Алматы шаарынан 50 чакырымдай алыс жердеги ээн талаада коронавирустан көз жумгандар үчүн атайын көрүстөн ачылган. Анда жерге берилген маркумдардын көбү каза болгондордун расмий тизмесине кирген эмес. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги расмий жооп бере элек. Кабарчылар көрүстөндөн 32 жайды санап чыгышкан.
Бети-башынан бери чүмкөнө кийинген адамдар табытка салынган сөөктөрдү алдын-ала даярдалган жайга беришти. Сөөк көмөрдүн алдында жайга хлор чачышты. Анан табытты жайга жаткырып, топурак менен көөмп, үйүлгөн дөбөгө маркумдун аты-жөнү жазылган тактаны орнотушту. Бул жолу эки сөөктүн бири мусулмандардын көрүстөнүнө, экинчиси христиандардыкына коюлду.
Бийликтин расмий маалыматы менен көмүлгөндөрдүн санында эмне үчүн айырма болуп жатканын көрүстөндөн кезиктирген жумушчулар түшүндүрүп бере алышкан жок. «Биз жөнөкөй жумушчуларбыз», - деген эркектер эки сөөктү жерге берген соң, коргоочу костюмдары менен мээлейлерин ошол жерден өрттөп салып, көрүстөндөн узап кетишти.
Көрүстөндөгү 22 сөөктүн табышмагы
Жаңы эле энесин түбөлүк жайына берген Надежда - Алматынын тургуну. Анын 73 жаштагы апасы эки жума мурун ооруп калган. Аялга «өпкөсү сезгенген» деген диагноз коюлган. Ал коронавирус илдетине кабылганын жакындары көз жумгандан кийин билишкен.
«Абалы начарлай бергендиктен «Тез жардам» чакырганбыз. Ишемби күнү түш ченде алып кетишкен. Биз кийимдерин жеткиргиче эле каза болуп калыптыр. Дарыгерге чалсак, ооруканага түшкөндөн кийин абалы кескин начарлап, өмүрүн сактап кала алышпаганын айтты. Алар сөөктү дароо моргго жиберишкен. Моргдон COVID-19га тест алышат экен», - деди энесин жоктоп, көз жашын сүрткөн Надежда.
Анын агасы Николай энесинин өпкөсү сезгенгени жана СOVID-19 табылганы тууралуу дарыгердин тастыктамасын көрсөттү.
Бири-бирине катар жайгашкан бул эки көрүстөндө жаткандардын 22си коронавирустан каза болгондордун расмий тизмесинде жок. Мусулмандардын көрүстөнүндө 13, ал эми христиандар тарабында 17 маркумдун жайы турат. Жыгач тактага ар биринин аты-жөнү жазылып, апрель-май айларында көз жумганы көрсөтүлгөн. Маркумдардын көбү 60-70 жаштарда экенин тактадагы жазуудан билсе болот.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Бурабекова айрым учурларда коронавируска кабылгандардын өлүмүнүн себеби башка дарттан улам деп табыларын түшүндүрдү.
«COVID-19дан өлгөндөрдүн расмий саны менен көмүлгөндөрдүн саны эмне үчүн кескин айырмаланат?» деген суроого казак Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Тимур Султангазиев кыска гана жооп берди:
«Алматы облусундагы атайын көрүстөнгө коюлган 22 адамдын өлүмүнүн негизги себеби - коронавирус инфекциясы эмес».
Султангазиев ошондой эле министрлик COVID-19дан көз жумгандарды атайын көрүстөнгө коюуга тапшырма бербегенин кошумчалады. «Муну ар бир аймак же шаар бийлиги өз алдынча чечет», - деди министрликтин өкүлү.
Султангазиев билдиргендей, атайын комиссия алардын эмнеден өлгөнүн аныктап, өз бүтүмүн министрликке жиберет жана медиа каражаттарына «толук маалымат берилет».
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу түзүлгөн комиссия адам түздөн-түз коронавирустан эмес, башка өнөкөт илдеттен көз жумганын аныктаса, андайлар расмий статистикага кошулбайт.
Казак бийлигинин расмий маалыматына караганда, 26-майга карата 8969 адам коронавируска чалдыккан, ал эми көз жумгандар 35 кишиге жетти. Министрлик түздөн-түз коронавирустан көз жумгандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык COVID-19дан каза болгондордун баары башка дарты бар-жогуна карабай расмий статистикага киргизилиши керек. Эл аралык уюмдун сунушуна ылайык, инфаркттан жана оор жаракаттан көз жумгандар гана бул статистикага кошулбайт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.