"Шаардын баары эле Алмазбек Атамбаевди колдойт, 2010-жылы деле аны колдогонбуз", - деди Нарын облусунун администрациясынын имаратына жакын паркта эс алып отурган пенсия жашындагы аксакалдардын бири. Бирок анын минтип айтканын жанындагы курбалдаш шериги жактырбады. "Эмне дейсиң? Бийликтегилердин баарын кетирүү керек. Жаңы муундагы саясатчылардын өлкөнү башкара турган кези келди", - деп сөздү бөлүп, талашып-тартыша баштады.
Менин суроом чакан, бирок кызыктуу саясий талкууга жем таштаганына ичимен кымылдап сүйүндүм.
"Атамбаев бизге эмне керек экенин билет", - деп сөзүн улады биринчи аксакал. Бирок ал Атамбаев президенттикке шайланганда "өлкө башчысы партиясыз болушу керек" деген мыйзамга ылайык Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан чыгып кеткенин көңүл жаздымда калтыргандай.
"Сүт фабрикасы бар эле, кирпич заводу да иштечү. Жабылып калды. Эл жумуш таппай Нарындан кетип жатпайбы", - деди экинчи аксакал.
Алардын ушинтип талашып жатканын президент Атамбаев укса болмок деп ойлодум ичимен. Ошол учурда президент Нарынга келгени жаткан.
Нарын шаары - Нарын облусунун борбору. Шаардын калкынын саны болжол менен 45 миңге чамалуу, облуста 250 миңдей калк жашайт.
Шаар өзү абдан көрктүү. Түштүктөн кырка тизилген тоолор аркылуу келе жатып эле, кызыл аскалардын ортосундагы ичке жолдон чыга бергенде алдыңан Нарын шаары капилет пайда болот. Анан бул жакта троллейбус каттамы да бар.
Мен үчүн дагы бир кызык, Нарында мага жолуккандардын дээрлик бардыгы орусча жакшы сүйлөбөйт экен. Тигил эки аксакал менен коштошуп кетип бара жатып жолдон жолуктурган үч аялдын бирөөсү славяндарга окшош болсо да жанындагылар менен кыргыз тилинде сүйлөшүп, мага чала-була орусча жооп берди.
Үч аял тең 4-октябрда шайлоого барабыз дешкени менен 14 партиянын кайсынысына добуш берерин билишпейт экен.
Мен жол боюндагы отургучта беймарал отурган жыйырма жаштагы эки келинге кайрылдым.
- Шайлоодо добуш бересиңерби?
- Мен паспортумду жоготуп ийгем, - деди биринчиси, экинчиси да ушул эле жоопту кайталады.
Бирок бул экөөнүн шайлоого кошкөңүлдүгү Нарында саясий партиялардын үгүт иштери чабал жүрүүдө дегенди түшүндүрбөйт. Шаарды ар түрдүү ураан-чакырыктар, ал тургай “Аалам” аттуу партиясыздардын партиясынын да жарнагы каптап кеткен. Шайлоого катышкан партиялардын сүйүктүү түсү - ачык көк жана кызгылт желекти шаар көчөлөрүнүн бардык тарабынан көрүүгө болот.
Бийликти жаш муунга өткөрүп берүү керек деген идеяны мен Кыргызстандын түндүгүнөн гана уга алдым. Түштүктөн уккан эмесмин.
Эми бала-чакалуу ата-энелерди издеп жөнөдүм. Акыры эки кызды жетелеген жубайларды таптым.
- Добуш бересиңерби?, – деп дароо эле суроо узаттым.
Кыздардын апасы "ооба" деп кыска гана жооп берип, машинесине отуруп алды.
Анын күйөөсү базардан алгандарын тердеп-кургап машиненин багажына салып жатып "Ооба, “Ата Мекенге” добуш берем",- деди. Анын бул сөзүн машинеде отурган аялы да коштоду.
- Эмне үчүн “Ата-Мекенге"?
"Бул партия бизге мектеп, жөлөкпул жагынан жардам берди. Ошон үчүн аларга добушумду берем", - деп, дагы собол узаткыча машинесин от алдырып айдап кетти.
Нарынды аралай басканымда жолдон кезиккен адамдар да “Ата Мекенге” добуш берерин айтып жатышты. Партия лидери Өмүрбек Текебаевдин кадыр-баркы бул жакта бийик ошойт.
Айрымдар Социал-демократтарды айтышты, бирок андан башка партиялар тууралуу укпадым.
Мен бул жерден дагы бир кызыктуу жагдайды байкадым. Кыргызстандын башка аймактарындай эле Нарындын тургундарынын көбү Орусия, Казакстан, ал тургай Түштүк Кореяга чейин иш издеп кеткен экен. Бирок жол четинде токтоп турган жолтандабас жана "Мерседестердин" көптүгүнөн улам Нарындын элинин жашоо-шарты жакшыраактай көрүндү. Муну көптө барып араң байкадым. Элдин көбү автоунаалуу экен.
Ушундан улам Нарындагылар бийликтеги партияга эмнеге добуш берип жатканын түшүнсө болот. Шаар Кыргызстандын башка жерлерине караганда байгер жашап жаткандай.
Нарындын экономикасы тууралуу айдоочум Данияр менен сүйлөшсөм, ал мага күтүүсүз жооп узатты:
- Анткени Нарын облусунда жылкы абдан көп. Аны сатып, көп акча тапсаң болот, - деди ал.
Чын эле, Нарын облусунан үйүр-үйүр жылкыларды көп көрдүм. Ар бир чокуну ашкан сайын, оттоп жүргөн жүздөгөн жылкыларды кезиктирип жаттык.
Нарындагы элдин көбүнүн жол тандабас машинени минип жүргөнүнө так ушул жылкылар себеп болуп жатканы мени ынандырбаса да, жол боюндагы кыштак жашоочуларынын көбү шайлоого барарын, өзүнө жаккан партиясын тандап алганын байкадым. Шайлоо күнүндө да ушул элдин баары добуш берип жатканын көргүм келди.
Кийинки сапарым Кыргызстандын бермети атыккан Ысык-Көлгө болмокчу.
Брюс Паниердин шайлоо күндөлүгүн кыргызчалаган Бактыгүл Чыныбаева