекет башчылыгына умтулуп жаткандар сөз маданиятына олуттуу маани берип, өз казанында эле кайнаган майда ушак деңгээлиндеги кеп-сөздөн арылышы зарыл. Талапкерлер жалпы элди кандай зор идеялардын айланасында бириктирүүгө болоруна, Кыргызстан жок дегенде он жылдан кийин экономика, алдыңкы технологияны колдонуу, билим деңгээли боюнча кайсы тепкичте болору сыяктуу алдыга сүрөгөн ой, идеялардын тегерегинде маданияттуу ой айтууга, чакырууга милдеттүү.
Аскер Сакыбаева,
журналист.
(Автордун көз карашы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)