Ушундай эле көрүнүш эки жыл мурда Нарын облусунун башка аймактарында да өзгөчө колдоого алынган. Бирок убакыттын өтүшү менен бул айылдарда кайра эле ичкилик сатыла баштаган. Ошол эле убакта адистер аракты мындай жол менен тыюу мүмкүн эмес экенин айтып келатышат.
Жарым жыл мурда башталган мындай демилге Ак-Талаа районундагы айылдардын дээрлик жарымынан колдоо тапты.
Азыр Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Көңорчок, Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Терек айылдарында арак сатылбай калды. Ал эми Тоголок Молдо айылы өкмөтү дүкөндөгү аракты сатып түгөтүү үчүн сатуучуларга бир ай убакыт берди. Макулдашуу боюнча аталган айылда да ушул жылдын 1-апрелинен тартып арак сатылбай калат.
Бул демилгени айылдын жаштары көтөрүп, ал айылдык кеңештин чыгарган токтому менен ишке ашууда. Ушундай айылдардын бири болгон Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы Гүлмайрам Үтүгөнова буларды айтты:
- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 31-беренесинде жазылган. Анда коомдун жашоосуна каршы келген ырым-жырымдарга, тамекиге жана спирт ичимдиктерине чектөө киргизүү тууралуу айтылган. Бирок арак менен тамекини таптакыр тыйып коюуга мүмкүн эмес экен. Анткени булар Кыргыз Республикасынын тыюу салынган товарларынын катарынан чыккан жок да. Чектөө гана киргизүүгө укугубуз бар экен. Ошол боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында карадык. Айылдагы дүкөнчүлөр да «сатпайбыз» деп макулдук берип жатышат.
Ушундай эле арак саттырбоо көрүнүшү эки жыл мурда Нарын, Ат-Башы райондорунда да өзгөчө күч алган. Жада калса Нарын районунун Эмгекчил айылынын жаштары ич ара акча чогултуп, айылдагы болгон арак-шарапты 400 миң сомго сатып алып, айылдын четинде талкалап, трактор менен тебелетишкен.
Бирок арадан жарым жыл өтүп-өтпөй айылда ичимдик кайра эле сатыла баштаган. Бул айылдын тургуну Алмаз Сатыбалдиев сатуучулар менен бир пикирге келүү кыйынга турганын билдирди:
- Кайра сата баштаганда дүкөн ээлерине кирип айттык. Алар «насыябыз бар эле, аны кантип төлөйбүз, балдарыбызды багышыбыз керек да» деп коюшту. Мыйзамда жок болгондон кийин биздин сөзүбүздүн таасири жок экен. Бирок арак сатылбай калганда айылда кылмыштуулук кадимкидей азайып калган. Муну биздин айылдагы милициянын аймактык тескөөчүсү да тастыктаган.
Коомдук активист, юрист Эркин Асаналиев арак коомго чындап зыян алып келип жатса, анда ага өкмөт өзү киришмейинче элдин мындай демилгеси эч нерсеге арзыбайт деп эсептейт. Ал аракты таптакыр тыйып салуу мүмкүн эмес деген ойдо. Бирок ал аракечтикти азайтуунун башка да жолдору бар экенин белгиледи:
- Менин оюмча аракты мамлекеттик ишканага өткөрүп бериш керек. Баасын кымбаттатыш керек. Ошондо элдин ичкени азаят. Бирок азыркыдай жол менен эл аракты тыя албайт. Союз учурунда «кургак мыйзам» деген болгон. Эл аракка берилип атканда мамлекет айласыздан ушундай кадамга барган. Ошондо эл жасалма арак жасап ууланган. Арак ичкиси келген киши кайдан болбосун жолун табат.
Антсе да Нарын облустук ооруканасынын психо-наркологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Майсакеева акыркы жылдары Нарын облусунда аракечтиктин азабынан чыга албагандар көп катталып жатканын кеп кылды. Ал аракечтик көбөймөк тургай жашарып да баратканына кейиди:
- 20 жаштагы жапжаш балдар келип жатат. Андан да кызыгы - мурда эркек кишилер арактан башы чыга албай бизге кайрылса, азыр тескерисинче аял кишилер көп. Акыркы убакта Нарын жана Ат-Башы райондорунан көп келип жатышат. Бул азыркы коомдун башкы көйгөйүнө айланды.
Кыргызстандын көптөгөн айылдарында динчил адамдардын демилгеси менен арак-шарап сатууга тыюу салынып жүрөт. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай кабылданууда. Айррым адамдар мындай демилгелерди колдосо, башкалары мындай тыюу салуу аракечтикти азайтпасын жана ишкерлерге бут тосорун айтып келатышат.
Нарын: Эмгекчилде ичимдиктер талкаланды. 13-август, 2017-жыл.