Президенттик жарышта төртүнчү орунда келген талапкер Мыктыбек Арстанбек “Нур” аттуу партия түзүп, парламенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Мыктыбек Арстанбек шайлоодогу үгүт компаниясында диний баалуулуктарга басым жасаган.
Бирок ошол эле маалда Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган өлкө” деп жазылган.
Партиянын багыты кандай?
Мыктыбек Арстанбек “Нур” деп аталган саясий партиянын түзүлгөнүн жарыялоо үчүн 14-январда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, партиянын багыты жөнүндө азыноолак айтып берди.
Ал партиянын катары толукталгандан кийин курултай өткөрүп, толук программасы иштелип чыгарын билдирди.
Мыктыбек Арстанбек партиянын өзгөчөлүгү катары каада-салт, диний баалуулуктар дагы камтыларын атады.
«Биздин партия диний негизде деген жокпуз, демократиялык негизде дедик. Бирок биз диний баалуулуктарды сөзсүз колдонобуз. Элибиз динчил. Балким буга чейин бир дагы партия диний, салттык негиздерди колдоно албаганы үчүн эч кандай жол тапкан жок. Биз дагы бир кылып көрөлү. Эч кандай радикалдуулук жок, жашырынбай намазыбызды окуп жатабыз. Ак үйгө чейин намазканаларды куруп салдык. Ачык эле элдик талкууга алып чыгып, шариятта ушундай нерсе бар экен, карап көрбөйлүбү. Эл талкуусуна алып чыгып сунуш кылганга аракет кылабыз. Өтпөсө өтпөйт», - деди Мыктыбек Арстанбек.
Мыктыбек Арстанбек журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзү диний ишмер эмес экенин жана ал түзгөн партия мыйзам чегинде иш алып бара турганын белгиледи.
Динге басым жасаган талапкер
Диний көз караштагы журналист катары таанымал Мыктыбек Арстанбек 10-январда өткөн президенттик шайлоого ат салышып катышып, үгүт иштеринде ислам баалуулуктарына басым жасаган. Ал талапкер катары Коомдук биринчи каналдагы дебаттардын биринде мусулмандар ага добуш берүүгө тийиш экенин айтканы бар.
«Мен мусулман элинин уулумун жана менин элим жаратуучунун алдына барганда “Ээ, аллахым, мен сенин диниңди тандамакмын, сенин диниң үчүн добуш бермекмин” десе, “эч ким чыккан жок” деп өксүбөсүн дегем. Бул менин миссиям болчу. Эгер мусулман эли өзүнүн динин жашоого алып келем десе, ага бүгүн мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү шайлоодо эч ким тоскоолдук кылган жок. Эркин тандоо бар. Бул тандоонун анын бул жашоосуна дагы, акыретине дагы тиешеси бар. Мен шайлоочуларыма убада кылам, добуштары бул жашоодо да, акыретте да текке кетпейт», - деген ал.
Ошондой эле берилген бир нече суроого азыркы мамлекеттик системаны бузуп, ордуна жаңы шариятка негизделген системаны куруу сунушун киргизген.
«Динден издебейлиби жаңы системаны? Ата-бабаларыбыз коррупциясыз дин менен эле жашап келген. Жоопкерчилиги бар системаны койбойлубу? Жоопкерчилик - бул жаза. Аткарасың, аткарбасаң жазаланасың. Аны динден башка кайсы система жакшы ишке ашырат? Бүт суроолорго жооп шариятта бар десек, эмнеге аны карабай жатабыз деген суроо бар да. Биз 80% мусулман элбиз. Биздин динибиз эзелтен бери эле биздин жашообузду башкарып келген. Динде бардык суроолор бар. Динде медицинаны, окууну кантип чечсе болот, мамлекетти кантип өзгөртөлү деген суроолорго жооп бар. Ошону бир карап көрбөйлүбү?».
Мыктыбек Арстанбек алдын ала жыйынтык боюнча 1,69%, башкача айтканда, 23 миңден ашык шайлоочунун добушун алып, марага төртүнчү болуп келген. Ошол эле учурда 1 млн. сомдон ашыгыраак каражат жумшап, үгүт кампаниясына аз акча короткон талапкерлердин бири болду.
Саясатка диндин аралашканы кооптуу
Президенттик шайлоодо динге басым жасаган талапкердин партия ачып жатканы саясий чөйрөдө ар кандай талкууланууда.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов өткөн шайлоодогу үгүт иштеринде талапкерлердин динди пайдаланганы көңүл сыртында калганын сындады.
«Ага укук коргоо органдары көңүл буруп, баа бериши керек болчу. Эгерде саясатка дин аралашса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерликтен алып салышы керек эле. Динди пайдалануу өтө жаман тажрыйба», - деди Исмаилов.
Ушундай эле пикирди кармангандардын бири - Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Орозбек Молдалиев.
Талдоочу Молдалиев кыргыз саясатчылары упай топтоо үчүн динди колдонуп жаткан көрүнүш барган сайын күчөп жатканына тынчсызданат. Ал саясатка динди аралаштыруунун кесепетине токтолду.
«Бул коркунучтуу тенденция. Көп мамлекеттер ушул жолду басып өткөн. Саясат менен динди аралаштырган жерде сөзсүз чыр чыгат. Европа эмнеге мамлекеттерин светтик деп түзгөнүнүн тарыхын билебиз. Дин өзүнүн жолу менен жүрүп жатат, демократияга эч кандай тоскоолдук кылбайт. Болгону саясатка аралашпа, бийликке умтулуп, партия түзбө деп койгон. Өзбекстан ислам кыймылы террористтик уюмга айланып кеткенинин себебин унутуп калдык. Аларда да динди таратабыз деген уюмдар чыгып, акырындык менен радикалдаша баштаган. "Дин саясатка аралашканда чыр-чатак чыгат" деген жөн эле сөз эмес. Саясат үчүн христиандардын ортосунда отуз жылдык согуш болгон. Биздин коомдо муну түшүнгөндөр дагы, түшүнбөгөндөр дагы бар», - деди Молдалиев.
Бирок, журналист Шайырбек Абдрахман Мыктыбек Арстанбектин Кыргызстандын башка жарандарындай эле партия түптөөгө, саясий көз карашын ачык айтууга укугу бар деп эсептейт.
«Бир эле Мыктыбек мырза эмес, баарыбыз эле Баш мыйзамдын чегинде иш алып барабыз. Бардык жарандардай эле Баш мыйзамды бузбаган укугун колдонууга акысы бар. Бардык иштерди мыйзам чегинде жасап, өз укугун пайдаланып жатат», - деди журналист.
Мамлекет дин саясатын тескейт
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Мыктыбек Арстанбектин партия түзгөнүнөн кабардар.
Комиссиянын өкүлү Кубанычбек Абакиров Мыктыбек Арстанбек президенттик шайлоодо диний баалуулуктарды ураан кылып чыгып, 23 миңден ашык колдоочу таба алганын моюнга алганы менен бул Кыргызстандын элинин 0,32% гана түзөрүн белгилейт. Ал эми партиянын мыйзамдык жактары боюнча буларга токтолду.
«Биринчиден, Мыктыбек Арстанбек пресс-конференцияда “Нур” саясий партиясы демократиялык принциптеги партия экенин жана өзү эч кандай диний уюмда иштебегенин, диний ишмер эмес экендигин айтты. Бул жаатта анын саясий партияны түзүшүнө жана парламенттик шайлоого барышына мыйзам жол берет. Башка маселе, “Нур” саясий партиясынын жобосу. Ал Адилет министрлигинен каттоодон өткөн болсо, анын жобосунда Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршылык жок экендигин билдирет. Жободо партиянын максаттары жана максатка жетүү жолдору аныкталган. Эгер ошол максаттар менен ага жетүү жолдору өзгөргөн болсо, мыйзамдарга каршы келсе, тиешелүү мамлекеттик органдар чара көрүш керек деп эсептейбиз. Катышуучулар пресс-конференцияда журналисттердин көп суроолоруна так жооп бергенден алыс болду. Азырынча партиянын платформасын өздөрү да так чечип албаганын көрдүк», - деди Абакиров.
Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы партия болбосун Баш мыйзамга туура келбеген аракеттери үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.
56 жаштагы Мыктыбек Арстанбек - 90-жылдардын башында белгилүү тележурналист катары таанылган. Учурда ал «YouTube» каналында диний баалуулуктар жөнүндө лекцияларды жайгаштырып келет. Ошондой эле өлкөдө адал индустриясы багытында иштеп жүргөнү менен белгилүү.