Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.
Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук сотунун чечими менен 158-берене ("Уурулук") менен үч айга эркинен ажыратылган.
Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене ("Тоноо") менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.
Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене ("Карактоо"), 163-берене ("Опузалап талап кылуу") менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.
Учурда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчиликти сезерин айтты. Бекешов министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:
"Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан, сиз, эгер жоопкерчиликти сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок".
Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын "ала качуу" деп атап, апасына телефон чалып тойго камданууга чакырган милиция кызматкерине жаза көрүлүшүн талап кылды.
Парламент ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү тууралуу Улан Ниязбековдун маалыматын укту.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев кызды издөө ишине 200дөй милиция кызматкери тартылганын айтып, милиция кайдыгерлик кылды деген дооматты четке какты.
"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче издедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев.
- автор Токтосун Шамбетов
Айзаданын өлүмү - кыргыз коомунун трагедиясы
Бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди. Бишкекте көчөдөн уурдалып, киши колдуу болгон кыздын өлүмү жүздөгөн адамдарды нааразылык акциясына чыгарды.
Коомчулук кыздын уурдалганына ыкчам аракет көрүлбөгөнүн сындап, ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган адамдардын кызматтан кетишин талап кылууда. Өлкө жетекчилиги кайгылуу окуяны айыптап, ага жооптуулар катуу жазаланарын билдирди.
Айзаданын өлүмү ИИМге сынды күчөттү
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имаратынын жанына чогулгандар чырактай кыздын өмүрү кыйылганына каңырыгы түтөп, министр баш болгон милиция жетекчилеринин отставкасын талап кылып, "Отставка!", "Уят!", "Министр кетсин!", "Жетишет!", "Ала качуу салт эмес!", "Аялдарга сөз!", "Коопсуз мамлекетте жашагым келет!" деп кыйкырып турушту.
Чогулгандар "Дагы канча өлүм керек?", "Шалаакылык үчүн ким жооп берет?", "Мен жашагым келет!" деген жазууларды жана 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн да көтөрүп келишкен.
Шаар тургуну Роза Ырысова каргашалуу кабарды уккандан бери жаны жай албай, көчөдөн элдин көзүнчө уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмүнө ириде милицияны күнөөлөп, коомчулуктун кайдыгер мамилесине нааразы болду.
“Бурулай, Айзада, эми ким? Дагы канчалаган кыздарды өлтүрүп жатышат? Билбейм, сөз жок. Менин кыздарым чоңоюп келе жатат. Мен аны тааныштары менен дагы көчөгө чыгаргандан коркуп калдым. Азыр шаарда жашоо коопсуз болуп калды. Эмоциям үчүн кечирим сурайм, айтканга сөз жок. Кайсы шаарда, канчанчы кылымда жашап жатабыз?”.
Митингчилерге министр Улан Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа берилерин түшүндүрүүгө аракет кылды.
Бирок, чогулган эл “уят”, “кызматтан кеткиле” деп кыйкырып укпай коюшту.
Активист Улан Үсөйүн милициянын шалаакылыгы үчүн премьер-министр, президент дагы жооп бериши керектигин айтып, чогулгандарды өкмөт имаратына баштап келди.
Көзүнө жаш алып эл алдына чыгып сүйлөгөн митингчилердин бири мамлекет башчыларына кайрылып, ички иштер министрин кызматтан кетирүүнү суранды. Жалпы коомчулукка кайрылып, кайдыгер болбоого чакырды.
"Мен жалгыз бой энемин. Эки баланы жалгыз багам. Алимент да албайм. Жетекчилерге "бүгүнкү күндүн айлыгын төлөбөй эле койгула, митингге барам" деп айттым. Жыл башынан бери канча аял союлуп, сабалып өлдү. Ошол жерден сүйрөп атса бир да киши, машине токтогон жок. Биз минтип кайдыгер болсок, эртең биздин да балдар-кыздарыбызга кол салышат. Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз?".
Ушундай эле митинг Ош шаарында да өттү. Анда активисттер милициядан аялдын укуктарын кылдат коргоону талап кылышты.
Бийликтин реакциясы
Көп өтпөй акцияга чогулгандардын алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты. Марипов кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын убада кылды.
"Урматтуу мекендештер! Мен буга кайгырып турам. Кызматтык териштирүү жүрүүдө. Бул маселени президентибиз да карап атат. Бир аз убакыт бергиле. Бул маселе көзөмөлдө. Азыр ким күнөөлүү экени тууралуу эч нерсе айта албайм", - деди Улукбек Марипов.
Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып, киши колдуу болгонун "терең кайгыруу менен кабыл алганын" билдирди.
Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону үчүн сындады. Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди:
"Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн да чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине каршы никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат", - деген Жапаров бир нече жыл мурда ушундай ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды да эскерген.
Милициянын кандуу окуя боюнча маалыматы
Бишкек шаардык милициясынын жетекчилиги 8-апрелде каргашалуу окуя тууралуу журналисттерге басма жыйыны өткөргөн. Анда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.
Ал журналисттердин кандуу окуяга байланыштуу "кызматтан кетесизби?" деген суроолоруна "азыр менин милдетим - кылмыштын бетин ачуу" деп жооп берди.
Матмусаев кызды табуу үчүн милиция болгон аракетин жумшаганын айтып, ыкчам иштер өз убагында кабыл алынганын билдирди. Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев кыздын уурдалганы камерага түшүп калса да, эки күн табылбай калганын мындайча түшүндүрдү.
“Коопсуз шаар боюнча бардык камераларды карап, издеп чыктык. Ак-Өргө жактан чыгып кеткен. Геолокациялар ар кайсы жакты көргөзүп жаткан. Аны түшүндүрүп бере албайм”, - деди.
Айтпаев буларды кошумчалады:
“5-апрелден бери эле Айзаданын да, шектүү Замирбек Теңизбаевдин туугандары менен байланышып турдук. Алардын туугандары экөө "үйлөнөбүз" деп жүргөнүн айтып жатат. Чоң көчөлөрдөгү бардык камераларды карап чыктык. Ал жактан таппагандан кийин жаңы конуштардан карап чыктык”, - деди.
Шаардык милициянын Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кылмыш боюнча буларды айтып берди.
“Машине табылган аймактын тегерегин балдар карап чыккан. Кыз менен жигит сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтан кийин үйлөрдөн, гараждардан издешкен. Машине чычырканак өскөн аймакта токтоп калган экен. Карап чыкканда машиненин эшик-терезеси бек болгон. Маркумдардын телефону жанында болгон. Айзаданын СИМ-картасы телефондун чехолунда калган. Андан тышкары машинеден кагаз кескен бычак табылган. Шектүү аны менен өзүн үч жолу сайган. Кыздын сөөгү азыр экспертизадан өтүп жатат, баштапкы маалымат боюнча ал шектүүнүн футболкасы менен муунтулган”.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев ыкчам иштерди жүргүзүүгө айрым мыйзамдар тоскоол болгонун айтып өттү. Учурда Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып үч киши кармалды.
ИИМдин ишмердүүлүгү парламентте көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев "Ала качуу салт эмес! Ала качуу - кылмыш, зомбулук! Кылмышкерлер жазасын алышы керек!" деген жазуусу бар плакат көтөрүп келди.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилигин сезерин айтты. Бекешев министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:
"Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан сиз жоопкерчиликти сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок", - деди Бекешев.
Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын "ала качуу" деп атап, апасына телефон чалган милиция кызматкерин жазага тартууну талап кылды.
Айзаданын жакындары милицияга нааразы
Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразы. Маркумдун энеси Назгүл Шакенова "Азаттыкка" 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин саат 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.
Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганын, бирок милиция өз убагында реакция кылбай, кызды таппай койгонун билдирди.
"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келе жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы, азыр барам" деди. "Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок" дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. "Иштеп атабыз" деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар?" деп күлдү".
Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Жакындары, тааныш, курбулары аны алдыга умтулган, спорттун волейбол түрүнө кызыгып, ийгиликтерди жаратканын эскерип жатышат.
Маркум бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Энеси аны жалгыз тарбиялаган.
5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.
Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күчкө салып уурдап кетишкен.
Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Замирбек Теңизбаев кызды мурда да бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.
Шектүү жөнүндө маалымат
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда “уурулук”, “тоноо”, “карактоо” беренелери менен мурда үч жолу соттолгонун тактады.
2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортация болгон. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.
Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев журналисттерге басма сөз жыйынында шектүү жөнүндө кыскача маалымат берди.
"Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзүнө караганда, ал Орусияда соттолуп, алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батирди ижарага алып жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келгенин туугандары айтышты. Бул маалымат текшерилип жатат", - деди Айтпаев.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жатат. Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат.
Шектүү 1985-жылы Ош облусунда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Айылдаштарынын айтымында, алар үй-бүлөсү менен көп жыл мурда көчүп кеткен.
- Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрү табылган учурда тартылган сүрөттөрдү интернетке тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сүрөт кандай жол менен тарап кеткенин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштире баштады.
- Айзада Канатбекова менен аны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн биринчи көргөн чабан "Азаттыкка" окуя тууралуу көргөн-билгенин айтып берди. Ага ылайык, кызыл түстүү жеңил унаа эч ким барбаган ээн талаада бир канча убакыт токтоп турган.
- Айзада Канатбекованы автоунаага күчтөп салып жатканын байкап калып, милицияга маалымат берген күбө "Азаттык" радиосу менен байланышты. Аты-жөнүн атагысы келбеген күбө окуя болуп жаткан кезде жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтоп турган: "Саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур "Фаизанын" (кафе - ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, "балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле" деп өкүнүп жатам", - деди күбө.
- Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу билдирүү таратты. Анда Айзаданын өлүмү Кыргызстанда бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин көрсөткөнү белгиленген. Эл аралык абройлуу уюм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кыздар жана аялдар зомбулуктан тыш, эркин жана коопсуз жашоого укугу барын эскертүүдө. БУУнун өкүлчүлүгү бардык мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн Жазык кодексинин 175-беренеси ("Мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо") боюнча катталган бардык учурларга убагында жана тийиштүү чараларды көрүүгө, натыйжалуу, чукул иликтөөлөрдү жүргүзүүгө чакырган.
- Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай, тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды.
- Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады.