Кыздуу болгон жаш эненин канындагы гемоглобин заты 40 миллиграммдан өйдө көтөрүлбөй, жанында чебелектеп жүргөн апасын катуу азапка салды.
Ал кызына кан куйдуруш үчүн 10 донор издеп, беш адамды араң таап, калганын таба албай кыйналып турган учуру. Кызынын мындай акыбалга түшүп калуусуна ал күйөө баласы менен кудаларын айыптоодо.
Айжан алыскы облустардын бирине турмушка чыгып, кош бойлуулугу алты ай болгуча догдурдун каттоосуна турган эмес. Гемоглобини улам түшө берип, эси ооп жыгылганда кайын журту талма оорулуу экен деп, төркүнүнө жеткирип берген. Күйөөсү болсо туңгучу төрөлөрдө аялын таштап, Индияга дааватка жөнөгөн. Оор абалдагы кыздын апасы бизге буларды айтып берди:
- Күйөөсү муну карабай таштап кетип калыптыр. Кайын журту да карабай койгон. Боюнда болуп, алты айга жеткиче каттоого турган эмес. Улам эле эси ооп жыгыла берген. Мага алып келип беришкенден кийин мен каттоого тургузуп, гемоглобинин көтөрткөнгө аракет кылсам да болбой койбодубу. Эми азыр 37 болуп жатат деп врачтар айтышты. Абалы аябай оор. Эч нерсе ичпей жатат. Догдурлар "эмне кыларыбызды билбейбиз" дейт. Беш кишинин канын алып келдим, "эми дагы беш кишиникин алып кел, плазма куюшубуз керек" дешти.
"Кызыл кан" же гемоглобиндеги эритроциттер азайып, же эритроциттин составындагы темирдин деңгээли түшүп кеткен илдет – аз кандуулук деп аталат. Аз кандуулук айтканга оңой угулганы менен акыркы мезгилде Кыргызстандын аялдары менен балдарын тооруган социалдык эпидемияга айланууда. Мунун себебин адистер туура эмес азыктануу жана ар кандай ооруларда дешет.
Айжан сыяктуу кош бойлуу жана төрөгөн аялдардын азыр дээрлик 70 проценти аз кандуулук менен жабыркоодо. Ал эми жалпы аялдардын 20 проценти өнөкөт анемия илдетине чалдыккан. Кандагы темир деңгээли түшүп кетсе, организмде боло турган белгилерди Кыргыз Улуттук гемология борборунун дарыгери Шербет Жусупова мындайча санады:
- Адам тез чарчайт, эгерде бала же мектеп жашындагы өспүрүм болсо, дене тарбия сабагына катышса же катуу чуркаса энтигүү, демигүү пайда болот. Күзгүдөн адам өзүн караса, өңү кумсарып көрүнөт. Аялдарда айрыкча колун самындап жуугандан кийин терилери бырышып, кургап, май сүйкөп башташат. Анан тырмактар сынып, канчалык өстүрөйүн десе да өспөйт. Ал тургай тырмактарда сызыкчалар, оюктар пайда болот, чач түшөт. Бор, топурак сыяктуу нерселерди жегиси келип, жамгырдан кийинки абада, сырдалган бөлмөдө сырдын жытын жыттап же ацетондун жытын каалап калса, анда кишинин канындагы гемоглобин же темир заты азайып кеткен. Мына ушулар оорунун так белгилери.
Дарылоо туура эмес болуп жатат
Кадыресе аял кишинин канындагы гемоглобиндин өлчөмү 130-145 миллиграмм болсо, анда нормалдуу деп эсептелет. 100-120 миллиграмм анемиянын, же темир жетишсиздигинин биринчи стадиясы, 80-100 миллиграмм экинчи стадиясы, ал эми 60-80 миллиграмм өтүшүп кеткен оор, үчүнчү стадиясы болуп, андан төмөнкү топту адистер кома абалындагы анемия деп аташат да, ага тез арада кан куюу жана күчтүү темир дарыларын саюу сыяктуу дарылоо жүргүзүлөт.
Адис Жусупова анемиянын барган сайын арбып, азыркыдай массалык абалда болуусунун себептерине мындайча токтолду:
- Бойго жеткен аялзатынын же төрөт жашындагылардын айыз каны ай сайын кетип турат. Ошол кан менен кеткен гемоглобинди туура тамактанып, жеген-ичкен азык аркылуу ордун толтуруп, теңдеп туруш керек. Ал эми балдардагы аз кандуулуктун себеби болсо, алар өсүп жатат да, анан аларга улам кошумча азык керек. Кээ бир кишилердин ашказанындагы кычкылдуулугу азайып кеткен болот. Ошондон да анемия келип чыгат. Кош бойлуу кезде да эненин организми өзгөрүп, балага бир топ микроэлементтер керек болот. Ошондо да темирдин деңгээли азаят.
Аз кандуулукту дарылоонун бир топ жолдору жана дарылары бар. Бирок адистин айтымында, дарыларды өз убагында, белгиленген өлчөмдөн аз же көп эмес, туура норма менен ичкенде гана натыйжасы жакшы болот. Бизде болсо оорулуулардын көбү бир куту дары ичкенден кийин аны улантпай таштап коюп, гемоглобин 70-80 миллиграмм болуп гана жүрө берет дейт адис:
- Дарылоодо менин байкашымча адис врачтар да көп катачылык кетирип, оорулууларга дарыны маалы менен туура ичүүнү үйрөтпөй жатышат. Маселен “Тардеферон” сыяктуу бир дарынын бир кутусу бир аптага жетет. Ал 400-500 сом, ушундай дарыдан кеминде үч ай ичиш керек. Биздин бейтаптар болсо бир апта ичип эле, канын текшертип, көтөрүлбөсө жарабайт экен деп таштап коюшат. Анан дарыны ичкенде адамдын заңы карарып, башы айланат. Ушундан коркуп да ичпей таштап салышат. Адистер дарынын өзгөчөлүктөрүн элге жакшылап түшүндүрүп, туура дарыласа жакшы болмок.
Аз кандуулуктан рак оорулуу балдар көбөйүүдө
Гемолобини төмөн энеден төрөлгөн балдар да оорулуу болуп, алардын акыл-эсинде, жалпы саламаттыгында бир топ кыйынчылыктар жаралат. "Акыркы мезгилде балдар арасында рак илдетинин арбып жатуусу да энелердин канындагы кычкылтекти ташуучу гемоглобиндин азайып кетүүсүндө", - дейт балдардын онколог-врачы Дамира Байзакова:
- Адамдын канында кычкылтекти ташыган гемоглобин же кыргызча айтканда, "кызыл кан" заты азыркы тапта аялдардын дээрлик баарында жетишсиз. Ушунун айынан гемоглобини төмөн энелереден рак менен ооруган балдар төрөлүп, балдардын майып болуусу артып жатат.
Гемоглобинди көтөрүү үчүн дарылардан тышкары туура тамактануу зарыл экенин догдурлар тынбай айтышат. Тамактын курамында эт азыктары, компот, мөмө ширеси жана бозо сыяктуу дан азыктарынан жасалган кычкыл суусундуктар болушу керек. "Кыргыздарда тамак менен чайды аралаштырып ичүү маданияты да кандагы темирдин жуулуп кетүүсүнө шарт түзүп жатат", - дейт Шербет Жусупова
Аз кандуулук биринчиден жалпы иммунитетти алсыздандырат. Адам алсырап, тез чарчап, териси кургап, тырмагы, чачы түшөт. Териде дерматит, экзема сыяктуу ар кандай жаралар, ыйлаакчалар пайда болот. Нерв системасына да тескери таасирин тийгизип, адамдын ачуусу чукул болуп, ыйлагысы келет, депрессияга учурайт, эң эле коркунучтуусу кардиомиопатия оорусу пайда болот.